Редакцияот 13.04.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин кезектүү VI сессиясы (VII чакырылыш)

 

2017-жылдын 13-апрели №13

Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы жайыт комитетинин 2017-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө

 

Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү VI- сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы жайыт комитетинин киреше-чыгашасы Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 28-декабрындагы №254, 2016-жылдын 7-майындагы №56 мыйзамдарынын редаксияларына ылайык жана 2017-жылдын 1- январынан тартып колдонууга киргизилген Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 48- “Жергиликтүү бюджеттердин кирешелери” беренесинин 10-пунктуна ылайык, жайыттарды пайдалангандыгы үчүн төлөм жайыт салыгын кошпогондо 420,4 миң сомго бекитилсин.

2. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн жайыт комитетине жайыт пайдалануучулардан түшкөн каражаттарды жергиликтүү бюджетке багытто милдети жүктөлсүн

3. Токтомду аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл Кеңешинин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономика байланыш боюнча комиссиясына тапшырылсын.

4. Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Төрага

М. Нуржакыпов