Загрузка документа…
ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 16-февралы № 61/23
Жазы айыл өкмөтүнүн “Жазы айылдык аймагынын Ардактуу атуулу” жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө
Жазы айыл өкмөтү тарабынан сунушталган “Жазы айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулу жөнүндөгү” жобону карап чыгып, талкуулап Жазы айылдык кеңешинин кезектеги XXIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жазы айыл өкмөтүнүн "Ардактуу атуулу” жөнүндө жобо бекитилсин (тиркеме тиркелет)
2. Жободо көрсөтүлгөн талаптарды аткаруу жагы Жазы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Токтомду көзөмөлдөө айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага |
Б. Дыйканбаев |
| Жазы айылдык кеңешинин 2016-жыл 16.02. №61/23 токтому менен бекитилген |
I Глава
Жалпы жоболор
1-берене. Ушул жобо менен жөнгө салынуучу мамилелер.
Ушул жобо менен «Жазы айыл өкмөтүнүн Ардактуу Атуулу» ардактуу наамына татыктуулар аныкталып, аны ыйгаруунун жол жобосу менен, татыктуу деп табылган атуулдун статусу белиленет жана ага ылайыктуу болгон төш белги жана наамды ырастаган документ иштелип чыгылат.
2-берене. «Жазы айыл өкмөтүнүн Ардактуу Атуулу» ардактуу наамы
«Жазы айыл өкмөтүнүн Ардактуу Атуулу» ардактуу наамы –Жазы айыл өкмөтүнүн жана калкынын алдында синирген эмгеги үчүн берилген наам болуп эсептелет.
«Жазы айыл өкмөтүнүн Ардактуу Атуулу» ардактуу наамы – коомдук, мамлекеттик, муниципалдык кызматтарды аркалоодо синирген өзгөчө эмгеги үчүн, ошондой эле адамдарын укугун коргоодо, тынчтыкты, ынтымакчылыкты бекемдөөдө, шаардын социалдык экономикалык өнүгүүсүнө, калктын абалынын жакшырышына кошкон белгилүү өлчөмдогү салымы үчүн, кайрымдуулук, айыл өкмөтү даңктаган, маданияттын өнүгүүсүнө, илим-билим өнүктүрүүдөгү эмгеги үчүн атуулдарга ыйгарылат.
Ошондой эле Ата-Мекенди коргоодогу өзгөчөлөнгөн эмгеги үчүн ыйгарылышы мүмкүн.
3-берене. « Жазы айыл өкмөтүнүн Ардактуу Атуулу» ардактуу наамынын ыйгарылышы.
«Жазы айыл өкмөтүнүн Ардактуу Атуулу» ардактуу наамы жылына бир жолу жашыруун добуш берүү жолу менен 3 төн ашпаган адамга Жазы айылдык Кеңешинин чечими менен ыйгарылат ( мындан ары тексте айылдык Кеңештин токтому)
Ардактуу наамга татыктуу адамдын айыл өкмөтүнүн аймагында төрөлбөгөндүгү эч кандай роль ойнобойт. «Жазы айыл өкмөтүнүн Ардактуу Атуулу» ардактуу наамы бир эле адамга кайталанып берилбейт.
II Глава
«Жазы айыл өкмөтүнүн Ардактуу Атуулу» ардактуу наамын ыйгаруунун тартиби
4-берене. «Жазы айыл өкмөтүнүн Ардактуу Атуулу» ардактуу наамын ыйгаруу жөнүндө сунуш
«Жазы айыл өкмөтүнүн Ардактуу Атуулу» ардактуу наамын ыйгаруу жөнүндөгү сунуш Жазы айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан Жазы айылдык Кеңешине (мындан ары айылдык Кеңеш) сунушталат.
Жазы айыл өкмөтүнүн аймагындагы коомдук бирикмелер, коомдук кыймылдар, мекеме-ишкананын эмгек жамааты, жамааттардын бирикмеси, айыл өкмөтүндө жашаган адамдардын тобу айыл өкмөтүнө «Жазы айыл өкмөтүнүн Ардактуу Атуулу» ардактуу наамын ыйгаруу сунуштары менен кайрыла алат.
Жазы айылдык Кеңешинин төрагасы (мындан ары – айылдык Кеңештин төрагасы) айылдык Кеңештин туруктуу комиссиялары өз алдынча айылдык Кеңешке «Жазы айыл өкмөтүнүн Ардактуу Атуулу» ардактуу наамын ыйгаруу жөнүндө сунуштары менен кайрылууга укуктуу.
«Жазы айыл өкмөтүнүн Ардактуу Атуулу» ардактуу наамын ыйгаруу жөнүндө сунушта –сунуш кылынган талапкердин өмүр баянын камтыган жана анын жетишкендиктери, сиңирген эмгеги жөнүндөгү маалыматтар компьютерден жазылып даярдалып берилет. Сунушка талапкердин сиңирген эмгеги жөнүндөгү документтердин көчүрмөлөрү милдеттүү түрдө тиркелет жана мэриянын тийиштүү жетектөөчү адистеринин баалоо баракчасы тиркелет.
Жазы айылдык Кеңеши сунуш келип түшөөрү менен, сессияда карап, айыл өкмотүнун өзүнүн кабыл алган чечимин маалымдайт.
Жазы айылдык Кеңеши «Жазы айыл өкмөтүнун Ардактуу Атуулу» ардактуу наамын ыйгаруу жөнүндө чечим кабыл алууда толук негиздемелер жок болгон учурда, ошол талапкер жөнүндө айыл өкмтүнүн башчысы бир жылдан кийин кайрадан сунуш киргизүүгө укуктуу.
5-берене Жазы айылдык Кеңеши «Жазы айыл өкмөтүнүн Ардактуу Атуулу» ардактуу наамын ыйгаруу жөнүндө чечими
«Жазы айыл өкмөтүнүн Ардактуу Атуулу» ардактуу наамын ыйгаруу айылдык Кеңештин чечими менен жүргүзүлөт.
Жазы айылдык Кеңешинин «Жазы айыл өкмөтүнүн Ардактуу Атуулу» ардактуу наамын ыйгаруу жөнүндөгү чечими массалык маалымат каражаттарына жарыяланат.
6-берене Жазы айыл өкмөтүнүн Ардактуу Атуулдарынын портрет галереясы Кара-Дыйкан айылынын маданият үйүнүн фойесинин элге көрүнүктүү жерге Ардактуу атуулдардын портреттеринин галереясы түзүлөт. Ардактуу атуулдардын Портреттеринде аты, жөнү, айылдык Кенештин чечиминин № жана датасы жазылат. Же Ардактуу Атуулдарынын альбому уюштурулат жана айыл өкмөтүндө сакталат.
III Глава
«Жазы айыл өкмөтүнүн Ардактуу Атуулударынын кошумча укуктары жана жеңилдиктери»
7-берене Жазы айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулдарыры жер пайдалангандыгы үчүн жана мүлк салыгын төлөөдө 50 пайыз жеңилдик укугуна ээ болушат. Аталган жеңилдиктер ардактуу атуулдар айыл өкмөтүндө жашаса гана берилет.
«Жазы айыл өкмөтүнүн Ардактуу атуулдарына» ардактуу наамын ырастоочу күбөлүк берилет.
IV Глава
8-берене «Жазы айыл өкмөтүнүн Ардактуу Атуулунун төш белгисинин сыпатталышы
Жазы айыл өкмөтүнүн Ардактуу Атуулунун төш белгиси тегерек формасында болуп, диаметри 32 мм. түзөт. Тегеректин борбордук бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын герби жана анын айланасында «Жазы айыл өкмөтүнүн Ардактуу Атуулу» деген жазуу болот.
«Жазы айыл өкмөтүнүн Ардактуу Атуулунун төш белгиси туурасы 28 мм. бийиктиги 20 мм. түзгөн тикбурчтуу калыптын ичинде эмаль менен жасалган Кыргыз Республикасынын желеги жайгаштырылып, тегерек төш белгиге илмек менен бириктирилген. Калыптын артында кийимге өткөрүп кадай турган ийнелик жайгаштырылган.
«Жазы айыл өкмөтүнүн Ардактуу Атуулу» ардактуу наамы төш белгиси төштүн оң жагына тагылат.
9-берене. «Жазы айыл өкмөтүнүн Ардактуу Атуулу» ардактуу наамынын төш белгисин ырастаган күбөлүктүн сүрөттөлүшү
«Жазы айыл өкмөттүн Ардактуу Атуулу» ардактуу наамынын төш белгисин ырастаган күбөлүк 90х60 мм. өлчөмүндөгү китепче, сырт жагынан катуу кызыл түс менен тышталат. Тышында КРнын герби жана анын алдында «Жазы айыл өкмөтүнүн Ардактуу Атуулу»,-деген жазуу жайгаштырылат.
Күбөлүктүн ич тарабынын сол жагынын жогору тарабына КРнын герби жайгаштырылып, калган жагына №____сандуу төш белгисинин күбөлүгү
Атуулдун (аты,жөнү) «Жазы айыл өкмөтүнүн Ардактуу Атуулу» ардактуу наамы ыйгарылган.
Айылдык Кеңештин төрагасы
Күбөлүктүн оң тарабындагы бетинин сол жагынын жогору жерине наам алган атуулдун 30х40 мм болгон сүрөтү жайгаштырылат. Сүрөт менен катар Ардактуу наам Жазы айылдык Кеңешинин 201__жылдын «___»________ №____токтому менен берилди. Күбөлүктүн ичиндеги жазуу кара сыя менен толтурулат.
Күбөлүк айылдык Кеңештин төрагасы тарабынан кол коюлат. Күбөлүктүн ичинин оң жагындагы сүрөттүн сол тарабындагы бурчу жабылгандай кылып мөөр басылат.
10-берене. «Жазы айыл өкмөтүнүн Ардактуу Атуулу» ардактуу наамынын төш белгиси жоголуп кетсе кайрадан берилбейт.