Загрузка документа…
АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3-октябры №1
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Арал айылдык кеңешинин ХХ -чакырылышынын ХI–сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арал айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Мамадалиевдин билдирүүсү эске алынсын.
2. Арал айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Мамадалиевдин тогуз айда аткарган иши канаттандыраарлык деп табылсын.
3. Арал айыл аймагында суу ташкынынан зыян тарткан 112,75 га жерлерди жер салыгы салык кодексинин 344- статьясынын 2-пунктунун негизинде салык төлөөдөн бошотулсун.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдө туруктуу комиссиянын төрагаларына милдеттендирилсин.
Төрага | Б. Мамадалиева |
Арал айыл аймагынын социалдык - экономикалык өнүгүү программасын
турмушка ашырууда Арал айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 9 айына карата аткарган иштери жөнүндө
МААЛЫМАТ
Арал айыл аймагы 5 айылдан турат. Жогорку Арал - 299 , Орто Сай- 93, Черемушка -94, Чертек Сай- 197 , Интернационал – 390 түтүн болуп 1073 кожолук 6414 киши жашайт.
Арал айыл аймагында 2 орто жана 1 негизги билим берүүчү мектептер, 3 балдар бакчасы, 1 кесиптик лицей, 1 маданият үйү, 1 үй бүлөлүк дарыгерлер тобу, 2 дарыкана бар.
2017-жылда ички миграция боюнча 39 жаран чыгып, 25 жаран каттоого турду.
2017- жыл ичинде 265 адам жарандык паспортторун алууга жетишишти, алардын ичинен Өзбекстандан келген келиндер 6 адам, этникалык кыргыздардан 4 адам Кыргыз Республикасынын жарандыгын алышты.
Пенсионерлер 616 киши, алар бир айда 2 млн 728 мин 835 сом, пенсия алышат. Жөлөк пул алуучулар 2017-жылдын 1-октябрына карата 78 үй бүлө, анын ичинде 261 бала болуп, чектелген сумма бир айда 211 410 сомду түзөт, жана социалдык жөлөк пул алуучулар 52 адам, анын ичинен 18 жашка чейинкилери 27 адам, буларга чектелген сумма 1 млн 548 сомду түзөт.
Жакырчылык деңгээли 2016-жылдын 1-январына 33,4 %, 2017-жылдын 1-январына карата 32,5 % болуп, 0,9 % төмөндөгөн, 10 үй бүлөнүн жашоо деңгээли жогорулаган.
Азыркы учурда ата-энесинин камкордугунан толук ажыраган 6 бала каттоодо турат. 2015-жылы тоголок жетим балдарга эсептик счет ачылган, 2017-жылы 2 баланын эсебине 1000 сомдон акча каражаты которулуп берилди. Бир балага эсеп ачуу боюнча документтери даярдалууда, үч баланын камкордукка алуу боюнча соттун чечими чыга элек.
Жакырчылыкты кыскартуу, жакыр үй бүлөлөргө даректүү жардам көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 6-сентябрындагы “Балдары бар аз камсыз болгон үй бүлөлөргө социалдык конракттын негизинде ар айдагы жөлөк пулду берүү боюнча пилоттук долбоор жөнүндөгү” № 486 токтомун турмушка ашыруу үчүн жөлөк пул алуучулардын арасынан бул долбоорго 11 үй бүлө тандалып алынып, айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча 1 үй бүлөгө жана мал чарбасына 10 үй бүлөгө бир транш менен акча каражаттары райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан төлөнүп берилген. Ошондой эле Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын 2017-жылдын 1-мартындагы № 35-б буйругунун негизинде жогорудагы пилоттук долбоорго кошумча дагы үч үй бүлө тандалып алынып, алар менен да соц.контракттар түзулгөн. Натыйжада мал-кой алышкан. Сентябрь айында Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин адистери тарабынан кайчылаш текшерүү жүргүзүлдү.
2017-жылдын тогуз айында 103 үй бүлөгө 137 миң 730 сомдук түрдүү материалдык колдоолор көрсөтүлдү. Ошондой эле кайра бөлүштүрүү фондунун жеринен женилдетилген шартта 13 үй бүлөгө 10,0 га жер ажыратылып берилди.
Жумушсуздукту кыскартуу, кесипке кайра окутуу боюнча № 68 кесиптик лицейде кондитердик азыктарды даярдоо боюнча 15 кыз-келиндер жана ширетүү иштери боюнча 15 эркек балдар 3 айлык курста окуп билим алышып сертификатка ээ болушту. Алардын ар бирине Ноокен райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан 250 сомдон үч айга 750 сом стипендия төлөнүп берилди.
Окуучулардын коопсуздугун сактоо, билим сапатын жогорулатуу максатында бардык мектептерде видео байкоочу орнотулган, алар жакшы натыйжасын берүүдө.
Күз-кыш мезгилине карата бардык билим берүү мекемелерине көмүр түшүрүлүп берилди.
Ал эми жашы жетпегендер менен иштөө, каада-салтты жөнгө салуу, мамлекеттик тилди өнүктүрүү, маданият, спорт жана жаштар менен иштөө боюнча да тийиштүү тармактар, коомдук уюмдар менен биргеликте иштер алып барылууда.
Саламаттык сактоо тармагында
Арал айыл аймагында 2017-жыл тогуз айына карата 1 наристенин өлүмү катталган, энелердин өлүмү катталган жок. Кургак учук оорусу менен 2 адам катталган.
2017-жылы Арал айыл өкмөтүнө түшкөн арыздар боюнча маалымат.
2017-жылдын 9 айында айыл аймагынын жарандарынан 162 арыз келип түшкөн. Анын ичинен - 85 арыз турак жай курууга участок сураган. Социалдык маселелер боюнча 6, билим беруу тармагы боюнча 8 жаран, турдуу маселелер боюнча 63 жаран кайрылган. Там салуу учун жер участкасын сураган кезекте турган атуулдарга турак жай курууга жер участкалары берилди.
Арал айыл өкмөтүнүн бюджетинин аткарылышы
Арал айыл өкмөтүнүн 2017 – жылдын 9-айына жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү – 4119,3 мин сом бекитилип, жыйынтыгында – 4291,0 мин сомго, 104,2 % -ке аткарылды.
Жергиликтуу бюджетке республикалык бюджеттен тендоочу грант – 3948,3 мин сом жана өткөрүп берүүчү каражаттан-190,4 миң сом жалпы-4138,7 миң сом келип түшкөн. 2017-жылдын 9-айдын жыйынтыгы менен айыл окмотунун бюджетинин киреше болугу – 8429,7 мин сомду тузгон.
Арал айыл окмотунун бюджетинин чыгаша болугу 2017- жылы – 8299,0 мин сомго бекитилген. Тактап айтканда эмгек акыга – 1958,7 мин сом, социалдык фондго чегеруулор – 295,5 мин сом, сапар чыгымына – 49,2 мин сом, Электроэнергия толомдоруно – 568,9 мин сом, айыл окмотунун автоунасына кеткен чыгым -132,0 сом, балдар бакчасы, мектептердин жайкы ремонтуна жана айыл окмотунун канторасынын ички ремонторун жургузууго жалпысы – 39,8 мин сом, балдар бакчаларынын тарбиялануучуларына тамак –уюштурууга – 1101,4 мин сом, мектеп жана балдар бакчаларынын санитардык тейлоосуно – 55,1 мин сом, комур сатып алууга – 381,8 сом, ич ара жолдорду ондогоо – 0 мин сом, балдар бакчасынын эмеректер сатып алууга – 103,3 мин сом, айыл окмотунун, мектеп, балдар бакчасы, жана айыл окмотунун карамагындагы муниципалдык менчиктеги объектилердин чарбалык иштерин жургузуу учун – 2134,6 мин сом каржылоо жургузулгон.
Арал айыл өкмөтүнүн 2016- жылдын 9 айына салыштырмалуу 2017-жылдын 9 айында бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы.
№ | Салыктын турлору | 2016-ж мин сом | 2017-ж мин сом | ||||
План | факт | % | План | факт | % | ||
1 | Жер салыгы, юрид. | 532,0 | 557,4 | 104,7 | 532,0 | 585,0 | 110 |
2 | Жер салык, физ. | 92,5 | 96 | 103,7 | 110,0 | 111,8 | 101,6 |
3 | Жер салык не с.х | 130 | 130 | 100 | 219,0 | 219,7 | 100,3 |
4 | Транспорт салыгы | 260 | 316,7 | 121,8 | 280,0 | 388,3 | 138,7 |
5 | Мулк салыгы | 82 | 85,9 | 104,7 | 82,0 | 83,0 | 101,2 |
6 | Сатуудан тушуучу салык | 42,0 | 45,4 | 108 | 39,2 | 24,2 | 61,7 |
7 | Патент | 90,0 | 99,2 | 110 | 127,0 | 129,7 | 102,1 |
8 | Киреше салыгы | 730,0 | 752,4 | 103 | 859,8 | 929,5 | 108,1 |
9 | Ижара акы толомдору | 1950,0 | 1003,4 | 51,4 | 1818,3 | 1722,0 | 94,7 |
| Жалпысы | 3908,5 | 3086,4 | 79 | 4067,3 | 4193,2 | 104 |
Арал айыл аймагында социалдык камсыздандыруу толомдору 2017-жылдын 9 айына план – 815 миң сом бекитилип, 9 айындын жыйынтыгында – 847 миң 600 сом 100,4% га аткарылды.
Арал айыл өкмөтүнүн 2016- салыштырмалуу 2017-жылы социалдык төлөмдөрдүн аткарылышы.
| Аталышы | 2016-ж | 2017-ж | ||||
План | факт | % | План | факт | % | ||
1 | Социалдык толом | 724,0 | 724,2 | 100 | 815,0 | 847,6 | 100,4 |
2017-жылда мектептерге, балдар бакчасына жана маданият тармагына жергиликтүү бюджеттен берилген акча каражаты - 3174935 мин сом.
к/р№ |
| сапар чыгым | тамак-аш | Спец счет тамак-аш | туурдуу чыгым | тех. рем | капитальный ремонт сан усел | эмерек сатып алуу | спец счет турдуу чыгым | итого |
1 | № 6 Арал ОМ № 36 Мамаев ОМ |
|
|
| 382812 |
| 182065 санусель 119773 туалет курууга |
|
| 684650 |
2 | НСШ 43 |
|
|
| 12500 |
| 4000 |
|
| 16500 |
3 | СДК | 4800 |
|
| 30000 |
|
|
|
| 34800 |
4 | Дет-сад |
| 823007 | 775100 | 150238 | 484640 | 200000 |
| 6000 | 2438985
|
| Всего | 4800 | 823007 | 775100 | 575550 | 484640 | 505838 |
| 6000 | 3174935 |
Айыл чарба тармагында өндүрүлгөн продукциялардын 9 айына карата көрсөткүчтөрү:
Айыл чарбасы боюнча
Экономикабыз негизинен айыл чарба, мал чарба, өндүрулгон продукцияны кайра иштетуучу онор жайларынан, кичи жана орто бизнестен турат. Дыйкандарга 15 айдоо трактору, 5 дан оргуч комбайн, 96 донголоктуу турдуу маркадагы тракторлор, 3 зыянкечтерге каршы курошуучу тракторлор, 2 эксковатор кызмат корсотту. Арал айыл аймагында айыл чарбасына жарактуу 2064,0 га сугат айдоо жер бар. Айыл чарба осумдукторун эгуу жана тушумду жыйноо оз убагында аткарылды. 2017-жылы талаачылыктан:-
Куздук буудай – 350 га жерге эгилип 40,4 ц/га жалпысы – 1414 тн,
Жугору данга -418 га жерге эгилип 67,2 ц/га жалпысы – 2811 тн,
Шалы – 80 га жерге эгилип – 39,5ц/га жалпысы – 316 тн,
Пахта – 650 га жерге эгилип анын ичинен 468га терилип – 32,3 ц/га жалпысы – 1524,5 тн,
Картошка – 10 га жерге эгилип – 169,4 ц/га жалпысы – 169,4 тн,
Жашылча – 170 га жерге эгилип – 288,5 ц/га жалпысы – 4905,2 тн,
Бахча – 66 га жерге эгилип – 303,2 ц/га жалпысы -2001,2 тн,
Момо-жемиш – 23 га-дан жалпысы - 125 тн,
Жузум – 4,0 га-дан жалпысы - 28 тн,
Беде чобу – 315 га-дан жалпысы – 5685 тн,
Жалпысынан – 323 млн 989 мин 1 жүз сомдук продукция ондурулду.
Мал чарбасы боюнча.
Арал айыл аймагынын ветеринардык кызматкери тарабынан профилактикалык иштер, ар турдуу жугуштуу ооруларга каршы иш- чаралардын негизинде эмдоолор жургузулду. Тилеке каршы айыл аймакта 3 баш кара малдан бруццелез оорусу аныкталган,бул боюнча тийиштү иш чаралар көрүлгөн. Эпизоотиялык абал жакшы. Белгиленген план аткарылды. Жыл башынан 95 баш жолбун иттер атылды. Малдын башы боюнча кара мал – 1794 баш, анын ичинен уйлар – 820 баш, жылкы – 72 баш, кой- эчки – 3608 баш, анын ичинен тубары – 2777 баш, уй канаттуулар – 6685, анын ичинен тооктор – 4960 баш. 2016- жылы мал чарбасынан: -
Эт ондуруу – дун жыйым 215тн,
Сут – дун жыйым 1453 тн,
Жумуртка – дун жыйым 392 мин дана,
Жун – 6,8
Жалпысынан – 68 млн 149 мин 800 сомдук продукция ондурулду.
Арал айыл аймагында 2017- жылдын 9 айында айыл чарба тармагынан жалпысы – 392 млн 989 мин 100 сомдук продукцыя өндүрүлгөн
Кыргыз Республикасынын окмотунун азык тулук коопсуздугу програмасын аткарууда айыл аймагында иштеп жаткан урон чарбалардын, кооперативтердин, дыйкан чарбалардын, суу пайдалануучулар ассоциациясынын жана жеке чарбалардын салымы бар.
2017-жылы Арал айыл аймагынын социалдык-экономикалык инфраструктурасын ондоого тартылган инвестиция.
1. Жогорку Арал айылына өнүктүрүү фонду тарабынан 9млн 945 миң сом акча каражаты бөлүнуп, 75 орундуу бала бакчанын курулуш иштери жүрүп жатат.
2. Жергиликтүү бюджет эсебинен 272 миң 800 жүз сом акча каражаты бөлүнүп жаңы конушка трансформатор орнотулду.
3. Вет.сервиз куурууга Арис тарабынан 1млн 307 миң сом каралып ,бүгүнкү күндө чатыры жабылды жана 1 млн 904 миң сомго МТЗ трактор алынды.
4. Чертек-Сай айылындагы мектептин айланасы жергиликтүү бюджеттин эсебинен жалпы сметалык сумма 381 миң 100 сом бөлүнүп , бүгүнкү күндө курулуш иштери жүрүп жатат.
2017-жылы «Арал – Сай» суу пайдалануучулар ассоциасынын аткарган иштери.
«Арал-Сай» СПА-да 6 мурап эмгектенип, дыйкандарды сугат суу менен камсыз кылышат. Арал айыл аймагынын ички чарбалык каналдарын реабилитациялоо боюнча Кыргызстанда биринчилерден болуп проект жазылып ал өздөштүрүлгөн. 2017-жылда сугат суу тартыштыгы болгон жок. Сугат суу боюнча чыр-чатак тартыштар болгон жок, маселелер убагында айыл башчылары жана суу пайдалануучулар менен биргеликте чечилди. Башка айыл аймактарга салыштырмалуу тушумдуулук жакшы болду. Дыйкандардын суугат сууга болгон толомдору 65% аткарылды. Буткул дуйнолук банктан кредит төлөмдөн карызы бар. Бул карыздарды жоюу боюнча иштер жургузулуп жатат.
2017-жылы Элдин тынчтыгын камсыз кылууда аткарылган иштер.
Элдин тынчтыгын камсыз кылууда жылдын башынан бери ар бир айылда, айыл башчылары, участкалык инспектор менен биргеликте жыйналыш өткөрүлүп кылмыштуулукка каршы күрөшүү, мал уурулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү жана элдик кошуундар түзүлгөн. Мал уурулуктун алдын алуу боюнча штаб түзүлүп, аппарат кызматкерлеринин, айыл башчылары, айыл тургундарынын, жергиликтүү мергенчилердин курамынан айылдарда күзөттөр уюштурулуп, элдин тынчтыгын камсыз кылып жатышат. Арал айыл өкмөтүнүн бюджетинен түнкү күзөткө, транспорттун күйүүчү майына акча каражаты бөлүнүп берилет.