Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы № 291 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 2-декабры № 650
2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктарын камсыз кылуу жана жашоосунун сапатын жакшыртуу боюнча чаралардын комплекси жөнүндө
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктарын камсыз кылуу жана жашоосунун сапатын жакшыртуу, ошондой эле Майыптардын укуктары жөнүндө конвенцияны ратификациялоо боюнча сунуштарды даярдоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын укуктарын камсыз кылуу жана жашоосунун сапатын жакшыртуу боюнча чаралардын комплекси (мындан ары – Чаралардын комплекси) тиркемеге ылайык бекитилсин:
2. Министрликтер, административдик ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) ар бир жарым жылдын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 15-күнүнө чейин Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигине Чаралардын комплексин ишке ашыруу боюнча маалымат берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги ар бир жарым жылдын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 25-күнүнө чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Чаралардын комплексин ишке ашыруу боюнча жалпыланган маалыматты берсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013- жылдын 2-декабрындагы № 650 токтомуна тиркеме |
к.№ | Иш- чаралар | Жооптуу аткаруучулар
| Аткаруу мөөнөтү | Каржылоо булагын көрсөтүү менен божомолдонгон чыгымдар (миң сом) | Индикаторлор |
1. Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын маселелерин регламенттөөчү ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо
| |||||
1. | - “Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө”; - “Кыргыз Республикасында социалдык тейлөөнүн негиздери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ишке ашырылышын талдоо:
| СӨМ, ССМ, БИМ, ЭМЖМ, ТКМ, Курулуш агенттиги
| 2014-жылдын I кварталы |
| Орто аралык индикатор: Жүргүзүлгөн талдоонун жыйынтыгы боюнча талдоо маалыматы. Акыркы индикатор: Мыйзамдарды жакшыртуу боюнча иштелип чыккан сунуштар
|
2. | Майыптардын укугу жөнүндө конвенцияны ратификациялоо боюнча сунуштарды даярдоо максатында ченемдик укуктук актыларды талдоо
| СӨМ, ССМ, БИМ, ЭМЖМ, ТКМ, Курулуш агенттиги
| 2014-жылдын I кварталы
|
| Орто аралык индикатор: Талданган ченемдик укуктук актылардын тизмеси. Акыркы индикатор: Майыптардын укугу боюнча конвенцияны ратификациялоо боюнча иштелип чыккан сунуштар |
2. Маалыматтык иштер аркылуу майыптуулук маселелеринин социалдык маанилүүлүгүн коомдук моюнга алуунун жана түшүнүүнүн деңгээлин жогорулатуу | |||||
3. | Коомдун ДМЧАларга позитивдүү мамилесин түзүүгө багытталган коомдук-агартуучу кампанияларын өткөрүү боюнча медиа-планды иштеп чыгуу жана бекитүү
| СӨМ, ССМ, БИМ, ЭМЖМ, ММТМ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), КТРК (макулдашуу боюнча), ЭлТР, “Эркин-Тоо” газетасы, “Кыргыз Туусу” Басма үйү, “Слово Кыргызстана” Басма үйү
| 2014-жылдын II кварталы
|
| Орто аралык индикатор: Тиешелүү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими менен бекитилген медиа-план. Акыркы индикатор: Медиа-планды ишке ашыруу боюнча өткөрүлгөн агартуучу кампаниялардын саны жана аналитикалык маалымат |
4. | Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын жана ишканалардын, жарандык сектордун кызматкерлери үчүн инклюзивдик коом тууралуу семинарларды жана тренингдерди өткөрүү
Инклюзивдик коом тууралуу плакаттарды, буклеттерди жана брошюраларды чыгаруу жана калк арасына таратуу
| СӨМ, БИМ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
СӨМ
| 2014-жылдын II кварталы
2014-жылдын III кварталы
| Тиешелүү органдардын бекитилген бюджетинин алкагында
Донордук каражаттар
| Орто аралык индикатор: Өткөрүлгөн тренингдердин жана семинарлардын саны. Акыркы индикатор: Окуган адамдардын саны
Орто аралык индикатор: Материалдарды даярдоо. Акыркы индикатор: Чыгарылган плакаттардын жана буклеттердин саны жана калктын арасына таратуу боюнча маалымат |
5. | Жалпы билим берүүчү мектептерде: “Майыптуулукту түшүнүүнүн социалдык модели” жана “Майыптардын укуктары жөнүндө конвенция” деген темаларда ачык сабактарды өткөрүү жана ДМЧ балдарды түшүнүү жана мамиле кылуу маселелери боюнча анкеттөө | БИМ, СӨМ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
| Чаралар комплекси ишке ашырылып жаткан мезгилде (жыл сайын - март, май, сентябрь, декабрь)
|
| Өткөрүлгөн ачык сабактардын саны жана ДМЧ балдарды түшүнүү жана аларга мамиле кылуу маселелери тууралуу сабакка чейин жана сабактан кийин анкеттөөгө катышкан окуучулардын саны
|
6. | ДМЧ балдардын катышуусу менен “Балдар дүйнөсү” фестивалын өткөрүү | СӨМ, ССМ, БИМ, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
| жылына бир жолу – 1-июнда | Тиешелүү органдардын бекитилген бюджетинин чегинде жана донордук каражаттар | Орто аралык индикатор: “Балдар дүйнөсү” фестивалын уюштуруу. Акыркы индикатор: “Балдар дүйнөсү” фестивалына катышкан ДМЧ балдардын саны |
7. | Маалымат (жаңылыктар) жана саясий программаларды (дебаттарды) трансляциялоону субтитрлөө же сурдокотормо менен коштоону камсыздоо | КТРК (макулдашуу боюнча), ММТМ
| 2014-жыл | Тиешелүү органдардын бекитилген бюджетинин чегинде
| Көрсөтүлгөн берүүлөрдүн суммалык көлөмү 2014-жылга - 20%, 2015-жылга - 50%
|
3. Социалдык инфратүзүмдөр менен камсыздалышы | |||||
3.1. Архитектура | |||||
8. | ДМЧАлар үчүн жеткиликтүү чөйрөнү камсыздоочу колдонуудагы имараттарга (турак жайлардан тышкары) инвентаризациялоону (паспорттоштурууну) жүргүзүү | Курулуш агенттиги, ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | 2014-жыл |
| Орто аралык индикатор: Өткөрүлгөн талдоонун жыйынтыгы боюнча маалымкат. Акыркы индикатор: Тиешелүү чечимдерди чыгаруу боюнча сунуш |
9. | ДМЧАлар үчүн жеткиликтүүлүктү камсыздоочу административдик жана коомдук имараттарда (медициналык, билим берүү, социалдык, банк мекемелери ж.б.) шарттарды түзүү боюнча планды иштеп чыгуу жана бекитүү | Курулуш агенттиги, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), Экотехинспекция | 2014-жылдын IV кварталы |
| Орто аралык индикатор: Тиешелүү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечими менен бекитилген план. Акыркы индикатор: ДМЧАлардын камсыздалышы үчүн шарттары түзүлгөн колдонуудагы имараттардын жана курулмалардын саны |
3.2. Билим берүү (мектепке чейинки билим берүү) | |||||
10. | Мектепке чейинки уюмдардын шартында ДМЧ балдар үчүн педагогикалык кызматты көрсөтүү боюнча методикалык сунуштарды иштеп чыгуу жана бекитүү | БИМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | 2014-жылдын IV кварталы | Донордук каражаттар | Методикалык сунуштардын болушу
|
11. | Майыптыкты түшүнүүнүн жана ДМЧ балдар менен иштөө өзгөчөлүктөрүнүн медициналык моделинен социалдык моделине өтүү маселелери боюнча мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын кызматкерлерин окутуу жана потенциалын жогорулатуу | БИМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
| 2015-жылдын аралыгында | Донордук каражаттар | Орто аралык индикатор: Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын окутулган кызматкерлеринин саны. Акыркы индикатор: Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тастыктама алган кызматкерлеринин саны
|
3.3. Билим берүү (мектепте билим берүү) | |||||
12. | Бардык типтеги жана менчигинин түрүнө карабастан жалпы билим берүүчү уюмдардын класстарындагы толуу чеги тууралуу инструктивдик материалдарды ДМЧ балдарды окутуу маселелерин кошуу менен иштеп чыгуу жана бекитүү | БИМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | 2014-жылдын III кварталы
|
| Инструктивдик материалдардын болушу
|
13. | Майыптуулукту түшүнүүнүн медициналык моделинен социалдык моделине өтүү маселеси боюнча жалпы билим берүү мектептеринин мугалимдеринин потенциалын жогорулатуу | БИМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Чаралар комплекси ишке ашырылып жаткан мезгилде бир жолу | Донордук каражаттар
| Жалпы билим берүү мектептеринин окутулган мугалимдеринин, социалдык педагогдорунун жана кызматкерлеринин саны
|
14. | Класстык сааттардын алкагында окуучулар үчүн майыптуулукту түшүнүү боюнча сабактарды (“мээримдүүлүк сабактары”) иштеп чыгуу жана киргизүү | БИМ | 2014-жылдын I кварталы |
| Иштелип чыккан жана киргизилген сабактардын саны |
15. | Билим алууда үзгүлтүккө учураган, кечки/ алмашуучу (сырттан) окутуу формасында окуган ДМЧ балдарды камтуунун көлөмүн жогорулатуу | БИМ | 2014-2015-жылдар | Тиешелүү мамлекеттик органдын бекитилген бюджетинин чегинде, донордук каражаттар | Билим алуунун кечки/ алмашуучу (сырттан) окутуу формасына камтылган ДМЧ балдардын саны (иш жүзүндө)
|
16. | Массалык жалпы билим берүүчү уюмдарда түзөтүүчү класстар жөнүндө жобону иштеп чыгуу жана бекитүү | БИМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | 2015-жыл |
| Орто аралык индикатор: Иштелип чыккан жобонун болушу |
17. | ДМЧ балдар үчүн атайын билим берүү уюмдарынын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу | БИМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча)
| 2014-2017-жылдары | Республикалык жана жергиликтүү бюджеттер, донордук каражаттар | ДМЧ балдар үчүн мыкты материалдык-техникалык базасы бар атайын билим берүү уюмдарынын саны
|
3.4. Билим берүү (баштапкы кесиптик билим берүү) | |||||
18. | Пилоттук региондо (Ысык-Көл облусу) ДМЧАлардын муктаждыктары үчүн материалдык-техникалык базаны ыңгайлаштыруу. Социалдык кызматкерлерди кесиптик коштоо | ЭМЖМ, БИМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | 2014-2015-жылдар | Тиешелүү мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин чегинде, донордук каражаттар | Кесиптик билим берүү тутумуна интеграцияланган ДМЧА саны
|
19. | Баштапкы кесиптик билим берүү мекемелеринде сурдокотормочуларды окутууга карата программаларды иштеп чыгуу боюнча сунуштарды даярдоо | ЭМЖМ | 2014-жылдын III кварталы
2015-жылдын III кварталы | ЭЖММ тарабынан бекитилген бюджеттин чегинде
| Орто аралык индикатор: Программанын бар экендиги жана окутуу планына киргизүү. Акыркы индикатор: Сертификат алган жана окуп чыккандардын саны
|
3.5. Медицина | |||||
20. | ДМЧАлардын арасында майыптуулуктун жана өлүмдүн себептерин иликтөө
| СӨМ, ССМ
| 2014-2016-жылдар | СӨМ, ССМ бекиткен бюджеттин чегинде, донордук каражаттар | Орто аралык индикатор: Өткөрүлгөн иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча аналитикалык маалымат. Акыркы индикатор: Иштелип чыккан сунуштар |
3.6. Социалдык кызмат көрсөтүүлөр | |||||
21. | ДМЧА тармактык уюмдарын колдоо, анын ичинде Паралимпиялык кыймылдын ассоциациялары
| СӨМ, ССМ, Спорт агенттиги, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | Жыл сайын | Мамлекеттик социалдык заказдын алкагында
| Орто аралык индикатор: Социалдык долбоорлордун (программалардын) конкурсун өткөрүү. Акыркы индикатор: Колдоо алган уюмдардын саны |
22. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жарым-жартылай стационардык уюмдарда жана социалдык тейлөө мекемелеринде күндүз болуу шартында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жактарга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга көрсөтүлүүчү социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн минималдуу социалдык стандарттары жөнүндө” токтом долбоорун иштеп чыгуу жана белгиленген тартипте киргизүү | СӨМ | 2014-жылдын I кварталы
|
| Бекитилген минималдуу социалдык стандарттар |
23. | Бекитилген минималдуу социалдык стандарттарды колдонуу боюнча күндүзгү борборлордун кызматкерлерин окутуу | СӨМ | 2014-2015-жылдар | Донордук каражаттар | Орто аралык индикатор: Окутууну өткөрүү боюнча материалдарды даярдоо. Акыркы индикатор: Окутулган кызматкерлердин саны |
24. | ДМЧА жана ДМЧ балдарга кызматтарды көрсөткөн уюмдарды аккредиттөөнүн иштелип чыккан механизмдерин киргизүү | СӨМ | 2014-2017-жылдары | Донорлук каражаттар | Орто аралык индикатор: Көрсөтүлгөн кызматтардын сапатын жана коопсуздугун баалоо тутумунун бар экендиги. Акыркы индикатор: Жылына аккредиттелген уюмдардын саны |
3.7. Коомдук транспорт | |||||
25. | Кыйынчылык менен кыймылдаган ДМЧАлардын жалпы пайдалануудагы коомдук транспортко түшүүсү үчүн жүргүнчү аялдамаларын ыңгайлаштыруу боюнча иштерди уюштуруу | ТКМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ЖМА, Курулуш агенттиги
| 2014-2016-жылдар | Жергиликтүү бюджет | Ыңгайлаштырылып курулган аялдамалардын саны |
26. | Шаар аралык каттамдар үчүн жүргүнчүлөрдүн транспорттук каражаттарынын паркын жаңырткан учурда таяныч-кыймылдоо аппаратынын иштөөсү бузулган адамдар үчүн атайын ыңгайлуулуктар менен жабдылган транспорт каражаттарын сатып алууну караштыруу | ТКМ, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | 2016-2017-жылдар | Жергиликтүү бюджет | ДМЧАларга атайын орундар менен ылайыкталган атайын транспорт каражаттарынын саны
|
27. | ДМЧАларды тейлөөгө багытталган уюмдар жайгашкан жерлерде жол белгилерин жана көрсөткүчтөрдү орнотуу
| ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ЖМА, ТКМ, ИИМ | 2016-2017-жылдар | Жергиликтүү бюджет | ДМЧАлардын кыймылы жөнүндө эскертүүчү орнотулган жол белгилеринин жана көрсөткүчтөрүнүн саны |
28. | ДМЧАлардын автомобиль транспорту үчүн атайын бөлүнгөн токтотуу жайларын түзүү
| ЖӨБО (макулдашуу боюнча), ЖМА, ТКМ, ИИМ | 2017-жыл | Жергиликтүү бюджет | Ири шаарларда ДМЧАлардын автомобиль транспорту үчүн токтоочу жайлардын саны |
4. Абилитация жана реабилитация | |||||
29. | Көз карандысыз эксперттерди тартуу менен абилитациялоо жана реабилитациялоо чөйрөсүндө иштеген адистерди жана мекемелер менен уюмдардын, коммерциялык эмес уюмдардын кызмат адамдарын окутуу
| ССМ, СӨМ, коммерциялык эмес уюмдар (макулдашуу боюнча), эл аралык уюмдар (макулдашуу боюнча) | 2014-жылдын IV кварталы
| Донордук каражаттар | Орто аралык индикатор: Окутууну өткөрүү боюнча материалдарды даярдоо. Акыркы индикатор: Бир жылда 160 адисти окутуу
|
30. | ДМЧ балдарды өнүктүрүү боюнча ата-энелерди окутуу программаларын (үй-бүлөлөрдүн мектеби) иштеп чыгуу жана бекитүү
| БИМ, ССМ | 2014-жылдан тартып | Донордук каражаттар | Орто аралык индикатор: Ата-энелерди окутуу үчүн иштелип чыккан программаны даярдоо. Акыркы индикатор: Окутулган ата-энелердин саны |
31. | Ар бир борбордо “Аутизм” диагнозу бар балдар үчүн атайын бөлүм ачууну караштыруу менен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга реабилитациялык кызматтарды көрсөткөн, республикада иштеп жаткан борборлорду колдоо | ЖМА, ЖӨБО (макулдашуу боюнча) | 2014-жыл |
| “Аутизм” диагнозу бар балдарга реабилитациялык кызматтарды көрсөткөн борборлордун саны
|
5. Мамлекеттик органдар, ЖӨБО ортосунда өз ара аракеттенүү жана координациялоо | |||||
32. | Контролду камсыздоо жана чаралар комплексин ишке ашыруу, ДМЧАлардын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу боюнча мыйзамдарды аткарууда мамлекеттик бийлик органдарына көмөк көрсөтүү боюнча ишти ведомстволор аралык координациялоо максатында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Майыптардын иштери боюнча кеңештин ишин жакшыртуу | СӨМ, министрликтер жана ведомстволор | 2014-жылдын IV кварталы
|
| Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Майыптардын иштери боюнча кеңештин ишин жакшыртуу |
6. Кыргыз Республикасында паралимпиялык кыймылдын өнүгүшү (чексиз спорт) | |||||
33. | Машыгуу залдарынын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу жана ДМЧАларга спорт менен машыгуу үчүн шарт түзүү
| Спорт агенттиги, Курулуш агенттиги
| 2014-2016-жылдар | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин чегинде 500 миң сом | Материалдык-техникалык базасы жакшыртылган машыгуу залдарынын саны |
34. | ДМЧ спортсмендерди материалдык жактан шыктандыруу | Спорт агенттиги, СӨМ | 2014-2017-жылдар | Мамлекеттик органдардын бекитилген бюджетинин чегинде 600 миң сом
| ДМЧ спортсмендердин саны |
7. Статистика жана маалыматтарды чогултуу | |||||
35. | Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген бардык категориядагылар, анын ичинде “Аутизм” диагнозу бар балдар боюнча маалыматтарды чогултуу үчүн тиешелүү көрсөткүчтөрдү иштеп чыгуу жана бекитүү | УСК (макулдашуу боюнча), ССМ | 2014-жыл |
| Статистикалык отчеттогу № 10 “Психикалык бузулуусу бар бейтаптардын контингенти тууралуу отчет” формасы боюнча кайрадан каралган статистикалык формалар
|
8. Мониторинг жана баалоо | |||||
36. | Чаралар комплекси колдонулуп жаткан мезгилде ишке ашырылган иш- чаралар боюнча мониторинг өткөрүү | СӨМ | 2014-2017-жылдар |
| Орто аралык индикатор: Өткөрүлгөн мониторингдин жыйынтыгы боюнча маалымкат. Акыркы индикатор: Иштелип чыккан сунуштар |
Кыскартуулардын тизмеси:
СӨМ - Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги
БИМ - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги
ССМ - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги
ИИМ - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги
ТКМ - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги
ММТМ - Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги
ЭМЖМ - Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги
УСК - Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети
Курулуш агенттиги - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги
Спорт агенттиги – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги
Экотехинспекция - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция
ЖМА – жергиликтүү мамлекеттик администрациялар
ЖӨБО – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
КТРК – Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадио берүү корпорациясы
ДМЧА – ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар
ДМЧ- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген