ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу районунун Папан айылдык Кеңешинин кезектеги 23 сессиясы (5- шайланган)
2016-жылдын 18-октябры № 2
Көчөгө ат коюу жөнүндө
Папан айыл аймагындагы Ак-Буура 3 айылынын тургундарынын 2016-жылдын 18-октябрындагы протоколунун негизинде Папан айылдык Кеңеши Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесин жана Кыргыз Республикасынын “Географиялык аталыштар жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алып төмөндөгүдөй,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Папан айыл аймагынын Ак-Буура 3 айылынын 15-көчөсү Паватова Шарипа атындагы көчө болуп аталсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Папан айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Исмаиловго милдеттендирилсин.
Папан айылдык кеңешинин төрагасы |
К. Бактыбаев |