КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат районундагы Кыргыз- Ата айылдык кеңешинин (бешинчи шайланган) кезектеги жыйырма биринчи сессиясы
2015-жылдын 17-октябры № 21-10
Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин 2015-жылдын 4-апрелиндеги № 18-13-токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени туруктуу комиссияда карап, сессияда угуп жана талкуулап Кыргыз-Ата айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз-Ата айылдык кеңешинин 2015-жылдын 4-апрелиндеги № 18-13-токтомунун 1-пунктуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2016-2018-жылдарга айылдык бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу жактырылсынжана 2016-жылга каралган болжол бюджетинин 70921бөлүмүнүн 3111 “Капиталдык курулуштар” беренесинен : С. Токторов атындагы орто мектебине – 250,0 миң сом, Т.Темиралиев атындагы орто мектебине- 275,0 миң сом, жалпысы болуп – 525,0 миң сом жергиликтүү бюджеттен өздүк салым катары каржылануусу каралсын.
2. Т.Темиралиев атындагы орто мектебинин “Б” блогунун капиталдык ремонтуна түзүлгөн долбоордун инжинирингттик кызмат акысы үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен 14756 сом акча каражаты каралсын.
3. Акча каражатын максаттуу пайдалануу жагы Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин бюджет, салык жана ишкердүүлүктү колдоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С. Турдуев |