Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 22-февралы №5
Кызыл - Октябрь айыл Округунун 2016 жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2017 жылга айыл округунун бюджетин бекитүү, 2018-2019 жылдардагы бюджеттеринин долбоорлорун кароо жөнүндөгү маселелерди айылдык Кеңештин бюджет, финансы, салык социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясында алдын ала жер –жерлеринде каралып, алардын сунуштарын жана берилген маалыматтарын угуп, жана аны ар тараптан карап чыгып, Кызыл – Октябрь айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кызыл-Октябрь айыл Округунун 2016 жылдагы жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 15515,6 миң сомго, жана чыгаша бөлүгү 15088,5 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин. ( № 1,2, тиркемелер № 3 жардамчы таблица)
2. Кызыл Октябрь айыл округунун 2017 жылдагы бюджети кирешелер жана чыгашалары 18125,2 миң сом өлчөмүндө бекитилсин. (№ 4,5 тиркемелер жана № 6 жардамчы таблица)
3. Айыл округунун 2018 – 2019 – жылдарга белгиленген бюджеттеринин болжолдуу көрсөткүчтөрү № 7,8 тиркемеге ылайык бекитилсин жана ар бир так мезгилде аларды кабыл алууда такталууга жатаары белгиленсин.
4. Чыгашалардын корголгон беренелери, бюджеттик мекемелердин штаттык санындагы бош орундарга, жана укуктук актылардын кабыл алынышына байланыштуу азайтылышы мүмкүндүгү эске алынсын.
5. Кызыл Октябрь айыл округунун 2017 – 2019 жылдардагы жергиликтүү бюджеттеринин чыгашаларын каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер, коммуналдык кызматтар (электр энергия,каттуу отун-көмүр),тамак-аш,эмгек акы,социалдык фонд төлөмдөрү, байланыш чыгымдарын жабууга багытталышы керектиги эске алынсын.
6. Мыйзам менен каралган ыйгарым укуктардын чектеринде,жер салыгы боюнча базалык ставкаларды же коеффиценттерди жогорулатуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан чечимдерди кабыл алуунун эсебинен жергиликтүү бюджеттердин кирешесин көбөйтүүсү ушул 2016 жылдын 30 декабрындагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган Мыйзамы менен бекитилген 2017 - 2019 жылдарга теңөөчү гранттардын өлчөмдөрүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбасы белгиленсин.
7. Республикалык бюджеттен келүүчү тендөөчү гранттарды биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр (электр энергия, каттуу отун-көмүр) боюнча чыгашаларды толук каржылоого багытталсын, жана жоопкер болушары эскертилсин.
8. Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндөгү Мыйзамынын 21- беренесине ылайык айыл округунун резервдик фонду 168,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
9. Казына системасын четтеп отуу менен атайын каражаттарды пайдаланууга тыюу салынсын. Корсотулгон тартип бузулганда атайын каражаттын 100% Кыргыз Республикасынын бюджетинин кирешесине алынып коюулары эскертилсин.
10.Айыл округунун 2016 жылы бюджеттин чыгаша бөлүгүнө белгиленип, бирок каржыланбай калган каражаттар 2017 жылдагы бюджетинин аткаруу чегинде каржылоо сунуш кылынсын.
11. Республикалык бюджеттен келген бюджеттик каражаттар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан максатуу багытталышы боюнча пайдаланылбаган каражаттары тиешелүү бюджеттерге кайра кайтарылып алынаары эске алынсын.
12. Жергиликтүү бюджетке айыл өкмөтү тарабынан киргизилүүчү ( бир бөлүм ичинде жылдыруулар болгондо), жана өзгөртүүлөр жана тактоолору (бир бөлүмдөн экинчи бөлүмдөргө жылдыруулар болгондо) жергиликтүү кеңеш тарабынан каралгандан жана кабыл алынгандан кийин аткарууга алынат, зарыл болгондо бул өзгөртүүлөр жергиликтүү Кеңештин тармактык туруктуу комитети менен макулдашуусу боюнча аткарылышы мүмкүн экендиги эске алынсын.
13. Айланма кассалык калдык айыл округунун бюджети боюнча жүргүзүлгөн накталай акча каражаттары 2017 жылдын 01– январына карата калдыгы 2266,5 миң сом, атайын каражаттары 236,9 м. сом өлчөмүндө, белгиленсин, жана ага кошумча сметалары тузулсун.
14.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет,финансы,салык жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссисына, айыл округунун башчысы Э.Пасановго, жооптуу катчнын милдетин аткаруучу К Сопуевге, жана ФЭБнүн башчысы – башкы бухгалтер Арапов А. тапшырылсын.
Кызыл-Октябрь айылдык Кеңешинин торагасы | К. Мусаев |
Кызыл-Октябрь айылдык Кеңешинин катчысынын м.а: | К. Сопуев |