Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 20-январы №2
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын жана Кызыл-Октябрь айылдык Кеңешинин Регламентине ылайык Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин 2017-жылга иш-планы айылдык кеңештин сессиясында талкууланып, каралып айылдык кеңештин I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Октябрь айылдык Кеңешинин 2017-жыл карата иш планы бекитилсин.(тиркелет)
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Кызыл-Октябрь айылдык Кеңешинин торагасы | К. Мусаев |
Жооптуу катчысы | М. Мамытов |
Тиркеме
Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин 2017-жылдын
20. 01. № 2 токтому менен бекитилген
Кызыл – Октябрь айылдык кеңешинин 2017-жыл үчүн иш планы
1. 2017-жылы Кызыл – Октябрь айылдык кеңешинин сессиясында каралуучу негизги маселелер:
1. Айылдык кеңештин 2017-жыл үчүн иш планын бекитүү ( 2017-жыл, 1- квартал, айылдык кеңештин төрагасы К. С. Мусаев жана айылдык кеңештин жоопту катчысы М. Мамытов)
2. Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүндөгү иштин жалпы абалы жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жана муниципалдык менчиктин пайдаланышы, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн программаларынын аткарылышы жана социалдык жактан корголушу жөнүндө 2016-жыл үчүн жылдык отчету ( 2017-жылдын 1-квартал, Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн башчысы)).
3. Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын бюджетинин кирешелер жана чыгашалар боюнча аткарылышы (2017-жыл, 1-квартал айылдык кеңештин «Финансы, бюджет, салык жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссия жана Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы башкы эсепчи»).
4. Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн бюджетине кошумча 2016-жылдын эсебинен үнөмдөлгөн акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө (2017-жыл, 1-квартал айылдык кеңештин «Финансы, бюджет, салык жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссия жана Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы башкы эсепчи»).
5. Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн 2017-жылга бюджеттин кирешелер, чыгашалар бекитүү. Айыл өкмөтүнүн 2017-жыл үчүн структурасын жана штаттык санын бекитүү.(2017-жыл, 1-квартал айылдык кеңештин «Финансы, бюджет, салык жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссия жана Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы башкы эсепчи»).
6. Кызыл-Октябрь айыл аймагындагы «2017-жыл Ыйман, адеп жана маданият» жылына карата аткарылып жатка ниш чаралар жана алдыдагы милдеттер жөнүндө (2017-жыл, III квартал, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссия, айыл өкмөтүнүн соц. адиси К. Сопуев)
7. Бюджеттин 2017-жылдагы кирешелер жана чыгашалар боюнча 6 айлык планынын аткарылышы жөнүндө (2017-жыл, 111 квартал айылдык кеңештин «Финансы, бюджет, салык жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссия жана Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы башкы эсепчи»).
8. Саламаттыкты сактоо мекемелеринин калкты тейлөөдө аткарып жаткан иштери жөнүндө (2017-жыл, III квартал, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссия, айыл өкмөтүнүн соц. адиси К. Сопуев)
9. Социалдык тармактагы мекемелеринин жаңы окуу жылына, кышка даярдыгы жөнүндө (2017-жыл, III квартал, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссия, айыл өкмөтүнүн орун басары)
10. Кызыл-Октябрь айыл аймагындагы вет сервистердин ишмердүүлүгү жөнүндө (2017-жыл, 1 квартал, айыл чарба маселерлери боюнча туруктуу комиссия, айыл өкмөтүнүн вет. адиси Б. Жанибеков).
11. Жайыт комитетинин 2016-жылда аткарган иштери, бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту жана 2017-жыл үчүн бюджетинин жана иш планын бекитүү жөнүндө (2017-жыл, I квартал, айыл чарба маселелери боюнча туруктуу комиссия, жайыт комитетинин башчысы С. Камалов)
12. Кызыл-Октябрь айыл аймагынын калкын таза суу менен камсыз кылуунун абалы жана 2017-жылда аткарылуучу иш-чаралар жана алдыдагы милдеттер жөнүндө (2017-жыл, I квартал, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссия, айыл өкмөтүнүн орун басары)
13. СПАнын 2016-жылда аткарган иштери жана бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту жана 2017-жыл үчүн бюджетинин жана иш планын бекитүү жөнүндө (2017-жыл, 1 квартал, айыл чарба маселерлери боюнча туруктуу комиссия, айыл өкмөтүнүн вет. адиси Б. Жанибеков).
14. Жайлоого кетүүчүмал жандыктар үчүн тарифтик өлчөмүн бекитүү (2017-жыл, 1 квартал, айыл чарба маселерлери боюнча туруктуу комиссия, айыл өкмөтүнүн вет. адиси Б. Жанибеков).
15. Мал жандыктарды алдын ала эмдөө жана ветеринардык көзөмөлдөн өткөрүү боюнча тарифтик өлчөмдөрдү бекитүү (2017-жыл, 1 квартал, айыл чарба маселерлери боюнча туруктуу комиссия, айыл өкмөтүнүн вет. адиси Б. Жанибеков).
16. Жазгы талаа иштерин өз убагында камсыз кылуу максатында айдоо, малалоо, себүү, арык тартуу ж.б. жумуштардын баасын бекитүү (2017-жыл, 1 квартал, айыл чарба маселерлери боюнча туруктуу комиссия, айыл өкмөтүнүн жер адиси).
17. Кызыл-Октябрь айыл аймагында кайра бөлүштүрүү фондунун (КБФ) жерлерине аукцион өткөрүүгө даярдык көрүү жөнүндө (2017-жыл, 111 квартал, айыл чарба маселерлери боюнча туруктуу комиссия, айыл өкмөтүнүн жер адиси). Кайра бөлүштүрүү фондунун (КБФ) жерлерине инвентаризация жүргүзүү жана юридиткалык, физикалык жактардын салык ставкеаларына тарификация жүргүзүү (Айыл чарба маселелери боюнча туруктуу комиссия, жер адис, салык инспектору).
II. Уюштуруу-массалык иштер
№ | Иш-чаранын мазмуну | Мөөнөтү | Аткарылуучулар, жооптуулар | Эскертүү
|
1 | Убактылуу комиссиялардын сандык, сапаттык курамын бекитүү (зарылдыкка жараша) | Жыл ичинде | Кеңештин төрөагасы |
|
2 | Кызыл-Октябрь айыл кеңешинин Регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана бекитүү (зарылдыкка жараша) | Жыл ичинде | Кеңештин төрөагасы жана кеңештин жооптуу катчысы |
|
3 | Коомдук бюджеттик угууларды өткөрүү, депутаттык окууларды өткөрүү | Жыл ичинде | Кеңештин төрөагасынын орун басары жана кеңештин жооптуу катчысы, «Финансы, бюджет, салык жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссия жана Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы башкы эсепчи» |
|
4 | Жарандардын кайрылууларына ылайык тейлөөлөр (жол оңдоо, таза суу, таштанды чыгаруу жана жашылдандыруу, жарык менен камсыздандыруу ж.б.)боюнча депутаттык угууларды өткөрүү (депутаттык саат, депутаттык күн); протоколдук тапшырмалардын аткарылышынын жүрүшүн ж.б. маселелерди кароо жана алар боюнча чечимдерди кабыл алуу | Жыл ичинде | Кеңештин төрөагасынын орун басары жана кеңештин жооптуу катчысы, туруктуу комиссиялардын төрөагалары |
|
5 | Депутаттарды атуулдук коомдордун активдери менен тегерек столдо жолугушуусун уюштуруу | Жыл ичинде | Кеңештин төрөагасы жана туруктуу комиссиялар |
|
6 | Депутаттардын шайлоочулар менен жолугушуусу (отчету) | Жылына кеминде бир жолу | Кеңештин төрөагасынын орун басары жана туруктуу комиссиялар |
|
7 | Айыл өкмөтүнүн жылдык отчетун курултайда угуу | Жылына кеминде бир жолу | Кеңештин төрөагасы жана айыл өкмөт башчысы |
|
8 | Алдыңкы айыл кеңештин иш тажрыйбасын жеринде уюштуруу (тажрыйба алмашуу) | Жыл ичинде | Кеңештин төрагасы |
|
9 | Депуттатык ыйгарым укуктарды мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө (зарылдыкка карай). Айылдык кеңештин жана туруктуу комиссиялардын ишмердүүлүгү жана алдыдагы милдеттери жөнүндө | Жыл ичинде | Кеңештин төрөагасынын орун басары, жооптуу катчы жана туруктуу комиссиялардын төрагалары |
|
10 | Алтынчы чакырылыштагы Кызыл-Октябрь айылдык кеңеши тарабынан кабыл алган чечимдеринин аткарылышынын абалы жөнүндө | 2017ж., ар кварталда | Кеңештин жооптуу катчысы жана туруктуу комиссиялардын төрагалары |
|
11 | VI (алтынчы чакырылыштагы) айылдык кеңешинин ишмердүүлүгүн жыйынтыктоо | 2017-ж., октябрь | Айылдык кеңештин төрагасы жана депутаттары |
|
Жооптуу катчы | М. Мамытов |