Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 21-декабры № 5
Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын берүү жөнүндө
Нарын шаарынын социалдык экономикалык өнүгүшүнө кошкон салымдары, өзгөчө сиңирген эмгектери үчүн Нарын шаардык Кеңешинин “Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымат каражаттары, наамдарды ыйгаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын шаарынын социалдык экономикалык өнүгүшүнө кошкон салымдары, өзгөчө сиңирген эмгектери үчүн Нарын шаардык Кеңешинин “Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымат каражаттары, наамдарды ыйгаруу боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде, сессияга катышкан депутаттардын көпчүлук добушуна ээ болгондуктан Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамы тиркемеде көрсөтүлгөн инсандарга ыйгарылсын.(тиркеме тиркелет)
2. Жобого ылайык Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын алгандарга атайын жазалган үлгүдөгү Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” төш белгиси, күбөлүгү тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык Кеңешинин “Депутаттык иш, ардагерлер, жаштар саясаты, жарандык жана коомдук уюмдар, эл аралык байланыш, жалпыга маалымат каражаттары, наамдарды ыйгаруу боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Э. Турсуналиев |
| Нарын шаардык Кеңешинин 21-декабрь 2016-жылдагы XXVI чакырылыштагы кезексиз XXXVII сессиясынын №5 токтомуна тиркеме |
Нарын шаардык Кеңешинин XXVI чакырылыштагы кезексиз XXXVI сессиясынын №5 токтому менен Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын алган инсандардын тизмеси
1. Жумабеков Майрамбек
2. Назаркулов Охап
3. Насиридинов Кумар
4. Темирова Барчын
5. Уметова Бегайым
6. Мукашева Марипа
7. Ибраимов Асангазы
8. Абдышев Темиркул
9. Шамыратов Эркинбек
10. Эсенканова Нурзат
11. Ибраев Мамбетасан
Жооптуу катчы | А. Абдыкеримов |