Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 21-декабры № 8
“Бар Эл” жамааттар асоциациясынын Уставын бекитип берүү жөнүндө
Нарын шаардык Кеңешине “Альянс развития Сообшеств” коомдук бирикмесинин Нарын облусу боюнча координатору К.Тилебалдиева “Бар Эл” жамааттар ассоциациясы Нарын шаарынын социалдык өсүп өнүгүүсүнө долбоорлорду тартып келүү менен кызматташаарын, Кыргыз Республикасынын “Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө” Мыйзамына ылайык “Бар Эл” жамааттар ассоциациясынын Уставын шаардык Кеңештин сессиясында карап бекитип берүү сунушу менен кайрылган. “Бар Эл” жамааттар ассоциациясынын Уставын бекитип берүү боюнча “Альянс развития Сообшеств” коомдук бирикмесинин Нарын облусу боюнча координатору К.Тилебалдиеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Нарын шаардык Кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кыргыз Республикасынын “Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндө” Мыйзамына ылайык “Бар Эл” жамааттар ассоциациясынын Уставы бекитилсин. (устав тиркелет)
Төрага | Э. Турсуналиев |
| Нарын шаардык Кеңешинин XXVI чакырылыштагы XXXVII сессиясынын № 8 токтому менен бекитилди |
Жалпы жоболор
1. Жамааттар ассоциациянын толук жана кыскартылган аталышы
1.1. Жамааттардын ассоциациянын кыргыз тилиндеги расмий аталышы: «БАР ЭЛ» кыскартылып айтылышы “Жамааттар ассоцияциясы”, Орус тилинде: Ассоциация жамаатов «БАР ЭЛ».
1.2 Жамааттардын ассоциациясы «БАР ЭЛ», мындан ары “Жамааттардын ассоцияциясы” Нарын шаарында жайгашкан жана ар бир айылдык округдарында айылдык кеңешинен катталган жамааттардын ыктыярдуу бирикмеси болуп эсептелет.
1.3. Жамааттардын ассоциациясынын расмий тили болуп кыргыз жана орус тилдери саналат;
1.4. “Жамааттардын ассоциациясынын” дареги: Нарын шаары Ш. Мамбетов көчөсү № 15
2. “Жамааттардын ассоцияциясы” негизги максаттары
“Жамааттардын ассоцияциясы” Нарын облусунда түзүлгөн жамааттарды ар тараптуу өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү, коомчулукта алардын мүмкүнчүлүктөрүн жана жөндөмдөрүн ишке ашыруу жана алардын мыйзамдык жана укуктук кызыкчылыктарын коргоо максатында түзүлдү.
2.1. Негизги максаттарды ишке ашыруу үчүн “Жамааттардын ассоцияциясы” төмөндөгү багыттарда иш алып барат:
- “Жамааттардын ассоцияциясы” мүчө болгон жамааттардын баардык тармактарында өндүрүмдүүлүктү жогорулатууга көмөк көрсөтүү;
- Инновациялык техникаларды жана ыкмаларды жайылтууга көмөк көрсөтүү;
- “Жамааттардын ассоцияциясы” ар бир мүчөсүнө социалдык коргоону жана жашоо деңгээлин жогорулатууну камсыз кылган программаларды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү;
- Ассоциациянын мүчөлөрүнө эмгектик тейлөө системасын жана акысыз, жеңилдетилген тейлөө кызматтарын алууга шарт түзүү;
- Айылдардын биримдигин түзүү;
- Мамлекеттик, коомдук жана башка мекемелер менен кызматташуу;
- Коомчулукту, жергиликтүү жана чет мамлекеттик мекеме уюмдарды, ден соолукту сактоо, оорулардын алдын алуу, дени сак жашоо боюнча түшүндүрүү иштерин жайылтууга байланышкан көйгөйлөрдү чечүүгө тартуу;
- “Жамааттардын ассоцияциясы” мүчө жамаатардын иш жүргүзүүгө керек болгон маалымат жана башка материалдары менен камсыз кылуу;
- Күнүмдүк-социалдык, жашоо шарт көйгөйлөрүн чечүүгө таасирдүү ыкмаларды иштеп чыгуу;
- Айылга жумушчу ордун түзүүгө жана алардын кесиптик билим деңгээлин жогорулатууга көмөктөшүү;
- Жетим балдарга, жардамга муктаж болгон аялдарга ар кандай жардамдарды уюштуруу;
- Гуманитардык жардам берүү, жеңилдетилген кредиттерди берүү системасын өркүндөтүү, бизнес проектилерди түзүү аркылуу калктын жакыр жашаган катмарына социалдык колдоого катышуу.
- Улуттук жана башка улуттук топтордун руханий маданиятын өркүндөтүү жана ага катышуу. Дүйнөлүк маданияттын бийик үлгүлөрүн колдонуу.
- Адам укугу жана эркиндигине багытталган жаны прогрессивдик коомдук институттарды, демократиялык процесстерди жана реформаларды колдоого алуу;
- “Жамааттардын ассоцияциясы” жардам сурап кайрылган жамаат мүчөлөрүнө, ссуда берүү, жеке турак жай курууга жер тилкелерин алууга көмөктөшүү;
- Жаратылышты коргоого, экосистемаларды калыптандырууга арналган кайрымдуулук акцияларына жана башка иш чараларга катышуу жана уюштуруу;
- Окшош иш жүргүзгөн кыргыз жана чет элдик мекемелер менен кызматташуу, кесиптик чеберчиликти, өнөктөштүктү өркүндөтүү;
- Конференцияларды, семинарларды, презентацияларды, көргөзмөлөрдү, лекцияларды окууну жана маалымат-кеңеш иштерине катышуу жана уюштуруу.
3. “Жамааттардын ассоцияциясынын” көз карансыздыгы
3.1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ушул уставда көрсөтүлгөн ченемдериндин негизинде “Жамааттардын ассоцияциясы” өз ишмердүүлүгүн өз алдынча жүргүзөт жана ишке ашырат.
3.2. Тараптардын өз ыктыярдуу түрдө милдеттерди өз мойнуна алган учурдан башка, мамлекеттик башкаруу органдарынын жана өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттемелерине “Жамааттардын ассоцияциясы” жооп бербейт жана алар дагы “Жамааттардын ассоцияциясынын” милдеттемелерине жоопкерчилик бербейт.
4. “Жамааттардын ассоцияциясынын” башкаруу органдары
4.1. “Жамааттардын ассоцияциясынын” башкаруу органдарынын эң жогорку органы болуп мүчөлдөрдүн жалпы чогулушу болуп эсептелинет.
4.2. “Жамааттардын ассоцияциясынын” жалпы чогулушу тарабынан “Жамааттардын ассоцияциясынын” Төрагасы, Байкоо Кеңеши жана Ревизор шайланат.
5. Жамааттардын ассоцияциясынын” мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери жөнүндөгү жоболор
5.1. “Жамааттардын ассоцияциясынын” мүчөлөрү төмөндөгүдөй укуктарга ээ:
1. Финансы-кредит мекемелеринде эсептерди ачууга;
2. Тиешелүү жергиликтүү кеңештер, алардын аткаруучу-тескөөчү органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, ошондой эле ишканалар, мекемелер, уюмдар, кооперативдер, жамааттар жана башка чарбакер субъекттер менен келишимдик негизде эриш-аркак иштетүүгө;
3. Жамааттын максаттары менен милдеттерин ишке ашыруу үчүн эл аралык донордук уюмдардын каражаттарын жана инвестицияларды тартууга.
4. Ассоциациянын башкаруучу органдарынын ишмердүүлүгүнө катышууга жана көзөмөл жүргүзүүгө;
5. Ассоциясынын башкармалыгынын жалпы чогулушунун чечим кабыл алууда бир гана добуш берүүгө;
6. Ассоциациянын башкаруу органдарына шайланууга жана шайлоого;
7. Ассоциациянын тарабынан уюштурулган ишмердүүлүгүнө жана чогулуштарына катышууга;
8. Ассоциация тарабынан мүмкүн болушунча болгон кызматтарды, жардамдарды алууга;
9. Ассоциациянын өз алдынча ишмердүүлүгүн сактоого;
10. Ассоциациянын ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат алууга;
11. Ушул уставдын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Ассоциациянын ички укукттук актыларынын негизинде Ассоциациянын жалпы чогулушун чакырууга;
12. Ассоциациянын ишмердүүлүгүнө тиешелүү көйгөйлөрдү көтөрүп чыгууга жана сунуштарды башкаруу органдарына киргизүүгө;
13. Ассоциациянын уставынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Ассоциациянын мүчөлүгүнөн чыгууга.
5.2. Жамааттардын ассоцияциясынын” мүчөлөрүнүн милдеттери:
1. Уставдын жоболорун колдонууга;
2. Башкаруучу органдарынын чечимдерин кынтыксыз аткарууга;
3. Ассоциациянын максаттарын жана ишмердүүлүгүн ишке ашырууда жана туура чечим кабыл алуу үчүн маалыматтарды берүүгө;
4. Ассоциациянын башкармалыгынын жалпы чогулушунда кабыл алынган мүчөлүк акыны убагында төлөп турууга.
6. “Жамааттардын ассоцияциясынын” мүчөлөрдү кабыл алуунун жана андан чыгаруунун тартиби жана шарттары
6.1. “Жамааттардын ассоцияциясынын” мүчөлүгүнө төрагасына мүчөлүккө кабыл алуу жөнүндө жамааттын арызынын негизинде кабыл алынат. Арыз Башкаруучу кеңешинин жалпы чогулушунда каралат жана 1-кварталдын ичинде арызын карап же башка учурда эмне себептен мүчөлүккө кабыл алынбаганы тууралуу чечими менен жооп берет.
6.2. Мүчөлүккө кабыл алуу Ассоциациянын мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунун 3/2 бөлүгүнүн катышуусунда, көпчүлүк добушунун негизинде жалпы чогулуштун токтому менен кабыл алынат.
6.3. Ассоциациянын мүчөлүгүнөн чыгаруу төмөндөгү иш аракеттер болушу мүмкүн:
- Уставдын жобосун туура эмес аткаргандыгы үчүн;
- Мүчөлүк акынын өз убагында төлөбөгөн учурда;
- Башкаруучу органдарынын чечимдерин бир нече жолу аткарбаганда;
- Ассоциациянын ишмердүүлүгүнө жана максаттарына жетүүдө материалдык же материалдык эмес чыгымдарды келтирген учурда;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликтүү укуктарды бузууда жана кылмышка тартылганда;
- Ассоцияциянын мүчөлүктөн чыгаруу ассоцияцынын мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунда көпчүлүк добушу менен чечилет.
6.4. Ассоциациянын мүчөсү болуп, айылдык аймагынан айылдык кеңеши тарабынан катталган, мүчөлүк төлөмдөрдү төлөгөн, жалпы кызыкчылыгы менен жамааттардын ассоциациясы менен байланышта болгон, уставдын негизинде Талас районунун кызыкчылыгын жактаган жамаат боло алат.
6.5. Жамааттардын ассоциациясына мүчөлүк кылуу же андан чыгуу ыктыярдуу түрдө болот.
6.6. Ассоцияцынын башкармалыгынын чогулушунун чечими менен макул болбогон учурда, Кыргыз Республикасынын бекитилген мыйзам жүргүзүүсүнүн тартибинин негизинде чечилет.
6.7. Жамааттардын ассоциациясынын мүчөсүн мүчөлүктөн чыгаруу, ага 30 күн мурда берилген эскертүүдөн жана ага жалпы чогулушта чыгып сүйлөө укугунан кийин ишке ашырылат.
7.1. Ассоциациянын мүчөлүгүнө кирүү жана мүчөлүк акынын эң аз өлчөмүн белгилөө, аларды тогуу тартиби жана шарттары мүчөлөрдүн жалпы чогулушунда кабыл алынат.
7.2. Ассоциациянын жалпы чогулушунун токтомунун негизинде Ассоциациянын төрагасы тарабынан аткарууга жатат.
7.3. Ассоцияцияга кируу акысы 1000 (миң) сом өлчөмүндө төлөнөт.
7.4. Ассоциациянын мүчөлүк акысы мүчөлөрдүн жалпы чогулушунда кабыл алынган күндөн тартып жылдын ар бир кварталында төлөнүүгө тийиш.
8. “Жамааттардын ассоцияциясынын” төрагасынын ыйгарым укуктары жана иш-милдеттери жөнүндө жобо
8.1. Жамааттардын ассоциациясытын төрагасынын ыйгарым укуктары
- Төрага, жалпы чогулушта жашыруун добуш берүүсү аркылуу шайланат.
- Жамааттардын ассоциациясынын төрагасы, Жамааттардын ассоциациясы түзүү тууралуу иш кагаздарын толтуруп, жергиликтүү Кеңешке каттайт.
- Жамааттардын ассоциациясытын төрагасынын иш жүргүзүүсү, шайланган убактан баштап эки жылга жарактуу.
- Ассоциянын төрагасы Квартал сайын ишмердүүлүгү тууралуу Байкоочу Кеңешке маалымдайт.
- Уставдын максаттарына жетүү үчүн жана жоболордун аткарылышына жоопкерчилик тарат.
9.1. Ассоциациянын Төрагасына койгон кандидат сөзсүз түрдө жогорку билимдүү, тажрыйбасы 3 жылдан кем эмес, жамааттардын мүчөсү болуусу зарыл.
9.2.Ассоциациянын Төрагасын жалпы чогулуш 3/2 бөлүгүнүн катышуусу менен көпчүлүк добуш менен шайланат жана бошотулат.
9.3. Ассоциациянын Төралыгына болгон кандидат, Ассоциациянын Төрагасына кат менен кайрылып жана керектүү документерди тапшыруу менен кабыл алынат.
10.1. Ассоциациянын Байкоочу Кеңеши Ассоциациянын ишмердүүлүгүнө жалпы көзөмөл кылат
10.2. Байкоочу Кеңеш Ассоциациянын мүчөлөрүнүн жалпы чогулушунда 2(эки) жылга шайланат
10.3. Байкоочу Кеңештин курамы жана саны мүчөлөрдүн жалпы чогулушунда такталат.
10.4. Байкоочу Кеңеш квартал сайын чогулуш өткөзүп, Ассоциациянын ишмердүүлүгүнө жана максаттарына ылайык керектүү чечимдерди кабыл алат,
10.4. Маанилүү учурда Ассоциациянын мүчөлөрүнүн кайрылуусу менен Байкоочу Кеңештин чогулушу өтүшү мүмкүн.
10.3. Байкоочу Кеңештин компетенциясына ылайык мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен чечимдер кабыл алынат.
10.4. Байкоочу Кенештин компетенциясы:
- Ассоциациянын негизги максаттарына жетүү үчүн керектүү чечимдерди кабыл алуу
- Ассоциациянын стратегиялык пландарын иштеп чыгуу
- Ассоциациянын мүчөлөрүнүн ой пикирлерин кабыл алуу менен бирге Ассоциациянын максаттарына жетүү үчүн керектүү чечимдерди кабыл алуу
- Ассоциациянын Төрагасынын отчетун угуу жана бекитүү
- Ассоциациянын мүчөлөрүнүн жалпы чогулушун чакыруу
11. “Жамааттардын ассоцияциясынын” каражатын топтоо жана аларды пайдалануунун тартиби
11.1. Ассоциация Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде өз каражаттарын жана мүлкүн максаттарына ылайык колдонот, башкарат, тескейт.
11.2. Ассоциациянын мүлкү жана каражаты төмөндөгү түшкөн булактарына жараша ар кандай формада болушу мүмкүн
Мүчөлөрдүн мучо акысынан түшкөн каражаттар;
- Ассоциациянын максаттары үчүн Кыргыз Республикасынын жана чет өлкөлөрдөн өз ыктыяры менен жеке жана юридикалык жактардын төлөмдөрү, гранттык жардамдары жана башка каражааттар;
- Ассоциациянын менчиктеринен колдонууда түшкөн каражаттар
- Ассоциациянын өзүнүн кызмат жана кеңеш берүүдөн түшкөн каражаттар;
- Ассоциациянын жеке чарбалык кылуудан түшкөн каражаттар
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каражаттар болушу мүмкүн
11.3. “Жамааттардын ассоцияциясынын” каражаттары жана мүлкү төмөнкүлөргө:
- Ассоциациянын уставдык максаттарга жана стратегиялык пландарга жетүү үчүн;
- Ассоциациянын кызматкерлеринин эмгек акыларына;
- Ассоциациянын ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн кеңселерди, кеңсеге керектүү заманбап оргтехникаларды, автотранспорторду;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул уставдын максаттарына каршы келбеген жана кайрымдуулктарга сарпташы мүмкүн
- Жамааттын экономикалык негизи жана менчиги ал тарабынан курулган же сатып алынган объекттер, ошондой эле юридикалык жана жеке жактар тарабынан ага өткөрүп берилген объекттер болуп саналат.
- Жаматтын каражаттары ошол аймакта жашап жаткан калктын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу жана абат кылуу максаттары үчүн жаматтын мүчөлөрү тарабынан пайдаланылат
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, жергиликтүү бийлик жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын жамааттардын финансы-экономикалык иштерине кийлигишүүсүнө жол берилбейт.
12. “Жамааттардын ассоцияциясынын” уставына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүүнүн тартиби
12.1. Ассоциациянын уставын өзгөртүү жана толуктоо мүчөлдөрдүн өз ой пикирлерин мүчөлөрдүн жалпы чогулушуна чейин кат жүзүндө төрагага ал эми мүчөлөрдүн жалпы чогулушунун учурунда ооз эки түрүндө билдирет
12.2. Уставды өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө кат жүзүндө билдирилген ой пикирлер Ассоциациянын төрагасы мүчөлөрдүн жалпы чогулушунун күн тартибине киргизет
12.3. Ассоциациянын уставын өзгөртүү жана толуктоо мүчөлөрдүн жалпы чогулушунун көпчүлүгүнүн колдоосу менен кабыл алынат
13. “Жамааттардын ассоцияциясынын” аудитин, эсебин алуунун тартиби
13.1. Ассоциация Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзүнүн бухгалтердик башкаруучулук эсебин жүргүзүп жана отчетторун тапшырат.
13.2. Ассоциациянын керектүү органдарга жана башкаруу башкармалыгына керектүү документтерди жана отчетторду тапшырып турууда Ассоциациянын төрагасы жоопкерчилик тартат
13.3. Ассоциациянын төрагасы ар жыл сайын Ассоциациянын мүчөлөрдүн жалпы чогулушунда финансылык отчет берет
13.4. Ассоциациянын финасылык башкаруусун жана эсебин ревизиондук комиссия текшерип башкаруу башкармалыгына тапшырат
14. “Жамааттардын ассоцияциясынын” ишин токтотуунун (кайра уюштуруунун жана жоюунун) шарттары
14.1. Ассоциация Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишин токтотууну, кайра уюштурууну, жана жоюууну мүчөлөрдүн жалпы чогулушунда чечилет жана Ассоциация жоюу үчүн комиссия түзүлөт, ал эми комиссия Ассоциация жоюууда баардык иш аракеттерди мойнуна алат
14.2. Ассоциация мүчөлөрдүн жалпы чогулушунун чечими менен жана сот аркылуу жоюлушу мүмкүн
14.3. Ассоциациянын мүчөлөрүнүн жалпы чогулушу менен кабыл алынгандан кийин жергиликтүү кеңештер тарабынан Ассоциация жоюлду деп катталган күндөн тартып ишин токтотот
14.4. Ассоциациянын мүлкү жана каражаттары кредиторлордун карыздарын жойгондон кийин уставда көрсөтүлгөн Ассоциацияны жоюу үчүн түзүлгөн комиссиянын чечими менен чечилет
|