Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 8-ноябры № 38
Кара-Бак айыл аймагынын жер фондун инвентаризациялоону бекитүү жөнүндө
"Кыргызмамжердолбоорлоо" институтунун Баткен жерге жайгаштыруу боюнча экспедициясынын Кара-Бак айыл аймагындагы айылдык конуштарынын тактаган материалдарын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-мартындагы № 114 сандуу токтомунун негизинде Кара-Бак айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XXXX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргызмамжердолбоорлоо" институтунун Баткен жерге жайгаштыруу боюнча экспедициясынын Кара-Бак айыл аймагындагы жер фондуну инвентаризациялоо материалдары бекитилсин.
2. Кара-Бак айыл аймагындагы жер фондуну инвентаризациялоо материалдарын бекитип берүү жагы Баткен районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т. Курбанбековго жүктөлсүн.
Төрага | А. Каламбеков |