Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги IV чакырылышынын XXXXI сессиясы
2016-жылдын 21-декабры № 1
Ноокат шаардык кеңешинин 2017-жылга түзүлгөн иш-планын бекитүү жөнүндө
Ноокат шаардык кеңешинин 2017-жылга түзүлгөн иш-планын угуп жана талкуулап, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаардык кеңешинин 2017-жылга түзүлгөн иш-планы бекитилсин.(План тиркелет).
2. Ноокат шаардык кеңешинин 2017-жылга түзүлгөн иш-планынын толук аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кеңешинин төрагасы А.Гафаровга тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |
Ноокат шаардык кеңешинин 2016-жылдын 21-декабрындагы IV чакырылыш XXXXI сессиясынын №1 токтомуна №1 тиркеме |
Ноокат шаардык кеңешинин 2017-жылга перспективалык
ИШ ПЛАНЫ
Шаардык кеңештин сессиясында каралуучу маселелер:
I чейректе каралуучу маселелер:
1. Ноокат шаар мэриясынын 2016-жыл ичинде аткарган иштери боюнча Ноокат шаарынын мэри О.Тургунбаевдин отчету.
Билдирүү берет: Ноокат шаарынын мэри О.Ж.Тургунбаев
2. Ноокат шаардык мэриясынын 2015-жылдагы жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана 2017-жылга шаардык мэриясынын жергиликтүү бюджетин бекитүү жана Ноокат шаардык мэриясынын 2017-жылдын жергиликтүү бюджетин жана 2018-2019-жылдарга жергиликтүү бюджетинин долбоорунун болжолун бекитүү жөнүндө.
Билдирүү берет: Ноокат шаардык мэриясынын ФЭБ башчысы М. Абдурасулов
3. Ноокат шаардык мэриясынын 2015-жылдагы атайын эсебиндеги жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жана 2017-жылга шаардык кенешинин атайын эсебиндеги жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө.
Билдирүү берет: Ноокат шаардык мэриясынын ФЭБ башчысы М. Абдурасулов
II чейректе каралуучу маселелер:
1. Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы билим берүү мекемелеринин жана балдар бакчаларынын жаны окуу жылына даярдыгы жөнүндө.
Билдирүү берет: Ноокат шаардык кенешинин билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт-туризм, ъз алдынча башкаруу, социалдык коргоо маселелери боюнча туруктуу комиссиясы.
2. Ноокат шаарынын муниципалдык менчик департаментинин 2016-жылда жүргүзгөн иштери жөнүндө отчету.
Билдирүү берет: Ноокат шаарынын муниципалдык менчик департаментинин башчысы Ж. Нуридинов
3. Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы АООТ “Ноокат Коммунальщик” ишканасынын тазалык боюнча аткарып жаткан иштери жөнүндө.
Билдирүү берет: “Ноокат Коммунальщик” ачык типтеги ишкананын жетекчиси А.Кадиров
III чейректе каралуучу маселелер:
1. Ноокат шаарынын 2017-жылдагы 6-айлык социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы боюнча Ноокат шаарынын ФЭБ башчысы М.Абдурасуловдун билдирүүсү.
Билдирүү берет: Ноокат шаарынын ФЭБ башчысы М.Абдурасулов
2. Ноокат шаар мэриясынын аймагындагы билим берүү мекемелеринин кышка карата даярдыгы жөнүндө.
Билдирүү берет: Ноокат шаардык кенешинин билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт-туризм ъз алдынча башкаруу, социалдык коргоо маселелери боюнча туруктуу комиссиясы
IV чейректе каралуучу маселелер:
1. Ноокат шаарынын 2017-жылдагы 9-айлык социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы боюнча Ноокат шаарынын ФЭБ башчысы М.Абдурасуловдун билдирүүсү.
Билдирүү берет: Ноокат шаарынын ФЭБ башчысы М. Абдурасулов
2. ”Ноокат суу канал” чарбалык ишмердүүлүк жүргүзүү укугуна негизделген муниципалдык ишканасынын жетекчиси З.Камаловдин 2016-жыл ичинде аткарган иштери боюнча отчету.
Билдирүү берет: ”Ноокат суу канал” чарбалык ишмердүүлүк жүргүзүү укугуна негизделген муниципалдык ишканасынын жетекчиси З.Камалов”
II. Уюштуруу практикалик иш чаралар
1 | Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жана райондук мамлекеттик администрациясынын токтомдорунун, буйруктарынын аткаруу жана аткарылган иштер боюнча өз убагында маалыматтарды берүү. | I-чейрек 2017-жыл | Шаардык кеңештин аппараты |
2 | Жарандардын кайрылууларын, арыз-даттанууларын өз убагында сапатуу кароону камсыз кылуу жана жооп берүү. | Дайыма | Шаардык кеңештин аппараты |
3 | Кыргыз Республикасында элдин биримдигин жана этностор аралык мамилелерди чындоо концепциясын ишке ашыруу | II-чейрек | Шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары |
4 | Билим берүү тармагындагы Крупская, А.Абдуваитов, Х.Самиев, А.Абдуллаев атындагы орто мектептериндеги жылуулук берүүнүн абалын кароо. | I-чейрек | Шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары |
5 | Ноокат шаардык кеңешинин аймагындагы Крупская, А.Абдуваитов, Х.Самиев, А.Абдуллаев атындагы орто мектептериндеги спортук аянтчалар жана спорт залдардын абалы боюнча туруктуу комиссияда кароо | I-чейрек | Шаардык кеңештин туруктуу комиссиялары |
6 | Шаардык кенештин туруктуу комиссияларынын иш жүргүзүүсүнө көмөк көрсөтүү | Дайыма | Шаардык кеңештин аппараты |
7 | Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларын жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин чечимдерин жана тиешелүү кеңештин регламенти тарабынан берилген ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууда аткарылып жаткан иштердин абалы тууралуу туруктуу комиссиялардын отурумунда маселе карап сессиянын кароосуна сунуштоо | Апрель, май, июль, сентябрь | Шаардык кеңештин аппараты |
8 | Ноокат шаарынын аймагындагы улуттук каада-салттарды, үрп адаттарды, ырым жырымдарды жана майрамдык салтанаттарды тартипке келтирүү, ысырапкерчиликти жоюу боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү | Дайыма | Шаардык кеңештин аппараты |
9 | Шаардык кеңештин депутаттарынын шайлоочулар арасында отчетторун угууну уюштуруу | Атайын графиктин негизинде | Шаардык кеңештин аппараты, туруктуу комиссиялар |
10 | Шаардык мэрияда КР «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгү» Мыйзамдарынын аткарылышын көзөмөлдө | Дайыма | М.Ярматов, Мыйзамдуулукту сактоо, мандат, депутаттык этика, өз алдынча башкаруу, коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча туруктуу комиссиясы |
11 | Коррупцияга каршы иш-аракеттерди күчөтү | Дайыма | М.Ярматов, Мыйзамдуулукту сактоо, мандат, депутаттык этика, өз алдынча башкаруу, коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча туруктуу комиссиясы |
12 | Кыргыз Республикасынын «Муниципалдык кызмат жөнүндөгү» Мыйзамдын аткарылышын көзөмөлдөө | Дайыма | М.Ярматов, Мыйзамдуулукту сактоо, мандат, депутаттык этика, өз алдынча башкаруу, коомдук уюмдар, дин иштери маселелери боюнча туруктуу комиссиясы |
13 | Кесиптик майрамдарга карата алдыңкы кызматкерлерди шаардык кеңештин Ардак Грамотасы менен сыйлоо | Кесиптик майрамга карата | М.Ярматов, шаардык кеңештин аппараты |
14 | Жергиликтүү кеңештен чыккан депутаттардын ордун толуктоону кароо | Дайыма | М.Ярматов, шаардык кеңештин аппараты |
15 | Шаардык кеңештин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө | Дайыма | М.Ярматов, шаардык кеңештин аппараты |