Загрузка документа…
КОҢУР-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин V чакырылышынын II заседаниясы
2016-жылдын 14-майы №2/1
Айылдык Кеңештин 2016-жылга кийинки кварталдарга түзүлгөн перспективалык иш планды бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын 4-главасынын 28-беренесинин 4-пунктуна ылайык Коңур-Дөбө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык Кеңештин 2016-жылга кийинки кварталдарга түзүлгөн перспективалык иш планы бекитилсин.(тиркелет)
2. Перпективалык иш планда көрсөтүлгөн иш чаралардын аткарылышына жетишүү айылдык Кеңештин төрагасына жана туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Коңур-Дөбө айылдык кеңешинин төрагасы |
С. Жээналиев |
II. Квартал. Үчүнчү заседаниеде.
2016-жыл тарых жана маданият жылында айыл өкмөтүнүн маданият кызматкерлеринин уюштурууучулук иштери жөнүндө.
2016-жыл Айылдык Кеңештин
Июнь айы туруктуу комиссиясы.
Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу максатында айыл өкмөтүндөгү салыктын бардык түрлөрүнүн жана кайра бөлүшүрүү фондусундагы жерлерди ижарага берүүдөн, түшүүчү ижара акыларынын ондүрүлүшүнүн абалы жөнүндө
2016-жыл Айылдык Кеңештин
Июнь айы туруктуу комиссиясы.
Айыл өкмөтүнүн башчысынын 6 айлык отчетту жана айыл башчылырдын аткарган иштери боюнча отчеттору
2016-жыл Айылдык Кеңештин
Июнь айы туруктуу комиссиясы.
Кезексиз төртүнчү заседание
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган компенсациялардын жөлөк пулдардын, жеңилдиктердин өз убагында төлөнүшүндө, соц.инспектордун, соц.кызматкердин жана аскер стол инспекторунун, окмөттүн вет врачынын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө
2016-жыл Айылдык Кеңештин
Август айы туруктуу комиссиясы.
III. Квартал. Төртүнчү заседаниеде.
Айыл окмөтүнүн аймагындагы мектептерде билим берүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча иштери 1-4 класстарга тамак берүүнүн абалы жана №18 м.ч.б.б. мекемесинде тарбияланып жаткан балдарга, тарбия берүүдө тарбиячылардын жана жалпы кызматкерлердин уюштуруучулук иштери жөнүндө.
2016-жыл Айылдык Кеңештин
сентябрь айы туруктуу комиссиясы.
Айыл өкмөтундө каада-салт, ырым-жырымдарды, тойлорду өткөрүүдө ыксыз чыгымдарды кыскартуу боюнча түзүлгөн комиссиянын жүргүзуп иштери жана эмканалардын, Кара-Шоро байланыш бөлүмүнүн аткарып жаткан иштеринин абалы жөнундө
2016-жыл Айылдык Кеңештин
сентябрь айы туруктуу комиссиясы.
Айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышынын 9 айлык планын жыйынтыгы жөнүндө
2016-жыл Айылдык Кеңештин
сентябрь айы туруктуу комиссиясы.
IV. Квартал. Бешинчи заседаниеде.
Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2017-жылга айыл өкмөтүнүн бюджетин бекитүү жөнүндө.
2016-жыл Айылдык Кеңештин
декабрь айы туруктуу комиссиясы.
Конур-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2016-жылгы соиалдык-экономикалык планды бекитүү жөнүндө.
2016-жыл Айылдык Кеңештин
декабрь айы туруктуу комиссиясы.
Айыл өкмөтүнүн башчысынын жылдык отчетту жөнүндө
2016-жыл Айылдык Кеңештин
декабрь айы туруктуу комиссиясы.
Жооптуу катчы |
М. Анарбаева |