Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-октябры № 23-6
Бел айыл аймагындагы көйгөйлөрдү аныктоо боюнча конкурстук комиссиясынын 2016-жылдын 20-октябрындагы №1-протоколун бекитүү жөнүндө
Депутаттардын Бел айылдык Кеңешинин (бешинчи чакырылышынын) жыйырма үчүнчү сессиясы айыл аймагынын аймагында орун алган көйгөйлөрүн аныктоо боюнча конкурстук комиссиясынын 2016-жылдын 20-октябрындагы №1-протоколун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бел айыл аймагындагы көйгөйлөрдү аныктоо боюнча конурстук комиссиясынын 2016-жылдын 20-октябрындагы № 1-протоколу бекитилсин. ( Протокол тиркелет)
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн кызматкерлерине жүктөлсүн.
Төрага | Т. Бекботоев |
Бел айылы 20.10.2016-ж
Отурумга катышкан комиссия мүчөлөрү – Жумаева А.С , Мурзаев С.А, Кенжебаев Т.С, Акматов А.К, Ураимов М.А.
Күн тартибинде:
1. Комиссиянын төрагасын шайлоо
2. Бел айыл аймагындагы айылдардан келген көйгөйлүү проблемаларды тандоо үчүн критерийлерди иштеп чыгуу
3. Айылдардан келген көйгөйлөрдү ранжирлөө (маанисине карата тизмектөө)
Күн тартибиндеги биринчи маселе боюнча конкурстук комссиянын төрагалыгына айыл өкмөтүнүн башкы адиси Акматов Айбилла Камбаралиевич шайланды.
Күн тартибиндеги экинчи маселе боюнча комиссиянын төрагасы Акматов Айбилла Камбаралиевич төмөнкүлөргө токтолду. Ал өз сөзүндө айыл аймагында чечүүнү талап кылган бир топ маселелер бар экендигин айтып, алар калк менен болгон сурамжылоодо такталгандыгын баса белгиледи. Аталган көйгөйлөрдүн көптүгүнөн аларды төмөнкү критерийлер менен тандап алууну сунуш кылды.
- социалдык мааниси
- айыл тургундарына зарылдыгы, көйгөйлүүсү
- айылдын социалдык – экономикалык өнүгүүсүнө жана калкка пайда келтирүүсү
- келечекте туруктуу иштеп туруусу
Күн тартибиндеги үчүнчү маселе комиссия мүчөлөрү тарабынан талкууга алынып, төмөнкү көйгөйлүү маселелер биринчи кезекте чечүүгө жатарын белгилешти.
- Борбаш айылынын Күңгөй участкасына мектеп куруу
- Ой-талаа орто мектебинин жаңылоо
- Жаш участкасына балдар бакчасын куруу
-Айылдарга мини футболдук аянтчаларды куруу
- Жаңы айылдарга Фап куруу
- Калкты таза суу менен камсыздоо
-бүтпөгөн маданият үйүн капиталдык ремонттон чыгаруу
Конкурстук комиссия аныктаган жана чечүүгө жаткан айыл аймагындагы көйгөйлүү проблемаларды бекитип берүү жагы депутаттардын айылдык кеңешинин сессиясынан суралсын.
Конкурстук комиссиясынын мүчөлөрү:
Акматов А Бел айыл өкмөтүнүн кызматкери.
Кенжебаев Т Борбаш айылынын тургуну
Ураимов М Борбаш айылынын айыл башчысы.
Жумаева А Бел айыл өкмөтүнүн башчысынын орүн басары.
Мурзаев С Бел айылынын тургуну.