Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 7-декабры № 1
Ноокат шаарынын 2016-жылдагы 9- айлык социалдык- экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы боюнча Ноокат шаардык мэриясынын финансы- экономика бөлүмүнүн башчысы М. Абдурасуловдун билдирүүсү жөнүндө
Ноокат шаарынын 2016-жылдагы 9-айлык социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы боюнча Ноокат шаардык мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Абдурасуловдун билдирүүсү жөнүндөгү маселе Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын 2016-жылдагы 9-айлык социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы боюнча Ноокат шаардык мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Абдурасуловдун билдирүүсү эске алынсын. (Билдирүү тиркелет)
2.Ноокат шаарынын 2016-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүү планынын мөөнөтүндө аткарылышы Ноокат шаардык мэриясынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Абдурасуловго жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |
Урматтуу төрага!
Урматтуу депутаттар!
Урматтуу бугунку чогулуштун катышуучулары!
Ноокат шаардык мэриясынын 2016-жылдын 6 (тогуз) айы үчүн бекитилген бюджетинин планы киреше бөлүгү 36 855,5 миң. сомду түзөт. Ал эми 9 (тогуз) ай ичинде киреше жана чыгаша боюнча такталган планы 34355,5 миң сомду түзду. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү боюнча 9 (тогуз) айга такталган планы 34355,5 миң сом болсо, 9 (тогуз) ай ичинде 40043,9 миң сом же болбосо бекитилген пландан 3191,4 миң сомго көп аткарылды.
1. Атап айтсак, киреше салык планы 9916,6 миң сом болсо, аткарылганы 10966,6 миң сомду түзүп, план 1050,0 миң сомго көп, же 110,6% га аткарылды.
2. Бирдиктүү салык планы 168,3 миң сом болсо, аткарылганы 358,2 миң сомду түзүп, план 212,8 % га, же 189,9 миң сомго коп аткарылды.
3. Патенттен түшкөн салык планы 10817,7 миң сом болсо, аткарылганы 11353,3 миң сомду түзүп, план 535,6 мин сомго көп,же 105,0 % га аткарылды.
4. Кыймылсыз мүлк салыгы 960,5миң сом болсо, аткарылганы 935,4 миң сомду түзүп, план 97,4 % га, же 25,1 миң сомго кем аткарылды.
5. Транспорт салыгы планы 825,0 миң сом болсо, аткарылганы 1647,3 миң сомду түзүп, план 822,3 % га, же 199,7 миң сомго коп аткарылды.
6. Сатуудан түшкөн салык планы 7938,3 миң сом болсо, аткарылганы 7721,4 миң сомду түзүп, план 97,3 % га, же 216,9 миң сомго кем аткарылды
7. Таштанды ташып чыгаруу салык планы 157,0 миң сом болсо, аткарылганы 254,1 миң сомду түзүп, план 161,8% га, же 97,1 миң сомго көп аткарылды.
8. Калктуу конуштагы жер салыгынын планы 362,1 миң сом болсо, аткарылганы 136,3 миң сомду түзүп, план 37,6% га, же 225,8 миң сомго кем аткарылды.
9. Авто токтоочу жайдан (порковкадан) алынуучу салык 750,0 миң сом болсо аткарылганы 764,0 миң сомду тузуп, план 102,0 % га же 14,0 миң сомго коп аткарылды.
2015-жылдын 9 айына жалпы түшкөн киреше 35085,9 миң сом болсо 2016-жылдын 9 айында түшкөн жалпы киреше 40046,9 миң сом болду 2015-жылга салыштырмалуу жергиликтүү бюджетке 114,1 % коп же 4961,0 миң сомго киреше көп түштү.
Чыгаша болугу боюнча айтсам 2016-жылдын 9 айына 36855,5 миң сом болуп 2016-жылдын 1-январына калган калдык 3983,6 миң сом болуп, жалпы 9 айда 38339,1 миң сомго план такталган.
Аткарылганы:
701 бөлүм Өзүн өзү башкаруу тармагы 81,9 % га аткарылды
706 бөлүм Коммуналдык чарба бөлүмү 90,7 % аткарылды
708 бөлүм Маданият тармагы 93,6 % аткарылды
709 бөлүм Билим берүү тармагы 81 % аткарылды
710 бөлүм Социалдык коргоо тармагы 79,5 % аткарылды
Жалпы 83,3 % аткарылды. Чыгаша бөлүгүнүн аз аткарылган себеби билим берүү тармагындагы көмүр алуу ремонттору каникул убагында башталганы жана жолдорго асфальтарды эми басып жаткандыгына байланыштуу.
Ноокат шаар мэриясынын финансы-экономика башчысы |
М. Абдурасулов |