Загрузка документа…
КЫРГЫЗ-АТА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 17-октябры № 21-11
Ноокат токой чарбасына өтүп кеткен калктуу конуштар категориясындагы жана айыл чарба багытындагы жерлерин Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн жер балансасына кайтарып алуу жөнүндөгү Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-октябрындагы № 52- токтомун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 2-августундагы № 352-токтомунун негизинде ага чейин Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн жашоочуларнын пайдалануусунда болгон Ноокат токой чарбасына өтүп кеткен калктуу конуштар категориясындагы жана айыл чарба багытындагы жерлерин Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн жер балансасына кайтарып алуу жөнүндөгү Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-октябрындагы № 52- токтомун карап жана талкуулап Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агентигинин 2015- жылдын 24- июнундагы токой чарбасынын жеринен бир категориядан башка категорияга которууга сунуштаган № 01-28-1579-катына негиз Кыргыз-Ата айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат токой чарбасына өтүп кеткен калктуу конуштар категориясындагы жана айыл чарба багытындагы жерлерин Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн жер балансасына кайтарып алуу жөнүндөгү Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-октябрындагы № 52- токтому бекитилсин.
2. Кайтарып алынуучу жерлерди трансформациялоого тиешелүү документтерин дакярдоо жана жогорку органдарга жөнөтүү Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Атайын ыйгарым укуктуу органдарга жерди трансформациялоого сунуш берүү жагы Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
Төрага | С. Турдуев |