Загрузка документа…
КЫЗЫЛ–КЫЯ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 19-апрели № 40/161
Кызыл–Кыя шаарынын 2016-жылдагы жергиликтүү бюджетинин 3 айлык аткарылышына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 Мыйзамынын 31-беренесине негиз, Кызыл–Кыя шаарынын 2016-жылга кабыл алынган жергиликтүү бюджетинин 3 айынын жыйынтыгы менен аткарылышы жөнүндөгү маселе шаардык кенештин бюджет, финансы жана фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясында каралып, такталгандыгын эске алып, Кызыл–Кыя шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
I. Кызыл–Кыя шаарынын 2016-жылга кабыл алынган жергиликтүү бюджетинин 3 айынын жыйынтыгы менен аткарылышына төмөнкү бюджеттик мекемелердин чыгаша статьяларына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин 2016-жылдын 24-февралындагы № 38/155 токтомунун № 3-тиркемесинде каралган “Экономикалык” 704 бөлүкчөсүнөн 70,0 (жетимиш) миң сомго кыскартылып, шаардык билим берүү бөлүмүнүн 3111 “Активдер жана милдеттемелер” беренесине 70,0 (жетимиш) миң сомго көбөйтүлүп берилсин.
2. Кызыл-Кыя шаардык муниципалдык менчик департаментинин 3111 “Активдер жана милдеттемелер” беренесинен 24,0 (жыйырма төрт) миң сомго кыскартылып, 22154400 “Башка чыгымдар” беренесине 24,0 (жыйырма төрт) миң сомго көбөйтүлсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинен жардам иретинде келип түшкөн 1240,0 миң сом акча каражаты Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын 2015-жылдагы атайын каражатынын киреше бөлүгүнүн сметасына 1240,0 миң сомго көбөйтүлсүн, чыгаша бөлүгүнүн 3111 “Активдер жана милдеттемелер” беренесине 1240,0 миң сомго көбөйтүлсүн.
II. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин бюджет, финансы жана фискалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
А. Маткалыков |