Загрузка документа…
КӨЛДҮК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-февралы №9
Көлдүк айылдык кеңешинин 6 чакырылышынын кезектеги 3 сессиясы жогорудагы маселени карап жана талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көлдүк айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучуларынын бирикмесинин 2016-жыл ичинде аткарган иши канаатандыраарлык деп табылсын. (Б.Жунусбаевдин отчету тиркелет)
2. 2017-жылга Көлдүк айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучуларынын бирикмесинин бюджети 251 000 сом өлчөмүндө бекитилсин.(бюджеттин долбоору тиркелет)
3. Жайыт комитетинин кызматтык авто унаасы жок болгондуктан жайыт комитетинин өзүнүн менчик авто унаасын (нива улгусу 13 21 номурлуу ) колдонууга уруксат берилсин.
4. 2017-жылга белгиленген бюджеттин аткарылышын көзөмөлдөө жагы жайыт комитетинин төрагасы Б.Жунусбаевге милдеттендирилсин.
Төрага | Б. Сатыгулов |
9 токтомго №1 тиркеме
18-февраль 2017-жыл | Шамал – Терек айылы |
Көлдүк жайыт комитетинин 2016-жыл ичинде аткарган иштери жана 2017-жылга бюджетин бекитүү боюнча жайыт комитетинин төрагасы Б.Жунусбаевдин маалыматтык отчету
Урматтуу депутаттар Көлдүк жайыт пайдалануучулар бирикмесиинин 2016-жылга бюджети 20500ди түзүп жыйынтыгында 118пайызга аткарынды. Башкача айтканда 229100 сомго аткарылды Көлдүк жайыт комитети 2016-жылда жайыт пайдалануучулардын көйгөйлөрүн жеңилдетүү максатында «АРИС» программасы менен биргеликте Көлдүк жайыт пайдалануучуларына пайдалуу зарыл болгон жол оңдоочу техникага жана малдардын ден-соолугуна пайда бере турган мончо, яма беккер, стрижка, жайлоого баруучу көпүрөлөрдү оңдоого жана башка жумуштарга керектүү каражаттарды алып эл үчүн жакшы болушуна документтерди түзүп өткөрдүм. Ошол документтерди түзгөнүбүздүн негизинде 2016 – жыл «АРИС» программасы боюнча Көлдүк жайыт комитетине 241 500 сомдук 4 (төрт) кайчылуу көчмө стрижка алынды. Эми 2016-жылы «АРИС» программасына өткөргөн документтердин негизинде элге керектүү техникаларды жана башкаларды алып турабыз. АРИС программасынын негизинде көпөрөлөрдү оңдотууга аракет болуп турат.
2016-жылы «Кара-Шоро» жайлоосундагы эчки тал участогундагы көпөрөнү «АРИС» программасынын долобооруна киргизгемин. Көпөрөнү үч айыл өкмөт
(Ак-Жар, Мырза-Аке, Көлдүк) жайыт комитеттери чогуу биргеликте бүтүрмөк болгон. Бирок келишим боюнча 15 000 сом проектисине төлөмөк болгонбуз. Мен 4800 сом төлөдүм. Ак-Жар, Мырза-Аке жайыт комитеттери отказ берип койгондуктан өзүм жалгыз бүтүрө албай калдым.
Жайыттардагы малчылар баруучу жолдорду мисалы Эчки-Тал участкасындагы жолду элдин күчү менен ашар жолунда оңдодук. Ички жайытка баруучу Кара-Баткак жолун бульдозер менен сүрдүрүп ремонт иштерине 10миң сом акча каражаты жумшалды.
Ички жайыт боюнча мал суу иче турган ноотторду куру үчүн Жалгыз – Жаңгак участкасы менен Алма-Конок участкасына АРИС программасынын жумушчуларын алып барып көрсөтүп проектисин долбоорун бүтүрө албай калдым. Быйыл 2017 – жылы бүтүрүшкө аракет кылам. Жайытка малчыларды жайгаштыруу боюнча пландаштырып ушул жумуштун үстүндө иштеп жатам.
Айылдык вет адистер менен чогуу биргеликте элдердин малдарын калтырбай 2017- жылы жайытка бараардын алдында эмдөөнү толук сунуштап жатам.
Жайыт комитети иш пландарын, жайыт акысы коюлган айылдык кеңештин сессиясында бекитилген бюджеттик планды ашыгы менен аткардык. Бюджеттик сметанын негизинде 205,0 миң сом план болсо, коюлган планды 229,100 сомго аткардык.
Жайыт акысын малчылардан жыйноо дагы деле болсо мен үчүн өтө оор болуп жатат.
2016-жылы жайыт акысы төмөндөгүчө сарпталды.
№ | Көрсөткүчтөр | Суммасы (сом) |
1 | Эмгек акыга | 61000 |
2 | Соц фондго | 10523 |
3 | Жер салыгы | 67100 |
4 | инфраструктурага | 24800 |
5 | Транспорттук чыгым | 15035 |
6 | АРИС программасына | 28447 |
7 | түрдүү чыгымдар | 22195 |
Жалпы: | 229100 | |
Жогорудагы көрсөтүлгөн жана аткарылбай калган жумуштарды 2017 – жылы жалпы элдин жардамы менен жана суроо талаптары менен жайыттардын малга болгон шартын оңдоого аракет кылам.
Көлдүк жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2017-жылга жайыпттын бюджетин жогорулатуу максатында 2017-жылга 251мин сомго көтөрүлдү. Булл сумма жайыт инфраструктурасын жакшыртууга жумшалат деген ишеничтемин.
Урматтуу депутаттар жайыт акысын чогултууда бир топ маселелер бар экенин эсиниздерге салуу менен бирге жайыт салыгын чогултууга сиздердин чон жардамыныздар керек.
Көлдүк жайыт комитетини төрагасы | Б.Жунусбаев |
БЕКИТЕМИН.
Көлдүк айылдык кеңешинин
Төрагасы __________Б.Сатыгулов
18.02.2017-жыл
Ош облусундагы Өзгөн районунун Көлдүк айыл окуругунун жайыт пайдалануучулар бирикмесинин
2017-жылга БЮДЖЕТИ
№ | Чыгымдардын статьялары | Саны | Иштеген айы | Баасы | Суммасы |
1 | Тораганын эмгеке акысы | 1 | 6 | 5000 | 30000 |
2 | Бухгалтер | 1 | 6 | 4000 | 24000 |
3 | Ишканадан камсыздандыруу учун толомдор 17,25% |
|
|
| 9315 |
4 | Транспорттук чыгым |
|
|
| 10000 |
5 | Башка турдуу чыгымдар (конц. Товар, ассоциацияны каржылоо ж.б) |
|
| 8945 | |
6 | Жайыт инфраструрасынын жакшыртууга |
|
| 100000 | |
7 | Жер салыгы |
|
| 68740 | |
| Бардыгы |
|
| 251000 | |
Көлдүк жайыт комитетинин торагасы | Жунусбаев Б |