Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-марты №13
Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн жазгы талаа иштерине карата даярдыктары боюнча айыл өкмөтүнүн жер жана турак жай маселеси боюнча жетектөөчү адисинин берген маалыматын угуп жана талкуулап Кызыл-Тоо айылдык кеңешинин 6 чакырылыштагы 5-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн жазгы талаа иштери боюнча айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу жана айыл чарбасы боюнча адиси Акматалиевдин берген билдирүүсү көнүлгө алынсын.
2. Күн тартибиндеги маселе боюнча айтылган сын-сунуштарга тез арада жоюу жана аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерине тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы жана жер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | К. Кадырбеков |
БИЛДИРҮҮ
Кызыл-Тоо айыл өкмөтүнүн жагы талаа жумуштары боюнча 2017-жылга жалпысы сугат жер аянты 402 га, кайрак айдоо аянты 791га, жалпы айыдоо аянты 1193га. Анын ичинен сугат айдоо аянтына 148 га кылкандуу дан эгиндери, шалы 20га, картошка 2га, жашылча 12га, коп жылдык чоп 70га, кайрак айдоо аянтына 390га кылкандуу дан эгиндери күн карама 88га, коп жылдык чоп 215га коп жылдык эцпарсент 15га, күйгүзмө айдоо аянттары толугу менен аткарылды. Дандык жүгөрүдөн 150гадан 872тонна дандык жүгөрү алынды. Шалыдан 20га жерден 60 тонна шалы дан алынды. Күн карамадан жалпысы 88гадан 97тонна күн капама алынды. Картошкадан 2га жерден 27 тонна картошка алынд. Коп жылдык чоптөн 285га жерден 1060 тонна тоют алынды. Коп жылдык эцпарсент чөптөн 83га жерден 152 тонна тоют алынды. Талаа чөптөн 5962 тонна жүгөрү пая 4673 тонна, саман паядан 700 тонна тоют даярдалды.
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы атуулдардын жашап жаткан там аркасына жүгөрү 7га жерден 43 тонна жүгөрү дан алынды, картошка 31га жерден 450 тонна картошка алынды. Жашылча 15га жерден 225 тонна жыйналат. Бак 52гадан 85 тонна мөмө жемиштери жыйналып алынат. Жалпы айыл өкмөтү боюнча там аркасына 105га жерге жашылча жер-жемиштер эгилет. Жашылча жемиштери эгилип жыйналат.Айыл өкмөтүнүн аймагында жазгы талаа жумуштары үчүн айыл чарба техникалары негизинен жетиштүү.Айыл өкмөтү боюнча жер айдоочу кошу маласы менен бар тракторлор 20 даана. Анын ичинен 18 жазгы талаа жумуштарына даяр. 2 даана трактор учурда ремонтк жүрүп жатат. Айыл өкмөтүндөгү айыл чарба техникаларынын ичинен жүк ташуучу авто унаалардан 15 даана иш аткарууга даяр.
Айыл чарба техникалары май майлоочу жана куйуучу дизелдик-бензиндер менен толугу менен камсыздалган. Тоют өсүмдүктөрүн оруп жыйноо үчүн 7 трактор косилкасы жана тырмоочторру менен даяр. Ошондой эле 1 даана плюшика, 3 даана пресподбошик иш алпарууга даяр. Күзгү дан оруа жыйноо үчүн 2015-жылы чыккан Нива үлгүсүндөгү 1 комбайн даяр. Ошондой эле 1 даана комбайн ремонту жүрүп жатат.
Билдирүүнү даярдаган | Ж. Акматалиев |