Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 137 токтому менен бекитилген |
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 8-июлу № 464, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-майындагы № 353 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жерди мамлекеттик эсепке алуунун максаты бардык деңгээлдеги мамлекеттик органдарды, жеке жана юридикалык жактарды калктуу конуштардын, айыл аймактарынын, райондордун, облустардын жана республиканын чегинде жайгашкан жерлердин саны жана сапаты тууралуу маалымат менен камсыздоо.
2. Жерди мамлекеттик эсепке алуу жер участокторунун жайгашкан жери, өлчөмдөрү, чектери тууралуу маалыматты камтыган жер фондунун абалы жана анда болуп жаткан өзгөрүүлөр, категориялар, түрлөрү жөнүндө маалыматты үзгүлтүксүз документтүү чагылдыруу, жерлердин курамын, жерлердин санын, сапатын тексттик сапаттоо жана аларды баалоо тутумун көрсөтөт.
3. Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан бардык жер участоктору жерге болгон менчиктин түрүнө, максаттуу багытына жана жер участокторун пайдалануунун уруксат берилген түрүнө карабастан мамлекеттик эсепке алынууга тийиш.
4. Жерди мамлекеттик эсепке алуу маалыматтары жерди пайдаланууну жана коргоону пландоодо, чарбалык ишти баалоодо жана жерди пайдаланууга жана коргоого байланышкан иш-чараларды жүргүзүүдө, жерге жайгаштырууну жүргүзүүдө негиз болуп саналат жана бардык деңгээлдеги мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарынын, ошондой эле кызыкдар болгон жеке жана юридикалык жактардын пайдалануусу үчүн арналган.
5. Жерди мамлекеттик эсепке алуу жер - эсепке алуу маалыматтарын жыйноого, топтоого, сактоого, жаңыртууга, системалоого, иштеп чыгууга, жалпылоого, издөөгө жана керектөөчүлөргө берүүгө багытталган.
6. Жерди мамлекеттик эсепке алуу жер участокторунун жайгашкан жери, иш жүзүндөгү абалы, пландык-картографиялык материалдар, күнүмдүк өзгөртүүлөрдүн бирдиктүү методикасы жана эсепке алуу маалыматтары боюнча жүргүзүлөт.
7. Жерди эсепке алуу маалыматтары жыл сайын айыл өкмөтүнө же шаардын мэриясына караштуу аймактын жерди эсепке алуу китебине киргизилет. Бардык өзгөртүүлөр ыйгарым укуктуу органдардын чечимдерине ылайык жылдын жыйынтыгы боюнча белгиленет.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 8-июлу № 464 токтомдун редакциясына ылайык)
8. Эсепке алуу маалыматтары жер участоктору жана жердин түрлөрү, калктуу конуштар, айыл аймактары, райондор, облустар жана жалпы республика боюнча түзүлөт. Ошол эле учурда өзгөчө корголуучу жаратылыш жана тарыхый-маданий объекттер ээлеген участоктор, ошондой эле казып алынуучу пайдалуу кендердин Мамлекеттик резервдеги жерлери өзүнчө белгиленет.
9. Жердин өлчөмдөрү, жайгашкан жери, саны жана сапаты тууралуу зарыл маалыматтар аларды алгачкы эсепке алууда, ал эми жердин курамында, анын сапатында болгон өзгөрүүлөр жерди экинчи жолу эсепке алуу процессинде белгиленет.
10. Жердин сапатын эсепке алуу аны экономикалык баалоону жана жерге мониторинг жүргүзүүнү, кыртыштык, геоботаникалык, агрохимиялык жана башка изилдөөлөрдү жана кыртышты бонитировкалоону камтыйт.
11. Жерди сапаттык эсепке алуу - бул жердин сапаттык мүнөздөмөсү тууралуу маалыматтарды тутумдаштыруу, ага төмөнкүлөр кирет:
- кыртыштык катмар, өзүнүн физикалык, агрохимиялык жана гидрогеологиялык касиеттери менен;
- аймактардын экологиялык абалы;
- участоктордун негизги технологиялык көрсөткүчтерү.
12. Жердин санын эсепке алуу - бул жерлерди менчик ээлери, ээлери, пайдалануучулар жана ижарачылар, административдик-аймактык бирдиктер, жердин категориялары жана түрлөрү боюнча бөлүштүрүү тууралуу маалыматтарды тутумдаштыруу.
13. Кыргыз Республикасынын аймагында жер кадастры жер участокторунун өлчөмдөрүнө, алардын баалуулугуна жана талап кылынган ченөө тактыгына жараша геодезиялык жана (же) картометрикалык методдор менен жүргүзүлөт.
14. Жерди мамлекеттик эсепке алууну жүргүзүү:
- даярдык көрүү иштерин;
- баштапкы маалыматтарды жыйноо жана иштеп чыгууну;
- маалыматтык эсепке алуу системасын түзүүнү камтыйт.
15. Даярдык көрүү иштерин жүргүзүү учурунда колдо болгон пландык-картографиялык материалдарды, жерди эсепке алуу документтерин, кыртыштык, геоботаникалык жана башка материалдарды изилдөө жана талдоо, жер участоктору тууралуу маалыматтарды жыйноо жүргүзүлөт.
Жерди эсепке алууну жүргүзүүдө төмөнкү маалыматтарды белгилөө милдеттүү болуп саналат:
- жер участогунун менчик ээсинин же пайдалануучунун аты;
- жер участогунун аянты;
- жер участогуна болгон менчиктин же пайдалануучунун түрү;
- жер участогунун максаттык багыты;
- жер участогунун сервитуттары;
- жер участогунун бөлүнүштүүлүгү же бөлүнбөстүгү;
- жер участогунун каттоо коду жана номери;
- жердин түрлөрүнүн курамы;
- жердин сапаттык мүнөздөмөсү;
- жерди мамлекеттик эсепке алууну жүргүзүүдө пайдаланылган башка маалыматтар.
16. Эсепке алуунун картографиялык негизи болуп эсепке алуу карталары саналат, алар жер участокторунун чектик, аянттык жана эсептик мүнөздөмөлөрүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү мүмкүндүгүн камсыздоого тийиш.
17. Жер участоктору тууралуу маалыматтар түрдүү маалыматтардан түзүлөт жана участоктордун, жердин түрлөрүнүн чектери, аянттары өзгөргөндө жаңыртылат.
18. Эсепке алуунун автоматташтырылган маалыматтык системасы адистештирилген программалык-техникалык комплекстердин базасында түзүлөт, анын иштөө тартиби тийиштүү чөйрөдө саясатты иштеп чыгуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
19. Айыл өкмөтү же шаардын мэриясы ведомствого караштуу аймактарда жерлерди эсепке алуу маалыматтарын топтоо жана тактоо боюнча ишти уюштурат жана жерлердин бар экендиги жана аларды категориялары, жерлердин түрлөрү, ээлик кылуучулары жана жер пайдалануучулары боюнча бөлүштүрүү жөнүндө отчетту бекитишет.
Кадастр жүргүзүү жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) аймактык бөлүнүшүнө айыл өкмөтү же шаардын мэриясы жерлер жана аларды категорияларга, жер түрлөрүнө, менчик ээлери жана пайдалануучулар боюнча бөлүштүрүү жөнүндө жыл сайын берүүчү отчету мамлекеттик статистикалык ишти жүргүзүүчү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипте бекитилген № 22 жана № 22а формалары боюнча толтурулат:
- жерлердин болушу жана аларды категорияларга, жер түрлөрүнө, менчик ээлери жана жер пайдалануучулар боюнча бөлүштүрүү жөнүндө отчет (№ 22 форма);
- сугат жердин болушу жана аларды категорияларга, жер түрлөрүнө, менчик ээлери жана жер пайдалануучулар боюнча бөлүштүрүү жөнүндө отчет (№ 22а форма).
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 8-июлу № 464 токтомдун редакциясына ылайык)
20. Жер аянттары категориялар жана менчиктин түрлөрү боюнча өзүнчө эсепке алынып, жыйынтыгы № 22 жана № 22а отчеттук формалардын тийиштүү саптарына киргизилет.
21. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүшү райондун, шаардын жер отчетун түзгөндө, № 22 жана № 22а формаларга төмөнкүлөр тиркелет:
- бардык жер пайдалануучулар жана жердин менчик ээлери жазылууга тийиш болгон менчиктин түрлөрү (жеке, муниципалдык, мамлекеттик) боюнча толтурулган чечмелөөчү ведомость; андан кийин алардын жыйынтыктары боюнча жыйынды ведомость түзүлөт;
- чектен сырткары пайдаланылган жерлердин жана башка райондордун жер пайдалануучулары пайдаланган жерлердин аянттарын макулдашууну ырастаган маалымкат;
- жер отчету боюнча токой фондунун жерлеринин эсебин алуунун токой чарба ишканаларынын эсепке алуу маалыматтары менен салыштыруу ведомосту;
- тиешелүү райондун жер фондун категорияларга жана жердин түрлөрүнө айыл аймактары боюнча бөлүштүрүү таблицалары;
- айыл аймактары боюнча категориялар жана жер түрлөрү боюнча салыштыруу таблицасы;
- сугат айдоолорунун, анын ичинде насостук станциялар менен сугарылуучу аянттар жөнүндө суу ресурстарын жөнгө салуучу жергиликтүү орган берген салыштыруу таблицасы;
- өткөн жылга салыштырганда болуп өткөн өзгөрүүлөр боюнча түшүндүрмө кат.
Жогоруда көрсөтүлгөн тиркемелер ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынын иштелип чыгат жана бекитилет.
22. Жер отчетун түзүүдө төмөнкү документтерди жана материалдарды:
- отчеттук жылда жер бөлүү, аны берүү жана алып коюу тууралуу тийиштүү, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын чечимдерин;
- жаңы мелиорацияланган жерлерди иштетүүгө кабыл алуу тууралуу белгиленген тартипте бекитилген мамлекеттик комиссиянын актыларын;
- маданий-техникалык иштерди жүргүзүү жана куурап калган көп жылдык бак-дарактардын дүмүрүн казып чыгаруу тууралуу актыларды;
- ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин отчеттук мезгилде жердин курамында болгон езгөрүүлөр тууралуу отчетторун;
- өткөн жылдагы жерди эсепке алууну;
- күндөлүк өзгөрүүлөрдү эсепке алууну ж.б. жетекчиликке алуу зарыл.
23. Жерге жайгаштырууну долбоорлоо-изилдөө жана жер-кадастр иштеринин комплексин аткаруу жаатындагы ыйгарым укуктуу орган:
- жерди сапаттуу эсепке алууну ишке ашырат жана конкреттүү жер участоктору боюнча айыл аймагына, районго (шаарга) карата жер ресурстарынын сапаттык абалы жөнүндө маалыматтар банкын түзөт;
- жергиликтүү мамлекеттик администрацияда тиешелүү административдик-аймактык бирдиктердин аймактарында жайгашкан жер участоктору боюнча жер ресурстарынын сапаттык абалы жөнүндө отчетту бекитет;
- жыл сайын, 1-декабрдан кечиктирбей ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүшүнө жер ресурстарынын сапаттык абалы жөнүндө отчет берет.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 8-июлу № 464 токтомдун редакциясына ылайык)
24. Жерди мамлекеттик эсепке алуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүшү тарабынан мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын жана башка түшүүлөрдүн эсебинен бирдиктүү тутум боюнча жүргүзүлөт.
25. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүштөрү жердин болушу, сандык абалы тууралуу отчетторду түзүшөт.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүнүштөрү отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-январына карата калктуу конуштар, айыл аймактары, райондор, облустук маанидеги шаарлар, Бишкек жана Ош шаарлары боюнча айыл өкмөттөрү жыл сайын берүүчү тексттик жана графикалык материалдар түрүндөгү отчетту, анын ичинде айыл чарба жерлеринин болушу жана аянттарында болуп өткөн өзгөрүүлөр (анын ичинен сугат жерлер өзүнчө), алардын категорияларга, менчик ээлери жана жер пайдалануучулар боюнча бөлүштүрүлүшү тууралуу жыл сайын түзүлүүчү маалыматтарды жалпылайт.
26. Кыргыз Республикасынын жер фондусунун 1-январга карата абалы жана пайдаланылышы тууралуу мамлекеттик отчет аймактык бөлүнүштөрү тарабынан Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы «Кыргызмамжердолбоорлоо» жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын борбордук аппаратына берилет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-майындагы № 353 токтомунун редакциясына ылайык)
27. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган отчеттук мезгилден кийинки жылдын 1-январына карата облустар жана Бишкек жана Ош шаарлары боюнча тексттик жана графикалык түрдө жалпыланган отчетту белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине берет, анын ичинде айыл чарба жерлеринин болушу жана аянттарындагы болуп өткөн өзгөрүүлөр (анын ичинен сугат жерлер өзүнчө), аларды категориялар, менчик ээлери жана жер пайдалануучулар боюнча бөлүштүрүү тууралуу жыл сайын түзүлүүчү маалыматтарды берет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-майындагы № 353 токтомунун редакциясына ылайык)
28. Жерди баалоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын жер фондусун категориялары боюнча жердин кадастрдык баасын (ченемдик баасын) аныктоо тартибине ылайык жүргүзүлөт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-майындагы № 353 токтомунун редакциясына ылайык)
29. Жердин сапатын жана наркын баалоону эсепке алуу төмөнкү максаттарда жүргүзүлөт:
- жер участогун пайдалануунун натыйжалуулук деңгээлин аныктоо;
- жер салыгынын коюмдарын эсептөө;
- жер участокторун тооруктарда сатууда алардын баштапкы баасын аныктоо;
- мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн жерлерди алып коюуда жоготууларга жана зыян тартууларга акы төлөө.
30. Жерди мамлекеттик эсепке алуу (жер кадастры) ишин жүргүзгөн кызмат адамдары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликтүү болушат.