Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 17-октябры № 21-4
КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 137-токтому менен бекитилген “Жерди мамлекеттик эсепке алуу (Жер кадастры)” жөнүндөгү жобонун талаптарынын аткарылышы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 137-токтому менен бекитилген “Жерди мамлекеттик эсепке алуу (Жер кадастры)” жөнүндөгү жобонун талаптарынын аткарылышы жөнүндөгү маалыматты угуп жана талкуулап Кыргыз-Ата айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 137-токтому менен бекитилген “Жерди мамлекеттик эсепке алуу (Жер кадастры)” жөнүндөгү жобонун талаптары айыл өкмөтү тарабынан аткарылып жаткандыгы белгиленсин.
2. Кыргыз-Ата айыл аймагындагы бардык жерлерге категориялары (багыты ) боюнча кайрадан инвентаризация жүргүзүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө агрардык маселелер, жер, муниципиалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдардын алдын-алуу, жаратылышты коргоо жана экология комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С. Турдуев |