Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 6-марты №6
Кыргыз Респуликасынын 2009-жылдын 31-июлундагы №257 мыйзамынын 1-беренесинде көрсөтүлгөндөй Кызыл-Октябрь айыл өкмөт башчысынын айыл өкмөттүн социялдык –экономикалык өнүгүүсүнө оболго болусу үчүн, жергиликтүү бюджетке кошумча салыктарды түшүрүү жана элди жумуш ордундарын менен камсыз кылуу максатында Бишкек-Ош жолунун боюнан логистикалык борборду куруу үчүн 7(жети) га контур 391-4 га, контур 392-3 га жер тилкесин ажыратып берүү жөнүндөгу билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кызыл-Октябрь айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын V кезектеги сессиясынын Кеңешмес төмөндөгүдөй:
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Октябрь айыл Өкмөтүнүн Гузар айылыны караштуу Бишкек-Ош жолунун боюнан логистикалык борбор куру үчүн 7 (жети) га контур 391-4 га, контур 392-3 га жер тилкенсин ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2. Жер тилкесин ажыратып берүү жана курулуш иштерин жүргүзүүгө тиешелүү иш кагаздарын Мыйзам талаптарына ылайык даярдоо айыл Өкмөткө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кызыл-Октябрь айылдык Кеңешинин айыл чарба жана турак жай боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Өзгөн райондук архитектура жана шаар куру башкармалыгынын. Өзгөн райондук жер кодастры жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынан тиешелүү иш кагаздары даярдап берүү жана мамлекеттик каттоого алуу суралсын.
Төрага | К. Мусаев |
Катчы | К. Сопуев |