Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXXIX сессиясы
2016-жылдын 10-ноябры № 5
Жалал-Абад шаарынын З.Жамашев көчөсүндөгү көп батирлүү үй жана Курманбек-8 дарегинде жайгашкан 33198,0 чарчы метр жер аянтын жана ошол жер аянтында жайгашкан турак жай эмес курулуштар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 09-сентябрь 2016-жылдагы №490-токтому менен Жалал-Абад шаарынын З.Жамашев көчөсүндөгү көп батирлүү үй жана Жалал-Абад шаарынын Курманбек-8 дарегинде жайгашкан 33198,0 чарчы метр жер аянтын жана ошол жер аянтында жайгашкан турак жай эмес курулуштар Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүлүп берилгендиги, өткөрүлүп берилген мүлктөр, кабыл алуу актылары, курулмалардын тизмеси жана башка иш-кагаздары менен тааныштырып баяндама жасаган Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри Т.Темирбаевдин баяндамасын угуп, Жалал-Абад шаардык кеӊештин депутаттарынын сунуш-пикирлерин эске алып Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезексиз XXXIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын З.Жамашев көчөсүндөгү көп батирлүү үйдү Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине кабыл алууга уруксат берилсин жана тийиштүү иш-кагаздарын даярдап, муниципалдык менчикке өткөрүү Жалал-Абад шаарынын мэрине (С.Авазов) милдеттендирилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын Курманбек-8 дарегинде жайгашкан 33198,0 чарчы метр жер аянтын жана ошол жер аянтында жайгашкан турак жай эмес курулуштар Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп алынсын жана шаар мэриясынын алдындагы керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментине оперативдүү башкарууга өткөрүп берүү Жалал-Абад шаарынын мэрине (С.Авазов) милдеттендирилсин.
3.Жалал-Абад шаарынын Курманбек-8 дарегинде жайгашкан 33198,0 чарчы метр жер аянтын жана ошол жер аянтында жайгашкан турак жай эмес курулуштардын арасындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 09-сентябрь 2016-жылдагы №490-токтому менен жооптуу сактоого берилген мүлктөрдүн сакталуусун камсыз кылуу жагы Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментине (М.Солтоев) милдеттендирилсин.
4. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин оперативдүү башкаруусундагы Жалал-Абад шаарынын Курманбек-8 дарегинде жайгашкан 33198,0 чарчы метр жер аянтын жана ошол жер аянтында жайгашкан турак жай эмес курулуштарды иштетүү үчүн киреше жана чыгаша бөлүгү №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин оперативдүү башкаруусундагы Жалал-Абад шаарынын Курманбек-8 дарегинде жайгашкан 33198,0 чарчы метр жер аянтын жана ошол жер аянтында жайгашкан турак жай эмес курулуштарды иштетүү үчүн штаттык тизими ушул токтомдун №2-тиркемесине ылайык бекитилсин.
6. Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин оперативдүү башкаруусундагы Жалал-Абад шаарынын Курманбек-8 дарегинде жайгашкан 33198,0 чарчы метр жер аянтын жана ошол жер аянтында жайгашкан турак жай эмес курулуштарды иштетүү үчүн тарифтери:
· жер ижара акысы 1 чарчы метр- 94,66 сом 1 айына;
· кызмат көрсөтүү акысы 1 чарчы метр- 80,67 сом 1 айына бекитилсин жана кирешени бюджетке түшүрүү жагы Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы керек-жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментинин директоруна (М.Солтоев) милдеттендирилсин.
7. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
8. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага |
Э. Ормоков |
| Шаардык кеңештин 10.11.2016-жылдагы XXXIX - сессиясынын№ 5-токтомуна № 1-тиркеме |
Элемент (8) | Киреше булактарынын аттары. | Сумма м.с | |
1 | 2 | 4 | |
14152100 | Калктуу конуштарда жер ижарасы үчүн акы (бюджетке тушуучу каражат) | 441,0 | |
14238900 | Кызмат көрсөтүүнүн башка классификацияланбаган түрлөрү үчүн акы (атайын каражаттар) | 379,2 | |
| Жалпы кирешелер | 820,2 | |
Чыгаша бөлүгү | |||
2111 | Айлык акы | 279,9 | |
2121 | Социалдык Фондго төгүмдөр | 48,3 | |
2215 | Дагы башка кызмат көрсөтүүнү алуу | 22,1 | |
22154900 | Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү | 22,1 | |
2222 | Учурдагы чарбалык максаттар учун буюмдарды жана материалдарды алуу | 3,3 | |
2231 | Коммуналдык кызматтар | 25,6 | |
| Жалпы чыгашалар | 379,2 |
| Шаардык кеңештин 10.11.2016-жылдагы XXXIX - сессиясынын№ 5-токтомуна № 2-тиркеме |
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы керек жарак рыногу жана кызмат көрсөтүү департаментине караштуу "Строй-маркет" базарынын штаттык ыраатамасы | |||||||||||||||
| Кызматтын аталышы | Бирдиктердин саны | Базалык ставка | Коэф | Кызматтык маяна | Мамлекеттик (муницип.) стаж | Класстык чин | Жергиликт бюджеттен кошумча устоктор | Шаардык кенештен кошулган устоктор | Бир айлык эмгек акы (бир кишиге) | Бир айлык эмгек акы (бардыгына) | 2 айга эсеп (ноябрь- декабрь) | |||
% | сумма |
|
|
| |||||||||||
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 13 | 14 | 15 | 17 | ||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| ||
1 | Жетекчи | 1 | 5000 | 1,91 | 9 550 | 10 | 955 |
|
| 2 865 | 13 370 | 13 370 | 26 740 | ||
2 | Инспектор | 1 | 5000 | 1,32 | 6 600 |
| - |
|
| 1 980 | 8 580 | 8 580 | 17 160 | ||
3 | Электрик | 1 | 3000 | 1 | 3 000 |
| - |
| 750 | 4 250 | 8 000 | 8 000 | 16 000 | ||
5 | Күзөтчү | 8 | 2500 | 1 | 2 500 |
| - |
| 1 250 | 5 000 | 8 750 | 70 000 | 140 000 | ||
6 | Дворник | 4 | 2700 | 1 | 2 700 |
| - |
| 675 | 6 625 | 10 000 | 40 000 | 80 000 | ||
| Жалпы жоопту кызматкерлер | 15 |
|
| 24 350 |
| 955 | - | 2 675 | 20 720,00 | 48 700 | 139 950 | 279 900 | ||
Соц.фондго чегерүү 17,25% | 48 282,75 | ||||||||||||||
Жооптуу катчы | Б. Беркбаева |