Загрузка документа…
ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-августу № 66/24
Жазы айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызмат көрсөтүүлөдүн кошумча тизмегин (реестри) бекитүү жөнүндө
Жазы айылдык Кеңешинин XXIVсессиясы Жазы айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмегин бекитүү жөнүндө сунушун карап чыгып, талкуулап Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” Мыйзамына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жазы айыл өкмөтүнүн муниципалдык кызматтардын кошумча тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин депутаттык этика, мыйзамдуулук, коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулукка каршы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Б. Дыйканбаев |
| Жазы айылдык кеңешинин 2016-жылдын 29.08. № 66/24 токтомуна тиркеме |
№ | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн аталышы | Муниципалдык кызматтардын кошумча тизмегин бекитүү боюнча жергиликтүү | Муниципалдык кызмат көрсөтүүнү стандартташтырууга жоопту ыйгарым укуктуу орган | кызматтарды көрсөтүүчү муниципалдык мекемелер | Муниципалдык кызматты көрсөтүүнүн шарттары (акы төлөнүүчү) |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 |
Өзгөн району | |||||
Жазы айыл өкмөтү | |||||
1 | Материалдык жардам берүү | 25.07.2016-ж №69/24 | Айыл өкмөт | Айыл өкмөт | Акысыз |
2 | Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө материалдык жана материалдык эмес жардам бөлүү (көмүр, дары-дармек) | 25.07.2016-ж №69/24 | Айыл өкмөт | Айыл өкмөт | Акысыз |
3 | Юридикалык жана жеке жактар үчүн жеке менчикке жер тилкесин бекитүү жөнүндө чечимди берүү (курулмага чектеш убактылуу пайдаланууда турган) | 25.07.2016-ж №69/24 | Айыл өкмөт | Айыл өкмөт | Акылуу |
4 | Жер тилкесин же жер үлүшүнүн чектерин тактоо боюна актыны берүү | 25.07.2016-ж №69/24 | Айыл өкмөт | Айыл өкмөт | Акылуу |
5 | Жалпы контурдан жер үлүшүн калыптандыруу жөнүндө чечимди берүү | 25.07.2016-ж №69/24 | Айыл өкмөт | Айыл өкмөт | Акылуу |
6 | Турак жай курууга жер тилкесин бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн Токтомун берүү | 25.07.2016-ж №69/24 | Айыл өкмөт | Айыл өкмөт | Акылуу |
7 | Жер үлүшүнө жеке менчик укугу жөнүндө күбөлүктү алууга айыл өкмөтүнүн чечимин берүү | 25.07.2016-ж №69/24 | Айыл өкмөт | Айыл өкмөт | Акылуу |
Жооптуу катчы |
Х. Тайтокурова |