Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 13-февралы № 10
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн аймагындагы жашаган, жөлөк пул алуучуларды аныктоо жана арыз даттанууларды кароо үчүн комиссиянын курамын түзүү жөнүндө
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн пособияга чектелген документтеринин тууралыгын текшерүү жана пособия чектөө үчүн комиссиянын курамын түзүү жөнүндө айылдык кеңештин кезектеги III-сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Терек айыл өкмөтүнөн пособияга кабыл алынган документтерди көзөмөлгө алып, пособия чектөө үчүн айылдык кеңешинде төмөндөгүдөй курамда комиссия түзүлсүн. (№ 1 тиркеме тиркелет)
2. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы жөлөк пул алуучуларынын арасындагы ар кандай нааразычылыктарды калыстык менен дыкаат карап, документацияларын атайын чыккан мыйзамдын жана инструкциялардын негизинде жүргүзүү жагы комиссиянын мүчөлөрүнө милдеттендирилсин.
3. Пособияны кабыл алуу үчүн жаңы келген көрсөтмө боюнча пособиянын документтерин тактап алуу жана кабыл алынган документтерди үч күндүн ичинде түзүлгөн комиссиянын курамына тапшыруу жагы соц.адис К. Жусукеевага милдеттендирилсин.
4. Сунуш кылынган документтерди көрсөтүлгөн көрсөтмө боюнча так текшерип өз убагында текшерүүлөрдү жүргүзүү жана комиссиянын заседаниесинде карап туура көрсөтмөлөрдү берүү жагы комиссиянын курамына тапшырылсын жана туура эмес чечим кабыл алса жоопкерчилиги жүктөлсүн.
5. Даярдалган документтерди кароо үчүн ай сайын ар бир айдын онунчу күнүндө комиссиянын отурумун уюштуруу жагы комиссиянын төрагасына тапшырылсын.
6. Үй-бүлөө жана малы жөнүндө тактамаларды берүү жооптуу катчы Уркуналиевага, жер үлүшү, аренда, жер участоктору боюнча тактама берүү жер адиси Абазов Калыбайга, машина, трактор, тегирмени , камогу боюнча тактама беруу салык инспектору Рысбаев Абдыбапка милдеттендирилсин жана тактаманы туура бербеген кызматкерлерге жоопкеричлиги жүктөлсүн, жер адисинин жана салык инспекторунун берген тактамалары чарба китебинин негизинде берилсин жок болсо чарба китебине түшүрүлсүн.
7. Жарандардын арыз даттанууларына өз убагында тийиешелүү мекеме уюмдар менен бирдикте чечүү жана жоопторун өз убагында берүү жагы комиссиянын курамына тапшырылсын.
8. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
9. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрайым | Ж. Сейдалиева |
Үч-Терек айыл өкмөтүнөн пособияга кабыл алынган документтерди көзөмөлгө алып пособия чектөө үчүн айыл башчыларынан жана айылдык кеңештин депутаттардан түзүлгөн комиссиянын
Тойтиева Жылдыз -кеңештин төрайымынын орун басары
Урматаев Тагай - айылдык кеңештин депутаты
Акаев Алмаз -айылдык кеңештин депутаты
Калматов Нурбек -айылдык кеңештин депутаты
Калманбетова Жыпар -айылдык кеңештин депутаты
Абытаева Анара -айылдык кеңештин депутаты
Кадыров Мурат -айылдык кеңештин депутаты
Жусукеева Гүлбайра -соц.адис
Байышов Асан -айылдык кеңештин депутаты
Сатыбаев Жекше -жайыт комитетинин төрагасы
Талканчиев Чабан -Жетиген айыл башчысы
Келгенбаев Майрамбек -Саргата айыл башчысы
Абазов Калыбай -жер адиси
Жооптуу катчы: Д.Уркуналиева