Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXXIX сессиясы
2016-жылдын 10-ноябры № 4
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдында капиталдык курулуш департаментин ачууга уруксат берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндө мыйзамынын 18-31-62-беренесине ылайык жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү максатында, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 02.11.2016-жылдагы чыг.№06-02/2660-катты шаардык кеӊештин бюджет, экономика, каржы жана салыктар боюнча туруктуу комиссиясында каралып, комиссиянын корутундусунун негизинде жана шаар мэринин баяндамасын эске алып, Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз XXXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык коммуналдык чарба департаментинин жылдык бекитилген сметасынын жана штаттык бирдигинин чегинде Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдында капиталдык курулуш департаментин түзүүгө уруксат берилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы капиталдык курулуш департаментинин Жобосу ушул токтомдун №1-тиркемесине ылайык бекитилсин.
3. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы капиталдык курулуш департаментинин штаттык тизими №2-тиркемеге жана Жалал-Абад шаардык коммуналдык чарба департаментинин жаӊы штаттык тизими №3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Жалал-Абад шаардык коммуналдык чарба департаментинен кыскарган штаттык бирдиктерин Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин жана башка мыйзамдардын ченемдерин сактоо менен кыскартуу жагы мекеменин жетекчисине милдеттендирилсин.
5. Жалал-Абад шаардык коммуналдык чарба департаментиндеги штаттык бирдиктерди, кыймылдуу, кыймылсыз мүлктөдү бөлүштүрүүдөн кийин мыйзамдаштыруу боюнча шаар мэриясынын токтомдору менен жөнгө салуу шаар мэрине (С. Авазовго) милдетендирилсин.
6. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
7. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Э. Ормоков |
| Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 10.11.2016-жылдагы кезексиз XXXIX сессиясынын №4-токтомуна №1-тиркеме |
1.Жалпы жобо.
1.1. Жалал-Абад шаарынын мэриясына караштуу Капиталдык курулуш департаменти (мындан ары –КК департаменти) Жалал-Абад шаарынын мэриясынын (мындан ары – шаар мэриясы) юридикалык жак укугу менен түзүмдүк бөлүмчөсү болуп эсептелет.
1.2. Капиталдык курулуш департаменти Жалал-Абад шаарынын аймагында жайгашкан имараттардын жана курулмалардын, социалдык, маданий тиричилик объектилерин куруу жана капиталдык оңдоо иштерин өткөрүү чөйрөсүндөгү ишмердикти жүзөгө ашырат.
1.3. Капиталдык курулуш департаменти өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорун жана буйруктарын жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Жалал-Абад шаардык кеңешинин токтомдорунун, Жалал-Абад шаарынын уставын, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын токтомун жана буйруктарын, , ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
1.4. Капиталдык курулуш департаменти өз ишинде Жалал-Абад шаардык кеңешине жана Жалал-Абад шаарынын мэрине отчет берип турат.
1.5. Капиталдык курулуш департаментине түздөн-түз жетекчиликти директор ишке ашырат.
1.6. Капиталдык курулуш департаменти юридикалык жак болуп эсептелет, мөөрү, бурч мөөрү жана мамлекеттик герб менен өзүнүн аталышы түшүрүлгөн бланкалары бар.
1.7. Капиталдык курулуш департаментинин толук аталышы мамлекеттик тилде «Капиталдык курулуш департаменти», расмий тилде «Департамент капитального строительства».
1.8. Башкармалыктын жайгашкан жери: Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад областы, Жалал-Абад шаары, Эркиндик көчөсү № 56
2. Департаменттин негизги милдеттери.
Капиталдык курулуш департаментинин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
2.1. Шаардык өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча чечимдерин ишке ашыруу:
· көпүрөлөрдү жана башка транспорттук курулмаларды курууну уюштуруу;
· муниципалдык турак жай курулмаларын курууну уюштуруу;
· муниципалдык турак жай фондунун курулушун уюштуруу.
2.2. шаар чегинде жайгашкан имараттардын жана курулмалардын капиталдык оңдоо иштерин уюштуруу;
2.3. Курулуш жана капиталдык оңдоо боюнча иштин жогорку деңгээлин жана сапатын камсыздоо;
2.4. Курулуш жана оңдоо иштерине багытталган бюджеттик каражаттарды максаттуу жана натыйжалуу пайдаланууну камсыздоо;
2.5. Түзүлгөн келишимдердин негизинде турак жай фондун, инженердик инфраструктураны, көп кабаттуу турак үйлөрдү оңдоону камсыздоо (ЖЭУ).
Капиталдык курулуш департаменти ушул Жобонун 2-бөлүмүндө каралган милдеттерди ишке ашыруу үчүн төмөнкүдөй ыйгарым укуктарга ээ:
3.1. Өз компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдары, шаардык өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жана жеке жактар менен өз ара кызматташууну ишке ашырат;
3.2. Шаар мэринин тапшырмасы менен шаардын курулуш жана курулуш комплекси маселелери боюнча бирдиктүү маалыматты топтойт, иштеп чыгат жана түзөт;
3.3. Шаар бюджетинин долбоорун түзүүгө, шаарды өнүктүрүүнүн стратегиялык пландарын иштеп чыгууга катышат;
3.4. Капиталдык курулуш департаменттин ишине кирген маселелер боюнча муниципалдык ченемдик укуктук актылардын долбоорун даярдайт;
3.5. Түзүлгөн келишимдердин негизинде шаардык бюджеттен, атайын эсептерден, ошондой эле башка деңгээлдеги бюджеттен жана бюджеттен тышкары булактардан каржылануучу курулуш жана капиталдык оңдоо боюнча буйрутмачы-куруучунун функцияларын аткарат:
· Жалал-Абад шаардык Кеңеши тарабынан бекитилген курулуш жана капиталдык оңдоо иштери боюнча жылдык программаны аткарат;
· конкурстук документтерди даярдайт, долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгууга подряддык уюмдарды тандоо боюнча конкурстарды уюштурууга, курулуш-куроо иштерин аткарууга, материалдарды жана жабдууларды жеткирүүгө катышат;
· объектилердин капиталдык курулушун долбоорлоого жана оңдоого маалыматтарды чогултат жана даярдайт;
· мамлекеттик көзөмөл органдары менен курулушка долбоорлорун макулдашуудан өткөрөт;
· долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгууга, экспертизаларды өткөрүүгө, имараттарды, курулмаларды жана соцмаданийтиричилик объектилерин курууга жана капиталдык оңдоо иштерине келишим түзөт;
· кызмат көрсөтүүгө жана жабдууларды, материалдарды жеткирүүгө келишимдерди түзөт;
· шаар мэриясынын архитектура жана шаар курулуш башкармалыгында объектилерди курууну түздөн-түз ишке ашырган уюмдардын кызмат адамдарын каттоого алат жана автордук жана техникалык көзөмөлдү жүргүзөт, иш өндүрүшүнө уруксат алат;
· колдонуудагы газ, суу, буу жана энергия сактоо булактарынын коммуникацияларынын курулуш-куроо иштерин жүргүзүүдө тиешелүү пайдаланууга уруксат алат;
· долбоордук-сметалык документтерде эске алынбаган дефект ведомостторун же иштеги актыларды түзөт;
· сметалык документтерди текшерүүнү жана иштеп чыгууну ишке ашырат;
· белгиленген тартипте шаардык бюджеттен, атайын эсептерден, башка деңгээлдеги бюджеттерден жана бюджеттен тышкары булактарынан каржыланган курулуш жана оңдоонун сметалык наркынын кымбаттоо индексин иштеп чыгат жана макулдашат;
· курулуштун жүрүшүнө жана имараттарды, курулмаларды жана соцмаданийтиричилик объектилерин түзүлгөн келишимге ылайык капиталдык өткөрүүгө контролду жана техникалык көзөмөл функциясын ишке ашырат;
· подряддык уюмдардын төлөөгө берилген документтерин, жабдуучулардын эсептерин, материалдарды жана жабдууларды текшерүүнү ишке ашырат;
· талап кылынган документтер менен комиссияга берилген объектилерди курууну жана оңдоону бүткөндө кабыл алуу боюнча комиссияны уюштурат;
· объектилерди куруу жана оңдоо иштери аяктап, уюмдардын пайдалануу балансына берилгенин текшерет;
· аткарылган иштерди төлөө үчүн инвесторлордон келген акча каражатын жана келишимде каралган башка төлөмдөрдү сарптоону эсепке алат;
· башкармалыктын ишмердигинин натыйжаларынын оперативдүү бухгалтердик эсебин ишке ашырат, белгиленген талаптарга ылайык өз ишмердиги жөнүндө маалыматты жана отчетту берет.
3.6. Жеке жана юридикалык жактардын кайрылуусун карайт, ал боюнча өз ыйгарым укуктарынын чегинде керектүү чечим кабыл алат.
3.7. Товар, иш жана кызмат боюнча финансылык жылга муниципалдык текшерүүнү ишке ашырат. 3.8. Реестр жүргүзүүнү ишке ашырган органдарга контракттарды түзүү жөнүндө маалыматтарды багыттоо жолу менен муниципалдык келишимдерди реестрин түзүүгө катышат.
4.1. Капиталдык курулуш департаментинин структурасы жана штаттык тизими КК департаментинин директорунун сунушу боюнча Жалал-Абад шаарынын мэриясынын макулдугу менен Жалал-Абад шаардык кеңеши тарабынан бекитилет. 4.2. Капиталдык курулуш департаментинин директору шаар мэриясынын кызмат адамы болуп эсептелет, кызматка Жалал-Абад шаардык кеңешинин макулдугу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат. 4.3. Капиталдык курулуш департаментинин директору жокто анын милдеттерин КК департаментинин директорунун орун басары аткарат.
4.4. Капиталдык курулуш департаментинин директору:
· бир башталыш негизинде жетекчилик кылат жана департаментке жүктөлгөн милдеттерди аткарууга жеке жоопкерчилик алат;
· Капиталдык курулуш департаментинин кызыкчылыктарын мамлекеттик органдарда жана башка уюмдарда ишеним катсыз коргойт;
· Капиталдык курулуш департаментинин кызыкчылыктарын бардык юридикалык жана жеке жактардын алдында Кыргыз Республикасында да, чет өлкөдө да коргойт;
· Капиталдык курулуш департаменти шаардык бюджеттен анын карамагына бөлүнгөн акчалардын чегинде кирешелердин жана чыгашалардын сметасын бекитет;
· жылдык отчетту бекитет жана жылдык бухгалтердик балансты бекитет;
· Капиталдык курулуш департаментинин атынан келишимдерди жана макулдашууларды түзөт, ишеним кат берет;
· Капиталдык курулуш департаментинин иши боюнча буйруктарды жана тескемелерди чыгарат;
· Капиталдык курулуш департаментинин кызматкерлерин кабыл алат жана бошотот, алар менен эмгек келишимдерин түзөт жана жокко чыгарат;
· Капиталдык курулуш департаментинин кызматкерлеринин кызматтык нускамасын бекитет;
· кызматкерлери сыйлайт жана аларга жаза чарасын колдонот;
· финансылык дисциплинаны сактоону, каражаттарды жана материалдык баалуулуктарды сактоону камсыздайт;
· Капиталдык курулуш департаментинин иши боюнча жарандарды кабыл алат.
Капиталдык курулуш департаментине жүктөлгөн милдеттерди жана ыйгарым укуктарды өз убагында эмес же сапатсыз аткаргандыгы үчүн, ошондой эле ага берилген укуктарды пайдаланбагандыгы үчүн Капиталдык курулуш департаменти Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган жеке жоопкерчиликти алат.
6.1. Капиталдык курулуш департаментин гербдүү мөөрүнүн борборунда Кыргыз Республикасынын герби түшүрүлөт.
6.2. Капиталдык курулуш департаменттин гербдүү мөөрү менен кийинки документтер бекитилет:
· Капиталдык курулуш департаменти тарабынан уюмдар жана жарандар менен түзүлгөн келишимдер, аларга өзгөртүүлөр жана кошумчалар;
· Капиталдык курулуш департаментинин кызматкерлеринин мүнөздөмөсү, иш сапар жана башка кызматтык күбөлүктөрү;
· Капиталдык курулуш департаментинин финансылык-чарбалык операцияларга укук берген кызматкерлерин колтамга үлгүсү;
· Капиталдык курулуш департаментинин атынан сотто иш жүргүзүү укугуна ишеним кат, ошондой эле башка уюмдарда департаменттин кызыкчылыгын коргойт;
· келишим боюнча аткарылган иштерди кабыл алуу актысы;
· Капиталдык курулуш департаментинин бухгалтердик, финансылык жана төлөм документтерине;
· Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган гербдүү мөөрү менен бекитүү жөнүндө талап кылган башка учурларда.
· Капиталдык курулуш департаментинин директорлору тизмеге кирген башка документтерге гербдүү мөөрү менен бекитүү жөнүндө чечим керек болгондо.
6.3. Гербдүү мөөр Капиталдык курулуш департаментинин директорунда болот, күйбөс сейфте бекитилген пеналда сакталат.
6.4. Капиталдык курулуш департаментинин директору гербдүү мөөрдү пайдаланганга жана сактаганга жоопкерчилик алат, гербдүү мөөрдү жана бурчмөөрдү пайдалануу укугу Капиталдык курулуш департаментинин директорунун буйругу менен бекитилет.
6.5. Капиталдык курулуш департаментинин документтерин жана көчүрмөлөрдү бекитүү үчүн жөнөкөй төгөрөк мөөр пайдаланылат.
6.6. Капиталдык курулуш департаментинин корреспонденциясына каттоо үчүн “Жалал-Абад шаарынын мэриясына караштуу Капиталдык курулуш департаменти” деген толук аталышы бар жөнөкөй бурчмөөр пайдаланылат.
6.7. Жөнөкөй төгөрөк мөөр күйбөс сейфте сакталат. Жөнөкөй төгөрөк мөөр жана бурчмөөр Капиталдык курулуш департаментинин директорунун буйругу менен бекитилет
7.1. Капиталдык курулуш департаментинин каржылоосу шаардык бюджеттин, атайын эсептердин, ошондой эле башка деңгээлдердеги бюджеттерден жана бюджеттен тышкары каражаттарынын эсебинен ишке ашат.
7.2. Департаменттин ишин камсыздоо үчүн берилген муниципалдык мүлк капиталдык курулуш департаментине ыкчам башкаруу укугунда бекитилет.
8.1. Капиталдык курулуш департаментинин ишин токтотуу аны жоюу же кайра уюштуруу түрүндө ишке ашат.
8.2. Капиталдык курулуш департаментинин ишин токтотуу үчүн чечим Жалал-Абад шаарынын мэриясы тарабынан кабыл алынат.
8.3. Мекемени кайра жоюуда анын укугу жана милдети укук мураскерине өтөт;
8.4. Капиталдык курулуш департаментин жойгон учурда Жалал-Абад шаарынын мэриясы жоюу комиссиясын түзөт, ал белгиленген мыйзамдуу тартипте иштейт;
8.5. Капиталдык курулуш департаментин жойгон учурда мекеменин мүлкү Мэриянын менчигине өтөт;
8.6. Мекемени кайра уюштурууда же жоюуда жумуштан бошогон кызматкерлерге КР мыйзамдарына ылайык алардын укугун сактоо кепилденет.
Жооптуу катчы |
Б. Беркбаева |
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 10.11.2016-жылдагы кезексиз XXXIX сессиясынын №4-токтомуна №2-тиркеме |
Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы капиталдык курулуш департаментинин штаттык ырааттамасы
| |||||||||||||
Nо | Кызматы | Бирдиктердин саны | Базалык ставка | Коэф | Кызматтык маяна | Мамлекеттик (муницип.) стаж | Класстык чин | Шаардык кенештен кошулган устоктор | Бир айлык эмгек акы (бир кишиге) | Бир айлык эмгек акы (бардыгына) | Бир жылга эсеп | ||
жыл | % | сумма | |||||||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 13 | 14 | 15 |
1 | Директор | 1 | 5000 | 2,4 | 12000 | 21 | 30 | 3600 | 900 | 3600 | 20100 | 20100 | 281400 |
2 | Башкы эсепчи | 1 | 5000 | 1,91 | 9550 | 17 | 25 | 2387,5 |
| 2900 | 14837,5 | 14837,5 | 207725 |
3 | ОТБ-нун башчысы | 1 | 5000 | 1,91 | 9550 | 17 | 25 | 2387,5 |
| 3400 | 15337,5 | 15337,5 | 214725 |
4 | Инженер сметчик | 1 | 5000 | 1,32 | 6600 | 10 | 20 | 2385 |
| 2900 | 13235 | 13235 | 185290 |
5 | Технадзор | 2 | 5000 | 1,59 | 7950 | 21 | 30 | 2385 |
| 2900 | 13235 | 26470 | 370580 |
6 | Инженер програмист | 1 | 5000 | 1,59 | 7950 | 21 | 30 | 2385 |
| 2900 | 13235 | 13235 | 185290 |
7 | Юрист | 1 | 5000 | 1,59 | 7950 | 21 | 30 | 2385 |
| 2900 | 13235 | 13235 | 185290 |
8 | КБ жана Архивариус | 1 | 5000 | 0,99 | 4950 | 11 | 20 | 990 |
| 3200 | 9140 | 9140 | 127960 |
9 | Завхоз | 1 | 5000 | 0,99 | 4950 | 21 | 30 | 1485 |
| 3200 | 9635 | 9635 | 134890 |
10 | Женил автоунаа айдоочу | 1 | 5000 | 0,935 | 4675 |
|
|
|
| 3400 | 8075 | 8075 | 113050 |
11 | Тазалык сактоочу | 1 | 2500 |
|
|
|
|
|
| 2050 | 4550 | 4550 | 63700 |
12 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
13 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
14 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Жыйынтык: | 12,0 |
|
|
|
|
| 20 390 | 900 | 33 350 | 134615 | 147 850 | 2 069 900 |
Жооптуу катчы |
Б. Беркбаева |
| Жалал-Абад шаардык кеӊешинин 10.11.2016-жылдагы кезексиз XXXIX сессиясынын №4-токтомуна №3-тиркеме |
Жалал-Абад шаарынын мэриянын алдындагы Коммуналдык чарба жана корктондуруу Департаментинин штаттык ырааттамасы |
| ||||||||||||
штаттык ырааттамасы |
| ||||||||||||
Nо | Кызматы | Бирдиктердин саны | Базалык ставка | Коэф | Кызматтык маяна | Мамлекеттик (муницип.) стаж | Класстык чин | Шаардык кенештен кошулган устоктор | Бир айлык эмгек акы (бир кишиге) | Бир айлык эмгек акы (бардыгына) | Бир жылга эсеп | ||
жыл | % | сумма | |||||||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 13 | 14 | 15 |
1 | Директор | 1 | 5000 | 2,4 | 12000 | 21 | 30 | 3600 | 900 | 3600 | 20100 | 20100 | 281400 |
2 | Гл бухг | 1 | 5000 | 1,91 | 9550 | 17 | 25 | 2387,5 |
| 2900 | 14837,5 | 14837,5 | 207725 |
3 | Башкы инженер | 1 | 5000 | 1,91 | 9550 | 21 | 30 | 2865 |
| 2900 | 15315 | 15315 | 214410 |
4 | Мат-к расчеттук эчепчи | 1 | 5000 | 1,59 | 6600 | 10 | 20 | 1320 |
| 4300 | 12220 | 12220 | 171080 |
5 | КБ жана Архивариус | 1 | 5000 | 1,59 | 4950 | 11 | 20 | 990 |
| 3200 | 9140 | 9140 | 127960 |
6 | Кызмат көрсөтүү бөлүмүнүн башчысы | 1 | 5000 | 1,59 | 6600 | 10 | 20 | 1320 |
| 4300 | 12220 | 12220 | 171080 |
7 | Жарыктандыруу бөлүмүнүн башчысы | 1 | 5000 | 1,59 | 7950 | 10 | 20 | 1590 |
| 3600 | 13140 | 13140 | 183960 |
8 | Завхоз | 1 | 5000 | 0,99 | 4950 | 21 | 30 | 1485 |
| 3200 | 9635 | 9635 | 134890 |
9 | Электрик | 4 | 3000 | 0,99 | 3000 |
|
|
|
| 8500 | 11500 | 46000 | 644000 |
10 | Нөөмөт электрик | 2 | 3000 |
| 3000 |
|
|
|
| 6500 | 9500 | 19000 | 266000 |
11 | Жумушчулар | 5 | 2500 |
| 2500 |
|
|
|
| 9000 | 11500 | 57500 | 805000 |
12 | Ширеткич | 1 | 3000 |
| 3000 |
|
|
|
| 6200 | 9200 | 9200 | 128800 |
13 | Женил автоунаа айдоочу | 1 | 5000 |
| 4675 |
|
|
|
| 3400 | 8075 | 8075 | 113050 |
14 | Атайын автоунаа айдоочу | 4 | 4200 |
| 4200 |
|
|
|
| 5100 | 9300 | 37200 | 520800 |
15 | Трактор айдоочу | 1 | 4200 |
| 4200 |
|
|
|
| 5100 | 9300 | 9300 | 130200 |
16 | Мекеменин кароолчусу | 3 | 2500 |
| 2500 |
|
|
|
| 2200 | 4700 | 14100 | 197400 |
17 | Борбордук аянттын кароолчусу | 4 | 2500 |
| 2500 |
|
|
|
| 2350 | 4850 | 19400 | 271600 |
18 | Фолклордук талаанын кароолчусу | 3 | 2500 |
| 2500 |
|
|
|
| 2350 | 4850 | 14550 | 203700 |
19 | Мүрзөөнүн кароолчусу | 4 | 2500 |
| 2500 |
|
|
|
| 2350 | 4850 | 19400 | 271600 |
20 | Бакчы | 1 | 2500 |
| 2500 |
|
|
|
| 2350 | 4850 | 4850 | 67900 |
21 | Тазалык сатоочу | 1 | 2500 |
| 2500 |
|
|
|
| 2050 | 4550 | 4550 | 63700 |
22 | РДЗ болум башчысы | 1 | 5000 | 1,59 | 7950 | 17 | 25 | 1987,5 |
| 1800 | 11737,5 | 11737,5 | 164325 |
23 | Администратор | 2 | 5000 | 1,1 | 5500 |
|
|
|
| 2245 | 7745 | 15490 | 216860 |
24 | Кароолчу | 3 | 2500 | 1 | 2500 |
|
|
|
| 2200 | 4700 | 14100 | 197400 |
| Жыйынтык: | 48,0 |
|
|
|
|
| 17 545 | 900 | 91 695 | 227 815 | 411 060 | 5 754 840 |
Жалпы эмгек акыга: 1-жылга | 2111 | 5754,8 | |||||||||||
соц. фондго чегерүүгө | 2121 | 850,9 | |||||||||||
| Жалпы эсеби |
|
| 6605,7 |
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| |||||||||||||
Жооптуу катчы |
Б. Беркбаева |