Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 10-ноябры № 67
Баткен шаарындагы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга көрүлүп жаткан камкордуктар жана жардамдар жөнүндө
«Кыргыз Республикасында 2017-жылдарга ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктарын камсыз кылуу жана жашоосунун сапатын жакшыртуу боюнча чаралардын комплекси жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 2-декабрындагы № 650 токтомунун жетекчиликке алуу менен шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгы ишмердүүлүгүнүн, «Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга мамлекеттик камкордукту жана жардамды берүү бөлүгүн жүргүзүп жатат.
Баткен шаарында 2016-жылдын 1-октябрына карата 958 адам ден соолугунан чектелгендиктен каттоого алынган. Үстүбүздөгү жылы 4 мүмкүнчүлүгү чектелген адамга социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан акысыз майыптык араба берилген. Ден солугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга материалдык эле эмес маралдык да колдоо көрсөтүү максатында Баткен шаарында облустук масштабда 2016-жылдын 15-апрелинде Кыргыз Республикасынын социалдык өнүгүү министрлиги тарабынан «Мен бармын жана өз укугумду билемин!» аттуу акция өткөрүлгөн. Акцияга Баткен шаарынан 60 ден соллугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жана кыздар катышышты. Өткөрүлгөн акцияда концерттик программалар тартууланып, мүмкүнчүлүгү чектелген атуулдар бир аз болсо да көңүлдөрү көтөрүлдү деп бааланып андан кийин ысык тамак менен сыйланышып, Кара-Булак айылындагы Айгүл-Тоодон айгүлгүлүн көрүп келишкен.
2015-жылы 3-декабрь ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адмдардын Эл аралык күнүнө карата 18 жашка чейинки жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жергиликтүү бюджеттеин эсебинен 40 аз камсыз болгон үй бүлөөлөргө 200 кг дан жана 2 Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерине 1тоннадан көмүр таркатып берилген. Мындан сырткары 42 мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жергиликтүү бюджеттин эсебинен ар бирине 500 сомдон таркатылды. Ошондой эле «Нур» балдарды калыптандыруу борборуна Баткен облустук Бажы кызматы 10000 (он миң) сом, 2021 чек ара аскер бөлүгү 5000 (беш миң) сом, Баткен шаардык спорт жана дене тарбия бөлүмү 2600 (эки миң алты жүз) сом, Баткен облустук жатак мектебинин окуучулар жамааты 2800 сом, Облустук Ички иштер башкармалыгы 6000 сом жана 24 балага жаңы жылдык белектерди беришкен. №57 кесиптик лицей кийим кече, Кызыл жарым ай кому 10 даана красовка, кийим кече менен беришкен. Баткен шаарынын тургуну, тиш дарыгер Жалилов Нурли, жеке ишкер Набиев Арзыбек тарабынан шириндик жана мөмө жемиштер, жеке ишкер Тагаев Алтынбек компьютердик стол беришкен. Эргешова Салима продукталык жардам, Кылы-Жол орто мектебиинклюзивдүү иш чара өтүү менен бирге 25 даана белек кылышкан. Ошондой эле 25 мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга шаардык мекеме ишканалардын жетекчилиери тарабынан жардамдар көрсөтүлүп турулат. Айтылган иш чаралар бардыгы шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын иш планынын негизинде уюштурулуп жеткирилген. Бүгүнкү күндө жогоруда белгилегендей эле жалпы мүмкүнчүлүгү чектелген 958 адам болсо анын ичинен 174 бала мүмкүнчүлүгү чектелген бала болуп катталуу менен айына 3300 сомдон социалдык жөлөкпул алышат.
2015-жылдын 1-октябрь «Улгайган адамдардын Эл аралык күнүнө» карата 22-сентябрда Баткен шаарында жалпы баасы 850000 сомдук долбоор ишке ашып, Улгайган адамдардын күндүзгү келип кетүү борбору ачылып, ага учурда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар келип пайдаланып турат.
Ден соолугунан чектелген 2-топтогу Сейдахматова Гүлүмкан Талас областындагы социалдык стационардык мекемеге Баткен шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын социалдык адистери тарабынан 2016-жылы май айында жеткирилип жайгаштырылып келинди. Ошондой эле май айында 2-топтогу майып 1952-жылы туулган Жооробаев Аллаберди Токмоктогу майыптар үйүнө, март айында 2009-жылы туулган майып Нурбекова Гүлнур Сокулуктагы майып балдар үйүнө шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан жеткирилип жайгаштырылган. Мындан тышкары мүмкүнчүлүгү чектелген атуулдар материалдык жардам сурап кайрылышкан учурда шаар мэриясы тарабынан да токтоосуз жардамдар көрсөтүлүп турулат.
-шаар аймагындагы 15 жалгыз бой крыялардан жашоо шартынан 3 социалдык кызматкерлер тарабынан кабар алып турмуш тиричилигине жардамдарын берип турушат.ошондой эле шаар аймагында жашаган 6 тоголок жетим, 532 жарым жетим, 18 жашка чейинки 174 мүмкүнчүлүгү чектелген балдар жашайт. Тоголок жетим балдардын ар бирине эсеп китепчеси ачыып шаар мэриясы жана демөөрчүлөр тарабынан акча каражаты салынып турулат.
2016-жылдын 1-июнь Балдардын Эл аралык күнүнө карата жергиликтүү бюджеттен 10000 сом акча бөлүнүп, ал акча 3 ден соолугунан мүмүкүнчүлүгү чектелген балдарга 500 сомдон акча берилип, 6 тоголок жетим баланын эсеп китепчесине 1000 сомдон акча каражаты салынды.
18 жашка чейинки мүмкүнчүлүгү чектелген Шайдулла уулу Ысмайылга 2009-жылдын 26-майында РСК банк тарабынан Аманат китепчеси ачылып, 2016-жылдын 1-октябрына карата 262678 сом жыйналган.
Шаардагы жалпы билим берүүчү орто мектептерде жалпысынан 62 ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар билим алышат. Алар мектеп тарабынан да камкордукка алынышып жеңилдиктер көрсөтүлүп турулат.
Жогорудагылардын негизинде Баткен шаардык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги ХХIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен шаар мэриясы жана шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан, Баткен шаарындагы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан камкордуктар жана жардамдар даректүү жеткирүлүү жагы күчөтүлсүн.
2. Жыл ичинде мүмкүнчүлүгү чектелген адмдардын календардык даталуу күндөрүнө карата, алдын ала 1 айлыктар жарыялануу менен даталуу күндөргө даярдыктар көрүлсүн.
3. Шаар аймагындагы бардык мекеме ишканалар административдик имараттын кирүү-чыгуусуна пандос орнотуу менен ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерге камкордукту көрүүсү милдеттендирилсин.
4. Шаар аймагындагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 18 жашка чейинки атуулдардын материалдык жактан камсыздалышын кепилдендирүү максатында, банктар тарабынан аманат китепчесин ачуу менен камсыздалган атуулдардын санын көбөйтүү жагы шаар мэриясына жүктөлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин төрагасынын орун басары М.Орозбаевге тапшырылсын.
Төрага | Э. Рахматов |