Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 25-октябры № 23-5
Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча айрым мамлекеттик укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы № 715-токтомуна ылайык укуктук статистика комитетинин Ноокат райондук мамлекеттик стастика бөлүмү тарабынан стастикалык маалыматтарды жыйноо боюнча Бел айыл Өкмөтүнө өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктарды угуп жана талкуулап депутаттардын Бел айылдык Кеңешинин (бешинчи чакырылышынын) 23- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Конституциясын, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүүнүн тартиби жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алып Ноокат райондук статистика бөлүмүнүн башчысы менен Бел айыл Өкмөтүнүн башчысы тарабынан түзүлгөн келишим бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин экономика, бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т. Бекботоев |
Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө ТИПТҮҮ КЕЛИШИМ | |
1. Келишимдин тараптары | |
1.1. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин Ноокат райондук мамлекеттик статистика бөлүмүнүн атынан, мындан ары "мамлекеттик статистика органы" деп аталуучу Ноокат райондук мамлекеттик статистика бөлүмү жөнүндө жобонун негизинде иштеген жетекчи Дуванаев Б.К.-биринчи тараптан жана Бел айыл өкмөтүнүн атынан, мындан ары “жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы"деп аталуучу жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жобонун негизинде иштеген башчысы М. Каратаев- экинчи тараптан, Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен төмөнкүлөр тууралуу ушул келишимди түзүштү. | |
2. Келишимдин шарттары | |
2.1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.12.2014-ж. №715 токтомуна ылайык Ноокат райондук (шаардык) мамлекеттик статистика бөлүмү (мамлекеттик органдын аталышы) Бел айыл өкмөтүнө (шаардын мэриясы) (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын аталышы), статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча төмөнкү мамлекеттик ыйгарым укуктарды берет: 1) үстүбүздөгү жылдын түшүмү үчүн себүү жөнүндө; 2) жазгы сугат иштерин жүргүзүү жана жаздык өсүмдүктөрдү себүү жөнүндө; 3) түшүмдү жыйноо, күздүк себүү жана тоңдурманы айдоо тууралуу; 4) айыл чарба мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн жана жүзүмдү дүң жыйноо жөнүндө; 5) айыл чарба өсүмдүктөрдүн түшүмүн жыйноо жөнүндө; 6) дыйкан (фермер) чарбаларында жана жарандардын жеке көмөкчү чарбаларында мал чарбачылык продукцияларын өндүрүү жөнүндө; 7) тоюттарды өндүрүү жөнүндө; 8) дыйкан (фермер) чарбалары тарабынан айыл чарба продукцияларын иштетүүдөгү көлөмү жана баалары тууралуу; 9) айыл чарба продукцияларын өндүрүүгө кеткен чыгымдар жөнүндө; “Берилген ыйгарым укуктар боюнча маалымат берүүнүн мезгилдүүлүгү жана мөөнөтү мамлекеттик статистика отчеттуулугунун формаларына ылайык каралып, 2-тиркемеде көрсөтүлгөн”. “2-тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жыл сайын бекитилүүчү Статистикалык иштердин программасына, Статистикалык иштердин графигине, Статистикалык отчеттуулуктун формаларынын табелине ылайык түзүлөт. | |
2.2. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча Бел айыл өкмөтү (шаардын мэриясы) (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын аталышы) жогоруда көрсөтүлгөн берилүүчү мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн кабыл алат. | |
2.3. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилүүчү мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн финансылык каражаттар (трансферттер) 1-тиркемеге ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин республикалык бюджетинен борборлоштурулуп бөлүнөт. | |
3. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө мамлекеттик статистика органынын укуктары жана милдеттери | |
3.1. Ноокат райондук (шаардык) мамлекеттик статистика бөлүмү (мамлекеттик органдын аталышы) өзүнүн ыйгарым укуктарын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына берүүдө төмөнкүлөргө укуктуу: | |
- статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укукту аткарып жаткан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын жетектөөчү адис-статистигин дайындоого жана бошотууга макулдашуунун жол-жоболорунун жүрүшүн талап кылууга; | |
- статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан ишке ашырылышын, ошондой эле ушул максатка бөлүнүп берилген финансылык, материалдык жана башка каражаттардын пайдаланылышын контролдоого; | |
- статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу маселелери боюнча аткаруу үчүн милдеттүү болгон актыларды өзүнүн компетенциясынын чегинде кабыл алууга; | |
- статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруунун жүрүшүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан кетирилген тартип бузууларды четтетүү боюнча жазуу жүзүндөгү көрсөтмөнү берүүгө; | |
- статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга байланышкан маалыматтарды, материалдарды жана документтерди сурап алууга; | |
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан бекитилген 2-формага ылайык берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун жана материалдык, финансылык жана башка каражаттарды пайдалануунун натыйжалары жөнүндө маалымат берүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын отчетторунун формаларын сурап алууга; | |
- статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына берилген, бирок максаттуу эмес пайдаланылган каражаттарды белгиленген иретте өндүрүп алууга; | |
- № 2 тиркемеде берилген статистикалык инструментарийдин жана графиктин тизмегине ылайык статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына берилген статистикалык маалыматтардын ишенимдүүлүгүн жана өз убагында болгондугун контролдоого; | |
- КРдин Улутстаткому тарабынан бекитилген усулдарга ылайык статистикалык иргеме текшермелерге тиешелүү болгон чарба жүргүзүүчү субъекттердин тизмегин аныктоого; | |
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына берилген статистикалык маалыматтардын (себилген аянттар, дүң жыйым жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү ж.б. жөнүндө) ишенимдүүлүгүн текшерүүнү уюштурууга; | |
- алгачкы статистикалык эсептин абалын жана толуктугун текшерүүгө; | |
- статистикалык маалыматтарды берүүдө мөөнөтү үзгүлтүккө учураса, алар ишенимдүү эмес болсо, статистикалык байкоонун субъекттери толук эмес камтылса, статистикалык маалыматтар берилбесе, өзүнүн милдеттерин аткарбаса ж.б.у.с. учурларда “Мамлекеттик статистика жөнүндө” Мыйзамга, бул келишимге ылайык чараларды көрүүгө; | |
- ушул келишим жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленген учурларда жана тартипте, статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү келишимди мөөнөтүнө чейин бузууну демилге кылууга. | |
3.2. Ноокат райондук (шаардык) мамлекеттик статистика бөлүмү (мамлекеттик органдын аталышы) өзүнүн компетенциясынын чегинде төмөнкүлөргө милдеттүү: | |
- статистикалык маалыматтарды киргизүү үчүн электрондук программалар менен камсыз кылууга, программалык камсыздоо иштерине машыгуусун жогорулатуу боюнча окууларды өткөрүүгө; | |
- статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын ишке ашырылышын камсыз кылуу үчүн арналган статистикалык инструментарийди, материалдык, финансылык жана башка каражаттарды зарылдыкка жараша өз убагында жана толук көлөмдө өткөрүп берүүгө; | |
- статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон методикалык, уюштуруучулук, консультативдик, башка жардам көрсөтүүгө, укуктук, техникалык жана башка документтер менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын камсыздоого; | |
- статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу жүктөлгөн жетектөөчү адис-статистиктин квалификациясын жогорулатуу үчүн жылына эки жолудан кем эмес окуу өткөрүүгө; | |
- статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышын жана бөлүнгөн материалдык, финансылык жана башка каражаттарды максаттуу пайдаланышын контролдоого. | |
4. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын укуктары жана милдеттери | |
4.1. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууда Бел айыл өкмөтү (шаардын мэриясы) (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын аталышы) төмөнкүлөргө укуктуу: | |
- статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн каралган статистикалык инструментарийди, материалдык, финансылык жана башка каражаттарды өз убагында жана толук көлөмдө өткөрүп берүүнү талап кылууга; | |
- статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча мамлекеттик статистика органынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн методикалык, уюштуруучулук, кеѕеш беріі жана башка жардамды, ошондой эле зарыл болгон укуктук, техникалык жана башка документтерди алууга; | |
- райондук (шаардык) мамлекеттик статистика бөлүмүнүн көрсөтмөлөрүнө ылайык статистикалык маалыматтардын ишенимдүүлүгүнө текшерүүлөрдү жүргүзүүгө катышууга; | |
- статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууда кетирилген тартип бузууларды четтетүү боюнча мамлекеттик органдардын жазуу жүзүндөгү көрсөтмөлөрүнө сот тартибинде даттанууга; | |
- ушул келишим жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен белгиленген учурларда жана тартипте, статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимди мөөнөтүнө чейин бузууну демилге кылууга. | |
4.2. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууда Бел айыл өкмөтү (шаардын мэриясы) (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын аталышы) төмөнкүлөргө милдеттүү: | |
-Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды бул келишимге, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген Статистикалык иштердин программасына, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан бекитилген статистикалык отчёттуулуктун формаларынын табелине жана башка Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык ишке ашырууга; | |
- райондук (шаардык) мамлекеттик статистика бөлүмүнүн макулдашуусу боюнча статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн жетектөөчү адис-статистикти кабыл алууга жана дайындоого; | |
- статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу жетектөөчү адис-статистиктин кызматтык милдеттерин иштеп чыгууга; | |
- жетектөөчү адис- статистикти жумуш оруну: иш бөлмө, жеке компьютер, жумуш эмереги, телефон менен камсыз кылууга; | |
- статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн бөлүнгөн материалдык, финансылык жана башка каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыздоого; | |
- статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча мамлекеттик статистика органы тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу жана материалдык, финансылык жана башка каражаттарды пайдалануу боюнча тоскоолдуксуз текшерүүлөрдү жүргүзүү үчүн шарттарды камсыздоого; | |
- квалификацияны жогорулатуу үчүн мамлекеттик статистика органы тарабынан уюштурулган окууга, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын жетектөөчү адис-статистиктин катышуусун камсыздоого; | |
- статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууда кетирилген тартип бузууларды четтетүү боюнча мамлекеттик статистика органдарынын жазуу жүзүндөгү көрсөтмөлөрүн аткарууга; | |
- квартал сайын КР Финансы министрлиги тарабынан бекитилген 2008-ж. 24-ноябрындагы №192 буйругунун 2-формасына ылайык статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга бөлүнгөн финансылык каражаттарды пайдалануу тууралуу финансылык отчёт берүүгө; | |
- статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу мөөнөтүнө чейин токтотулган учурда, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн ага бөлүнгөн, пайдаланылбаган финансылык, материалдык жана башка каражаттарды кайтарууга. | |
5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу жетектөөчү адис-статистиги | |
5.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу жетектөөчү адис-статистиги райондук, шаардык бөлүмдөрдүн жана мамлекеттик статистика органынын башкармалыктарынын жетекчилери менен макулдашуу боюнча муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматка дайындалган жана кызматтан бошотулган муниципалдык кызматчы болуп саналат; | |
5.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу жетектөөчү адис-статистиги өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат. | |
5.3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу жетектөөчү адис-статистиги берилген статистикалык отчёттуулуктун ишенимдүүлүгү үчүн жоопкерчилик тартат (№2 тиркеме). | |
5.4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу жетектөөчү адис-статистиги статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууга катышы бар ар түрдүү статистикалык текшермелерге катышат; | |
5.5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу жетектөөчү адис-статистик төмөнкүлөргө милдеттүү: | |
- “Айыл чарбасынын статистикалык отчёттуулугу” программалык камсыздоо маалымдамасында каралган чарба жүргүзүүчү субъекттердин каталогуна ылайык, белгиленген мөөнөтүнө ылайык статистикалык маалыматтардын, иргеме текшерменин маалыматтарын өз убагындагы жана сапаттуу жыйымын камсыздоого; | |
- № 2 тиркемеде көрсөтүлгөн статистикалык отчёттуулуктун формасынын табелинде бекитилген формалар боюнча программалык камсыздоого статистикалык маалыматтарды киргизүүнү ишке ашырууга; | |
- көрсөтмөлөргө же аларды толтуруу боюнча нускамаларга ылайык мамлекеттик статистикалык отчёттуулуктун формаларын толтуруу үчүн алгачкы эсепти киргизүү тартибин сактоону камсыздоого; | |
- мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө жүктөлгөн милдеттерге ылайык талаптарды аткарбагандыгы үчүн жеке жоопкерчиликти тартууга; | |
- кагаз жана электрондук калыбындагы чарба китеби боюнча маалыматтардын ишенимдүүлүгүн текшерүү боюнча иштерге катышууга, жыйынтыкталган маалыматтар базасынын (т.а. ар бир үй чарбасы боюнча) талдоосун жүргүзүүгө жана айыл чарбасы боюнча алынган натыйжаларды азыркы статистика менен салыштырууга; | |
6. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын финансылык, материалдык жана башка каражаттар менен камсыздоо | |
6.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга зарыл болгон финансылык камсыздоо республикалык бюджеттен КР Финансы министрлигинин жергиликтүү бюджетине берилүүчү трансферттер (субвенциялар) формасында жүргүзүлөт. | |
6.2. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн тиешелүү финансылык жылга максаттуу трансферттердин (субвенциялардын) жалпы көлөмүн эсептөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы №715 токтому менен бекитилген максаттуу трансферттердин (субвенциялардын) көлөмүн эсептөө методикасынын негизинде жүргүзүлөт. |
|
Ушул келишимдин 9.2-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөткө карата аныкталган максаттуу трансферттердин (субвенциялардын) суммасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген максаттуу трансферттердин (субвенциялардын) көлөмүн эсептөө методикасына ылайык келишимге тиркелет жана анын ажыратылгыс бөлүгү болуп эсептелет (1-тиркеме). |
|
6.3. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан жергиликтүү бюджетке республикалык бюджеттен бөлүнүүчү максаттуу трансферттердин (субвенциялардын) жалпы көлөмү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын алыш-бериш эсебине түшөт жана кезектеги финансылык жылга жергиликтүү бюджеттин кирешелер жана чыгашалар түзүмүндө чагылдырылууга тийиш. |
|
6.4. Максаттуу трансферттердин (субвенциялардын) жалпы көлөмү өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт: |
|
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруучу жетектөөчү адис-статистигине бир бирдик эмгек акы төлөөнү; |
|
- берилүүчү ыйгарым укуктарды аткарууга чыгымдарды: унаа чыгымдары, байланыш кызматтары; |
|
- иш сапар чыгымдары; |
|
- коммуналдык чыгымдарды (электр, жылуулук жана суу менен камсыздоо ж.б.) зарылдыкка жараша; |
|
- канцелярдык жана чарбалык товарларга чыгымдарды; |
|
6.5. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон материалдык каражаттар зарылдыкка жараша мамлекеттик статистика органы тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына кабыл алуу-өткөрүп берүү актынын негизинде өткөрүлүп берилет. |
|
6.6. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу үчүн чарбалык ишин (жабдуулар, объекттер, техника ж.б.) жүргүзүүгө зарылдыкка жараша бөлүнгөн материалдык каражаттар макулдашуу комиссиясында каралгандан жана алардын колдонууга жарактуулугу аныкталгандан кийин өткөрүлүп берилүүгө тийиш. |
|
Макулдашуу комиссиясы мамлекеттик статистика органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын өкүлдөрүнөн тең укуктуулуктун негизинде түзүлөт. |
|
6.7. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына өткөрүлүп берилүүчү материалдык каражаттардын тизмеги тараптардын макулдашуусу менен аныкталат. |
|
6.8. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн бөлүнгөн материалдык каражаттарды пайдалануунун тартиби мамлекеттик статистика органы тарабынан аныкталат. |
|
7. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын отчёттуулугунун формасы жана мезгилдүүлүгү |
|
7.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы мамлекеттик статистиканын аймактык органына төмөнкүлөрдү берүүнү камсыздайт: |
|
- мамлекеттик статистикалык отчеттуулукту 2-тиркемеде көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жыл сайын бекитилүүчү Статистикалык иштердин программасына, Статистикалык иштердин графигине, Статистикалык отчеттуулуктун формаларынын табелине ылайык; |
|
- квартал сайын 10 унан кечиктирбестен КР Финансы министрлиги тарабынан 2008-жылдын 24-ноябрында бекитилген №192 буйругунун 2-формасына ылайык статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга бөлүнгөн финансылык каражаттарды пайдалануу тууралуу финансылык отчётту. |
|
8. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын ишке ашырылышын мамлекеттик орган тарабынан контролдоонун тартиби |
|
8.1. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын ишке ашырылышын контролдоо (мындан ары - контролдоо) келишимдин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын камсыздоо максатында жүргүзүлөт. |
|
8.2. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышын контролдоону мамлекеттик статистика органдары жүргүзөт. |
|
8.3. Мамлекеттик статистика органы: |
|
- аныкталган тартип бузууларды четтетүү тууралуу көрсөтмөлөрдү жөнөтүү укугу менен жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын толук кандуу жана сапаттуу аткарылышын контролдойт; |
|
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн бөлүнгөн материалдык жана финансылык каражаттарды максаттуу пайдаланышын текшерет; |
|
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар чөйрөсүнө таандык болгон маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын, ошондой эле методикалык көрсөтмөлөрдүн аткарылышын контролдойт; |
|
- келишим менен каралган учурларда жогору турган органга жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууну токтотуу жана ушул келишимди бузуу жөнүндө сунуштарды даярдайт жана киргизет. |
|
8.4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын ишке ашырылышын контролдоону тиешелүү мамлекеттик сатистика органы төмөнкүдөй түрдө жүргүзөт: |
|
- статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан ишке ашыруу бөлүгүндө алардын ишин координациялоо; |
|
- бул келишимде белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынан статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруунун натыйжалары жөнүндө отчётторду кабыл алуу; |
|
- статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу жана мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга бөлүнгөн каражаттарды пайдалануу бөлүгүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын ишин текшерүү; |
|
- статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу маселелери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына сунуштамаларды берүү; |
|
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан кабыл алынган чечимдерди мыйзамдуулук жана максатка ылайыктуулук көз карашы менен баалоо. |
|
9. Келишимдин күчүнө киришинин жана колдонуу мөөнөтүнүн тартиби |
|
9.1. Келишим жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан бекитилүүгө тийиш жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын келишимди бекитүү тууралуу токтому кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет. |
|
9.2. Ушул келишим 2016-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат. |
|
Эгерде ушул келишимдин колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин тараптардын бири дагы өзүнүн келишимди бузуу ниети жөнүндө билдирбесе, анда анын колдонуу мөөнөтү автоматтык түрдө кийинки бир жылга жана ошол эле шарттарда узартылат. 9.3. Бул келишим бирдей юридикалык күчкө ээ болгон үч нускада түзүлдү. 9.4. Бул келишимдин бардык Тиркемелери анын ажырагыс бөлүгү болуп эсептелишерин белгилөө. |
|
10. Келишимдин шарттарын өзгөртүү |
|
10.1. Келишимге өзгөртүүлөр жана толуктоолор тараптардын макулдашуусу менен киргизилет. |
|
10.2. Келишимге киргизилүүчү өзгөртүүлөр жана толуктоолор жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы тарабынан да бекитилүүгө тийиш жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын келишимге киргизилген өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду бекитүү жөнүндө токтому кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет. |
|
11. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууну токтотуунун негиздери жана тартиби |
|
11.1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу төмөнкү учурларда токтотулушу мүмкүн: |
|
- келишимдин колдонуу мөөнөтү аяктаган; |
|
- келишимди жараксыз деп таануу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген; |
|
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн кезектеги финансылык жылга республикалык бюджетте максаттуу трансферттердин (субвенциялардын) жок болгон; |
|
- статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды андан ары ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарган ченемдик укуктук акт кабыл алынган: -үстүбүздөгү жылдын түшүмү үчүн себүү жөнүндө; - жазгы сугат иштерин жүргүзүү жана жаздык өсүмдүктөрдү себүү жөнүндө; - түшүмдү жыйноо, күздүк себүү жана тоңдурманы айдоо тууралуу; - айыл чарба мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн жана жүзүмдү дүң жыйноо жөнүндө; - айыл чарба өсүмдүктөрдүн түшүмүн жыйноо жөнүндө; - дыйкан (фермер) чарбаларында жана жарандардын жеке көмөкчү чарбаларында мал чарбачылык продукцияларын өндүрүү жөнүндө; - тоюттарды өндүрүү жөнүндө; - дыйкан (фермер) чарбалары тарабынан айыл чарба продукцияларын иштетүүдөгү көлөмү жана баалары тууралуу |
|
- статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча мамлекеттик статистика органы тарабынан берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды өз алдынча ишке ашыруу жөнүндө чечим кабыл алынган (келишимди мөөнөтүнө чейин күчүн бузуу); |
|
- келишим жана (же) "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте жана шарттарда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруудан баш тарткан (келишимди мөөнөтүнө чейин бузуу). |
|
11.2. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу мамлекеттик статистика органынын же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын демилгеси боюнча мөөнөтүнө чейин токтотулушу мүмкүн. |
|
11.3. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан мөөнөтүнө чейин токтотуунун шарттары болуп төмөнкүлөр эсептелет: |
|
- мамлекеттик статистика органы тарабынан статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон финансылык, материалдык жана башка каражаттар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын камсыздоонун мүмкүн эместиги; |
|
- статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынан көз каранды болбогон себептер боюнча мүмкүн эместиги; |
|
- статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн жана (же) ишке ашыруунун шарттарын өзгөрткөн ченемдик укуктук актынын кабыл алынышы; |
|
11.4. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды мамлекеттик статистика органы тарабынан мөөнөтүнө чейин токтотуунун шарттары болуп төмөнкүлөр эсептелинет: |
|
- статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан андан ары ишке ашыруу максатка ылайыксыз деп мамлекеттик статистика органы тарабынан табуу, анын ичинде аларды аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес ишке ашыргандыгы үчүн; |
|
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн алынган материалдык, финансылык жана башка каражаттарды максаттуу эмес пайдалануу, эгер ал бузуулар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы тарабынан статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну татаалдаштырган шарттарды түзсө; |
|
- статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн жана (же) ишке ашыруунун шарттарын өзгөрткөн ченемдик укуктук актынын кабыл алынышы; |
|
11.5. Тараптардын биринин демилгеси боюнча статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар мөөнөтүнө чейин токтотулган учурда токтотууну демилгелеген тарап статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтотуунун болжолдонгон датасына чейин 15 жумушчу күн мурда башка тарапка жазуу түрүндө билдирүү жөнөтүүгө милдеттүү. |
|
11.6. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды мөөнөтүнө чейин токтотуу жөнүндө билдирүүнү алган тарап аны 15 жумушчу күндүн аралыгында карап чыгууга жана башка тарапка кароонун жыйынтыгы жөнүндө кабарлоого милдеттүү. |
|
Башка тарап билдирүү менен макул болгон учурда статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу тараптардын макулдашуусунун негизинде токтойт. |
|
11.7. 30 жумушчу күндүн аралыгында билдирүүнү кароонун жыйынтыгы жөнүндө жазуу түрүндө жооп жок болгон же башка тарап статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтотуу менен макул болбогон учурда берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды мөөнөтүнө чейин токтотуу жөнүндө маселе сот тартибинде чечилет. |
|
11.8. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар аткаруу мөөнөтүнө чейин токтотулган учурда аларды ишке ашыруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына бөлүнгөн, пайдаланылбаган материалдык жана финансылык каражаттар берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруу токтотулган күндөн тартып 15 жумушчу күндүн аралыгында мамлекеттик органга кайтарылууга тийиш. |
|
11.9. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын аткарылышын каржылоо ушул келишимде каралган көлөмдө, тартипте жана мөөнөттө токтотулган учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтотууга укуктуу, бул жөнүндө жазуу түрүндө 15 жумушчу күндүн аралыгында тиешелүү мамлекеттик статистика органына билдирет. |
|
11.10. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарууну токтоткон күндөн тартып, мамлекеттик ыйгарым укуктар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органына аларды берген мамлекеттик статистиканын аймактык органы тарабынан аткарылууга тийиш. |
|
11.11. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды андан ары аткарууну токтотуу, токтотуп туруу жана баш тартуу тууралуу чечими жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынын токтому менен бекитилет жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте күчүнө кирет |
|
12. Тараптардын жоопкерчилиги |
|
12.1. Келишимдин шарттарын талаптагыдай аткарбагандык, укуктарын басмырлоо же материалдык жана моралдык зыян келтирүү үчүн тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат. |
|
12.2. Шаардын мэри (айыл өкмөтүнүн башчысы) статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын тийиштүү түрдө аткарылышын уюштуруу, статистикалык маалыматтардын ишенимдүүлүгү, өз убагында болгондугу жана сапаты, бөлүнгөн материалдык, финансылык жана башка каражаттарды максаттуу пайдалануу жана ушул келишимдин жоболорун так аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат. |
|
13. Талаштарды чечүү тартиби |
|
13.1. Ушул келишимди аткаруунун жүрүшүндө келип чыккан бардык талаштар жана келишпестиктер тараптар ортосунда сүйлөшүүлөр аркылуу же болбосо сот тартибинде чечилет. |
|
14. Тараптардын даректери жана кол тамгалары |
|
1. Ноокат шаары. В.И.Ленин көчөсү-8 _______Дуванаев Б.К |
|
2. Бел айыл аймагы ______ Каратаев М.А |
|
”Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына статистикалык маалымат жыйноо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимге ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына аткарууга караштырылган статистикалык иштердин тизмеги
№ п/п | Маалыматтардын тизмеси (ыйгарым укукту ыйгаруу) | Отчетторудун аталышы боюнча маалыматтарды чогултуу, отчеттун формаларынын № | Отчетту тапшыруу мезгили | Отчетту тапшыруу мөөнөтү |
|
1 | Үстүбүздөгү жылдын түшүмүүчүн себүү жөнүндө | ф.№1-айдоо ЖКЧ «Жарандардын жеке көмөкчү чарбаларындагы айыл чарба өсүмдүктөрүн себүү аянты жөнүндө маалымат» | Жылдык | 21-майда |
|
№2--дч«Дыйкан(фермердик)чарбалары жана айыл чарба өндүрүшүн иштеткен жеке ишкерлердин чарбалары боюнча айыл чарба өсүмдүктөрүн себүү аянттары жөнүндө маалымат | Жылдык | 25-майда |
| ||
№2–аренда «Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун айдоо жерлерин пайдалануу жөнүндө отчет» | Жылдык | 1-июнда |
| ||
№ 5-ач Айдоожерлердин бар экендигижана жерди пайдалануучуларга карата бөлүштүрүлүшү жөнүндө маалымат | Жылдык | 6-июнда |
| ||
ф. №4-ач "20__ж. түшүмү үчүн себүүнүн жыйынтыгы жөнүндө өсүмдүктөрүн отчет» | Жылдык | 3-июнда |
| ||
2 | Жазгы-талаа иштерин жүргүзүү жана жаздык өсүмдүктөрдү себүү жөнүндө | ф.№3 ач «Жаздык өсүмдүктөрдү себүү жана жазгы – талаа иштерин жүргүзүү жөнүндө отчет» | Айлык (марттан май бою) | 24-март, 24-апрель, 22-май |
|
3 | Түшүмдү жыйноо, күздүк себүү жана тоңдурманы айдоо тууралуу; | Ф.№ 12- | Айлык | Айдын 26-27-күнү |
|
ф. № 7-ач Түшүм жыйноонун, тоңдурма айдоонунжана күздүк себүүнүн жүрүшү жөнүндө отчет " | Айлык (июндан декабрь боюнча) | 23-күнгө 21-ноябрь, 19-декабрь |
| ||
4 | Айыл чарба мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн жана жүзүмдү дүң жыйноо жөнүндө | ф. №7-ЖКЧ «Калктын жеке көмөкчү чарбаларындагы айыл чарба өсүмдүктөрүн мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн жана жүзүмдү дүң жыйноо жөнүндө маалымат» | Жылдык | 1-октябрга чейин |
|
5 | Айыл чарба өсүмдүктөрдүн түшүмүн жыйноо жөнүндө | ф. № 29ач "Бардык жерден, сугат жерлерден айыл чарба өсүмдүктөрдүн түшүмүн жыйноо жөнүндө отчет» | Жылдык | 20-ноябрь |
|
6 | Дыйкан (фермер) чарбаларында жана жарандардын жеке көмөкчү чарбаларында мал чарбачылык продукцияларын өндүрүү жөнүндө | ф. №26 ач " Дыйкан (фермер) чарбаларында жана жарандардын жеке көмөкчү чарбаларында мал чарбачылык продукцияларын өндүрүү жөнүндө маалымат" | Айлык | Отчеттук айдын 25-күнүнө чейин |
|
№6- малдыэсепкеалуу "20____ж. аягына________ айылаймагы (шаар) боюнчамалдыжанаійканаттууларынэсепкеалуунунжыйынтыгы" | Жылдык | 9-23-декабрга |
| ||
№ 3-малды эсепке алуу "Айыл жерлерин демалды жана үй-канаттууларын түтүн боюнча эсепке алуу" | Жылдык | 9–23-декабрга |
| ||
№4-малды эсепке алуу "20____ж. аягына шаар жерлеринде малды жана үй-канаттууларын эсепке алуунун тизмеси" | Жылдык | 9–23-декабрга |
| ||
№5- малдыэсепкеалуу "20____ж. аягына малды эсепке алуу боюнча контролдук кыдыруунун акт-тизмеси" | Жылдык | 30-декабрга |
| ||
7 | Тоюттарды өндүрүү жөнүндө | ф. №10 - ач "20__ж. 1-декабрына карата тоюттарды өндүрүү жөнүндө отчет» | Жылдык | 1-декабрга |
|
8 | Дыйкан (фермер) чарбалары тарабынан айыл чарба продукция-ларын иштетүүдөгү көлөмү жана сатып өткөрүдөгү баалары тууралуу | ф. №2 - баалар "Айыл чарба продукциясынын өткөрүү баалары жөнүндө отчет" | Айлык | Отчеттук айдын 25-күнүнө чейин |
|
№8 сатып – өткөрүү формасы "Дыйкан (фермер) чарбаларынын жана жарандардын жеке көмөкчү чарбаларынын айыл чарба продукциясын сатып өткөрүү көлөмү боюнча маалымат " | Жылдык | 11-декабрга |
| ||
9 | Айыл чарба продукцияларын өндүрүүгө кеткен чыгымдар жөнүндө | ф.№6 "201__-ж. өндүрүлгөн айыл чарба продукциясына кетирилген чыгымдар боюнча дыйкан (фермер) чарбаларына жүргүзүлгөн тандалма изилдөө боюнча маалымат» | Жылдык | 25-мартка |
|