ТоктомКүчүндө

Ленинпол айылдык кеңешинин 2016-жылдын 14-октябрындагы № 15 «Жер фондусун инвентаризациялоо материалдарын бекитүү жөнүндө» токтому

Редакция14.10.2016 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ЛЕНИНПОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2016-жылдын 14-октябры № 15

Жер фондусун инвентаризациялоо материалдарын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-март айындагы № 114 токтому менен бекиген Жобого ылайык “Кыргызмамжердолбоор” долбоорлоо институнун Талас жерге жайгаштыруу экспедициясынын Бакай-Ата айыл аймагынын жер фондусунун инвентаризациялоо материалдарын карап чыгып Бакай-Ата айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Кыргызмамжердолбоор” долбоорлоо институнун Талас жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган Бакай-Ата айыл аймагынын жер фондусун инвентаризациялоо боюнча материалдары бекитилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бакай-Ата айыл аймагынын айыл өкмөтүнөн суралсын.

 

Төрага

Н. Ширдаков