Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-октябры № 23-2
Депутаттардын Бел айылдык Кеңешинин финансы,бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын отчёту
Финансы,бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын башчысынын отчетун угупталкуулап депутаттардын Бел айылдык Кеңешинин(бешинчи чакырылышынын) кезектеги жыйырма үчүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутаттардын Бел айылдык Кеңешинин финансы,бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын 2016-жылдагы аткарган иштери эске алынсын..
( Абдилазиз уулу Ж – туруктуу комиссиянын төрагасынын доклады )
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бел айылдык Кеңешинин Мыйзамдуулукту сактоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т. Бекботоев |
Абдилазиз уулу Жаныбек – Депутаттардын Бел айылдык Кеңешинин финансы, бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасынын доклады:
Бел айыл өкмөтү 2016-жылдын биринчи жарым жылдыгын айыл өкмөтүндө 2016-жыл үчүн түзүлгөн социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсунүн пландарынын негизинде жүргүзүп, төмөнкүдөй иштерди аткарууга жетишти. 2016-жылдын 17-февралында өткөрүлгөн айылдык Кеңештин сессиясында бекитилген айыл өкмөтүнун жергиликтүү бюджетин толуктоо багытында 2016-жылдын биринчи жарым жылдыгына жеткирилген пландары төмөнкүдөй көрсөткүчтү берген.
Ижара акысы -139,0 сом план берилсе, аткарылганы -136,1 сом
Жер салыгы -180,0 сом план болсо, аткарылганы - 261,5 сом
Айыл чарба эмес багытындагы жер салыгы план 135,0 болсо аткарылганы 87,1 сом
Тамарка салыгы 130,0 сом болсо аткарылганы 185,0 сом, кыймылсыз мүлк салыгына 50,0 сом план берилген болсо аткарылганы 51,6 миң сомду, кыймылдуу мүлк салыгына 393,0 сом план берилсе аткарылганы 451,1 миң сомду,ыктыярдуу патентке план 185,0 сом берилсе аткарылганы 188,9 миң сомду, милдеттүү патент боюнча план 22,0 мин сом болсо,аткарылганы 8,5 миң сомду,таштанды салыгы боюнча план 110,7 миң сом болсо аткарылганы 81,9 миң сомду түзүп жалпы биринчи жарым жылдыкка берилген план 1344,7 миң болсо топтолгону 1451,7 сомду түзүп пландан 107,0 миң сом ашыкча топтолуп 108% ке аткарылганы менен ижара акыдан планга 2,9 миң сом , айыл чарба багытында эмес жер салыгынан планга 47,9 миң сом, милдеттүү патенттен 13,5 мин сом,тамарка салыгынан 28,8 сом аз топтолгон. Айыл жеринде жер салыгы салыктын басымдуу бөлугун түзө тургандыгын биз жакшы билебиз,бирок бул салыктын түрүнун ставкасын “Салык Кодексинин” талаптарына ылайык айылдык Кеңештин сессиясында карап 3 эсеге чейин көбөйтүү маселесин айылдык Кенештин депутаттарынын колдобой койгондугу өкүнүчтүү.
Өнөр жай тармагы боюнча
2016-жылдын биринчи жарым жылдыгында айыл аймагындагы ун тартуучу тегирмендер 48250 сомдук иш жүргүзүп былтыркы жылга салыштырганда + 25625 сомдук көп иш жүргүзүшсө, жем тартуучу эки тегирмен 8500 сомдук иш аткарышып былтыркы жылга салыштырмалуу 2500 сомдук көп иш аткарылганы менен Кулбаев Жениш иштеткен жем тартуучу тегирмен 1300 сомдук аз иш аткарган. Май куйуучу 2 ишкана бул сезондо 1381,3 сомдук кызмат көрсөтүп былтыркы жылга салыштырмалуу 371,0 сомдук көп кызмат көрсөтүлгөн. Ал эми пахта тазалоочу цех былтыркы жылга салыштырмалуу 9300 мин сомдук кийим тигүүчу цех 9000 миң сомдук аз иш аткарышкан. Унаа дөнгөлөктөрун желимдөөчү ишканалар былтыркы жылга салыштырмалуу15000 миң сомдук көп иш аткарышкан.
Ашканалар былтыркы жылга караганда 1500 миң сомдук,мончолор 57000 миң сомдук көп иш аткарышканы менен жеке ишкер Айтиев Маматжан былтыркы жылга салыштырмалуу 41000 сомдук аз жумуш аткарган. Унаа тетиктерин сатуучу ишкана1000 сомдук аз ,навайкана 5000 сомдук,жыгач тилүүчү цех 21600 сомдук иш аткарып,былтыркы жылга салыштырмалуу 13600 сомдук көп жумуш аткарган. Быйылкы жылдын биринчи жарым жылдыгында үч мебел жасоочу цех ишке киргизилип, 221,075 сомдук иш аткарышып жалпысы 2016-жылдын биринчи жарым жылдыгында өнөр жай ишканалары 2055,300 сомдук жумуш аткарышкан.
Инвестиция тартуу боюнча 2016-жылдын биринчи жарым жылдыгында айыл аймагшында жеке ишкерлер тарабынан 3 мебел жасоочу цех,1 дөңгөлөктөрдү желимдөөчү ишканалар ачылып жалпы суммасы 9124,0 сомдук инвестиция тартылды. Пластиктен эшик терезелерди жасоочу ишкана жеке ишкер тарабынан ачылып 340,0 миң сомдук иш аткарылган. 2016-жылда Борбаш айылынын Күнгөй участкасына суу жеткирүү боюнча “ Тоолуу аймактагы жамааттарды өнүктүрүү фондуна “Дукер” проектиси жазылып, жалпы суммасы 9 миллион 236 мин сомдук инвестиция тартылды. Г.Эргешов атындагы Бел-Өрүк орто мектебинин жылытуучу системасын ондоого 2 миллион 400 миң сомдук проект жазылган,бул проект боюнча 2016-жылдын 2-жарым жылдыгына киргизүү боюнча иш аракеттер жүргүзулүудө. 2016-жылдын биринчи жарым жылдыгында толтурулган соц.паспорттордун негизинде жашоо кирешелдери эсептелип чыгып 447 үй-бүлө мамлекеттик жөл пулга чегерилген.Айыл аймагындагы жалгыз бой 10 кары-картандарга кышка отуну үчүн 10000 с ом акча каражаты берилген. Ата-энелери тышкы миграцияда жүргөн балдардын тизмелери такталып чыгып,балдар кимдердин колунда тарбияланып жаткандыгы аныкталган. 1-июнь балдарды коргоо күнүнө карата 25 балага 5000 сомдук жардам берилген. АИФ инфекциясы менен каттоодо турган 5 жарандын бирөөсүнө 5500 сомдук колдоо көрсөтүлгөн. Туберкуллез менен каттоодо 128 жаран турат.Алардын ичинен жардамга өтө муктаж болгон 4 жаран 2000 сомдон акчалай жардам алышкан жана 1 адамдын Ысык-Көлдун “Жети-Өгүз” санаториясына барып дарыланып келүүсү үчүн жол акысы төлөнүп берилди
2016-жылдын 1-2- кварталдарына каралган финансы маселелери толугу менен аткарылды.