Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 16-сентябры № 20-1
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы А.Парпиев атындагы мектеп-гимназиясынын № 3 корпусун бузуу жана жаңы долбоорго ылайык жер аянтын көрсөтүп берүү жөнүндө
Кыргыз-Ата айыл аймагындагы А.Парпиев атындагы мектеп-гимназиясынын № 3-корпусун Кыргыз Республикасынын өзгөчө Кырдаалдар Министрлигинин Ноокат райондук бөлүмүнүн 2013-жылдын 19-сентябрындагы 13-184 номерлүү № 1- корутундусуна жана мектеп-гимназиянын ата-энелер чогулушунун 2015-жылдын 11- сентябрындагы чечимине негиз бузуу жана жаңы долбоорго ылайык жер аянтын көрсөтүп берүү жөнүндөгү маселени Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясында карап чыгып жана сессияда талкуулап Кыргыз-Ата айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Ата айыл аймагындагы А.Парпиев атындагы мектеп-гимназиясынын № 3-корпусун бузуу жана жаңы долбоорго ылайык жер аянтын көрсөтүп берүү жөнүндөгү Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 19- сентябрындагы № 47- токтому бекитилсин.
2. А.Парпиев атындагы мектеп-гимназиясынын № 3-корпусун бузуу жана бузуудан чыккан курулуш материалдарын максаттуу пайдалануу Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдын инфраструктурасын өнүктүрүү, инвестиция, курулуш, жол, транспорт жана коммуникация, таза суу жана электр энергиясы боюнча комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | С. Турдуев |