Загрузка документа…
НООКЕН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 19-январы №1
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап Ноокен айылдык кеңешинин ХХVII-чакырылышынын II-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокен айылдык кеңешинин депутаттарынын регламенти бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Н.Муратовко милдеттендирилсин.
Төрага | Н. Муратов |
Эл депутаттарынын Ноокен
айылдык, Округдук Кеңешинин
ХХVII –чакырылышынын
II-сессиясынын №1 чечими менен
бекитилди.
Эл депутаттарынын Ноокен
айылдык Кеңешинин төрагасы
_____________Н. Муратов
Ноокен айылдык Кеңешинин Регламенти
1.Жалпы жобо
1.1. Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндө» мыйзмына ылайык, кеңештердин депутаттарынан турган төрт жылдык мөөнөттө түзүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы.
1.2. Айылдык кеңеш өзүнүн ишин, Кыргыз Республикасынын конституциясынын, мыйзамдарынын, КР президнетинин, КР өкмөтүнүн ченемдик, укуктук актыларынын жана ушул Регламенттин негизинде жүргүзөт.
1.3. Айылдык кеңештин Регламенти, айылдык кеңештин иштерин уюштуруу тартиптерин белгилейт, уюштуруучулук жана укуктук негиздерин, туруктуу жана убактылуу комиссияларын структурасын түзүү жана сессияны чакыруу мөөнөттөрүнүн тартибин аныктайт.
II. Айылдык кеңештин ыйгарым укуктары
2.1. Айылдык кеңештин, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жеригиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндө» мыйзамынын 29 жана 29-1 статияларына ылайык төмөндөгү маселелерди карайт жана токтом кабыл алат.
- Социалдык- экономикалык өнүктүрүүнү жана калктын социалдык жактан коргоону айылдык масштабдагы программаларын бекитүү жана алардын аткарылышына контролдук жүргүзүү:
- Айылдык бюджетти жана анын аткарылышы жөнүнлөгү отчет бекитүү,о.э. бюджеттин аткарылышын жана бюджеттен тышкары фонддордун максаттуу пайдаланышы жөнүндө маалыматтарды угуу
- Кеңештин Регламенттин кабыл алуу
- Кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо жана милдеттеринен юошотуу
- а/К депутаттарынын жалпы санын кеминде үчтөн экисинин көпчүлүк добушу менен айылдык кеңештин төрагасына көрсөтпөө
- Айылдык Кеңештин төрагасынын КР нын мыйзамдарына карама каршы келген буйруктарын жокко чыгаруу:
2.2. Пункутунун 4,5 обзацтарында көрсөтүлгөн маселелер боюнча жашыруун добуш берүү бюллеттень менен өткөрүлөт. Добуш берүү КР нын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук кимиссиясы тарабынан уюштурулат.
III. Айылдык кеңештин ‘rbyxb ctccbzcs
3.1. Айылдык кеңештин ,биринчи сессиясы мурда шайланган кеңештин төрагасы же депутаттардан түзүлгөн демилгелүү топ аркылуу жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөрүлгөн күндөн кийин бир айлык мөөнөттөн кечиктирбестен чакырылат. Айылдык Кеңештин биринчи сессиясын карыя депутат ачат.
3.2. Жалпы шайланган депуттаттардын жарымынан көбү сессияга катышкан учурда айылдык Кеңештин сессиясы өз ишин баштоого укуктуу.
3.3. Айылдык кеңештин биринчи сессиясынын күн тартибине Кеңештин төрагасын, анын орун басарын шайлоо жаңы Кеңештин структурасын түзүү жана кеңештин ишине тиешелүү зарыл маселелер талкууга коюлат.
3.4. Төраганы шайлоо А/К депутаттарынын жашыруун добуш берүү жолу менен жүргүзүлөт.
3.5. Төраганын орун басары айылдык Кеңештин депутаттарынын арасынан ачык добуш берүү менен шайланат.
IV. Жашыруун добуш берүүнү уюштуруунун тартиби
4.1. Айылдык кеңештин биринчи сессиясынын чечими менен жашыруун добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү боюнча саны 5-11 депутаттан турган эсептөө комиссиясы түзүлөт.
4.2. Эсептөө комиссиясы өз чогулушунда мөчөлөрүнө иш бөлүштүрөт(төрагасын, орун басарын, мүчөлөрүн бекитет), добуш берүү блютенин, добуштарды берүү ящигин жана бөлүмдөрүн жабык добуш берүүнү жүргүзүүгө даярдайт.
4.3. Сессияга катышып жатышкан депутаттардын тизмесин тактап, ар бир депутаттын өз өзүнчө добуш берүүсүн камсыз кылат.Эсептөө комиссиясы тарабынан жашыруунун добуш берүүсүн камсыз кылат. Эсептөө комиссиясын тарабынан жашыруунун добуш берүүнүн эрежелери толук сактоолору милдеттүү. Добуш берүүнү баштоонун алдында эсептөө комиссиясы добуш берүүнүн тартиби менен депутаттарды тааныштырат.
4.4. Айылдык кеңештин төрагасына көрсөтүлгөн талапкер бюллеттенге алфавиттик тартип менен жазылат. Добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгаруу бюллеттендерди эсептөө добуш берилгеен жайда жүргүзүлөт.
4.5. Бюллеттенге талапкердин фамилиясы, аты, атасынын аты паспорт же башка өздүк документери боюнча толтурулат, бюлеттенге башка маалыматтар жазылбайт.
4.6. Ар бир кондидатура боюнча, «колдогону», «каршы» болгону жана «бузулган бюллеттендер» боюнча жыйынтыгы чыгарылат, эсептөө комиссиясынын токтому түзүлөт, сессияда бекитилет.
4.7. Айылдык Кеңештин төрагасына көрсөтүлгөн талапкерлердин ичинен сессияга катышкан депутаттардын эң көп добушуна эээ болгон талапкер, шаардык кеңештин төрагасы болуп төрт жылдык мөөнөттө шайланат.
4.8. Төраганын орун басарлыгына сунушталган талапкерлер ачык добушка коюлат.
4.9. Сессияга катышкан депутаттардын эң көп добушка ээ болгон айылдык кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайланат.
V. Айылдык кеңештин сессиясы
5.1. Кеңештин сессиясы ар бир кварталда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
5.2. Кеңештин төрагасы сессия өткөрүлө турган күнү, убактысы, күн тартиби жана сессия өтүүчү жай тууралуу беш күндөн кечиктирбей Кеңештин депутаттарына билдирет Ошондой эле сессияда каралуучу маселелер боюнча чечимдин, токтомдун долбоору, Кеңештин депутаттарына үч күндөн кечиктирбей тартылат.
5.3. Кеңештин кезексиз сессиясы кеңештин төрагасы, кеңештин туруктуу комиссиялары же кеңештин жалпы депутаттарынын 1/5 бөлүгүнүн сунушу менен чакырат.
5.4. Депутаттар тарабынан кезексиз сессияны чакыруу сунушу жазуу түрүндө карала турган маселелерди көрсөтүү менен кезексиз сессияны өткөрүү зарылдыгы тууралуу Кеңештин төрагасына берилет.
5.5. Иш план боюнча Кеңештин сессиясына материалды иш планды бекитилген жооптуу адамдар даярдайт. Ал эми пландан тышкары каралуучу маселелер боюнча маселени кароону сунуш кылган жактар даярдайт.
5.6. Кеңештин чечими же кеңештин төрагасынын буйругу менен кеңештин компетенциясына кирген меселелерди даярдоо үчүн депутаттардан, адистерден, коомдук уюмдардан жана жарандардан өкүлдөрүнө турган жумушчу топ түзүлүшү мүмкүн.
5.7. Кезектеги сессиянын күн тартибине сунушталган маселелер боюнча метериалдар (чечимдердин доллбоорлору, маалымдамалар, кайрылуулар ж.б.) сессия болгонго чейин 3 күндөн кечиктирбей кеңештин жооптуу катчысына жазуу түрүндө берилиш керек.
VI. Айылдык Кеңештин сессиясынын жумушчу органдары
6.1. Айылдык кеңештин сессиясы, сессия учурунда уюштуруучулук иштерди тейлөө максатында жумушчу органдарын- секретарияты, зарылчылык пайда болсо эсептөө комиссиясынын, башка да комиссия түзүлөт. Жумушчу органдар сессияга катышып жаткан депутаттардын көпчүлүгүнүн добушу менен бекитилет.
6.2. Сессиянын секретарияты айылдык кеңештин аппарат менен бирдикте, сессиянын жумушун стенографиялык жазууну жүргүзүшөт, сүйлөөчүлөрдү, суроолорду, талап коючуларды тактайт, тиешелүү материалдарын сессиянын алып баруучуга тапшырат. Секретариат сессиянын регламентин сакталышына көзөмөлдүк жүргүзөт, депутаттарга түшүндүрмөлөрдү берет.
6.3. Секретариат айыл кеңештин аппарат менен бирдикте сессия тарабынан иштелип чыккан материалдарды, протоколдорду жазып, кол коюга даярдайт:
VII.Сессиянын күн тартиби жана иштөө тартиби
7.1. Сессиянын күн тартиби жана иштөө шаардык кеңетин төрагасы тарабынан сунушталат.
7.2.Күн тартиби депутаттар тарабынан талкууланып бекитилет.
7.3. Эгерде депутаттар тарабынан күн тартипте же иштөө тартибине өзгөртүү киргизүү же кошумча маселе сунуш кылынса, ал депутаттардын талкуулоосуна жана бекитүүсүнө сунуш кылынат.
VIII. Айылдык Кеңештин депутатынан сессия учурундагы укуктары жана милдеттери
8.1. Сессиянын жумушчу органдарын шайлоого, шайланууга жана ал органдарга өзүнүн талапкерлигин сунуштоого.
8.2. Күн тартиби, иштөө тартиптери боюнча сунуштарды берүүгө, аны добушка койдурууга:
8.3. сессиянын токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды сунуш кылууга аны добушка коюга:
8.4. Айылдык кеңештин компетенциясына кирген маселелер боюнча мекеме ишкана жана башка органдардын жетекчилеринин отчеттору угууну күн тартибине киргизүү сунуштоого:
8.5. Ыйгарым укуктарына ылайык депутаттык изилдөө, текшерүү жүргүзүү үчүн сессияны чечимин чыгарууну сунуштоого:
8.6. Сессиянын Регламентин жана иштөө тартиби толук сактоого:
8.7. Депутаттарга, сессиянын жумушчу органдарына, чакырылгандарга сый мамиле жасоого ( орой мамиле жасоого. Абройун кетирүүгө жол берилбейт):
8.8. Сессиянын ишине активдүү катышууга жана ар бир талкууланган маселени чечилишине өзүнүн жекече пикирин сактоо менене добуш берүүгө.
IХ. Кеңештин чечимдери
9.1. Кеңештин токтому депутаттарын талкуусунан кийин, сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
9.2. Кеңештин сессиясына катышкан депутаттардын көпчүлүк добушу менен туруктуу комиссияларын өзгөртүү жана мурда кабыл алынган ченемдерди жокко чыгаруу же өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү ченемдери кабыл алат.
9.3. Сессиянын жүрүшүндөгү маселелер боюнча кеңеш токтом түрүндө кабыл алат жана токтомго кеңештин төрагасы кол коет.
9.4. Кеңештин депутатты кеңештин сессиясында кабыл алынган токтомго макул эместигин кат жүзүндө же оозеки билдирүүсү Кеңештин протоколуна жазылат.
9.5. Токтомдун долбоору сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушу менен негизинен кабыл алынгандан кийин токтомдун долбоорунун ар бир пункту боюнча талкууланып толугу менен кабыл алынат.
9.6. Кеңештин чечими бастырып чыгаруу, кеңештин токтомдорунун аткарылыш көзөмөлдөө Кеңештин аппаратына жүктөлгөн.
9.7. Айылдык Кеңештин чечими райондук аймагындагы мекеме уюмдарда аткарылууга милдеттүү.
9.8. Кеңештин токтомдору КР мыйзамдарында белгиленген тартипте жокко чыгырылышы, болбосо күчүн жоготту деп табылышы мүмкүн.
Х. Айылдык Кеңештин төрагасы
10.1. Кеңештин сессиясын чакырат, аны алып барат. Кеңештин токтомдоруна жана чечимдерине кол коет, аларды көзөмөлдүк кылат.
10.2. Жарандардын шаардык кеңетинкайрылган арызын даттанууларын кайрылууларын карайт.
10.3. КР мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө жогорку органдарга кайрылат.
10.4. Кеңештин Регламентин сакталышын көзөмөлдөйт.
10.5. Кеңештин протоколуна токтомдоруна жана башка документтерине кол коет.
10.6. Кеңештин төрагасынын орун басарына талапкерди сунуш киргизет.
10.7. Айылдык кеңештин жооптуу катчысы, жооптуу жана тейлөөчү кызматчылары,(башка жетектөөчү адистери), «Муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамга ылайык, шаардык кеңештин төрагасынын буйругу менен кызматка дайындалат жана бошотулат.
10.8. КР мыйзамдарынын чегинде Кеңешке жүктөлгөн милдеттери боюнча башка маселелерди чечет.
10.9. Айылдык Кеңештин төрагасы. Өзүнүн милдеттин кезектеги мөөнөткө жаңыдан чыгарылган Кеңештин биринчи сессиясына чейин аткарат.
ХI. Айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары
11.1 Төраганын орун басары Кеңештин төрагасы жок болуп калган жана төрага өз фунциясын аткарууга мүмкүнчүлүгү болбогон учурларда Кеңештин төрагасынын милдетин аткарат.
ХII. Айылдык Кеңештин жооптуу катчысы.
12.1. Айылдык округдун кеңешинин катчысынын милдети айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы аткарат. Айлык акы төлөнөт
12.2. Кеңештин депутаттарынын депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууда, депутаттарды тийиштүү маалыматтар менен камсыз кылат.
12.3 Айыл өкмөттүн кеңешинин катчысы сессиянын протоколун жүргүзөт. Кеңештин иш планын аткарылышын камсыз кылат.
12.4 Жарандардын Кеңештин кайрылган арыз даттанууларын, кайрылууларын карайт жана тиешелүү чара көрүү менен жооп берет.
12.5. Туруктуу жана убактылуу комиссиялардын ишин кординациялайт.
12.6. Кеңештин укуктук актыларынын жазылышына жана аткарылышынв жооптуу.
12.7 Кеңешке түшкөн документтерди эсебин жүргүзө.
12.8. Кеңештин сессиясына материалдарды даярдайт, аны депутаттарга таркатат.
12.9. Депутаттарды мекеме ишканалардын жетекчилерине коомдук өз алдынча башкаруу уюмдарынын өкүлдөрүн жана башка тиешелүү адамдарды сессияга катышууга чакырат.
12.10. Сессияга депутаттардын катышуусун эсебин жүргүзөт.
12.11. Сессиянын токтомдорунун, чечимдеринин долбоору даярдайт, кабыл алынган токтомдорду, таратууну уюштурат жана башка фунцияларды аткарат.
12.12. Айылдык Кеңештин аппарат ишин уюштуруу менен көзөмөлдөйт жана координациялайт.
ХIII. Кеңештин туруктуу комиссиялары
13.1. Айылдык кеңештин турукткк комиссиялары КР «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү» мыйзамынын 24,25,26, ст. негизинде өз иштерин жүргүзөт.
ХIV. Убактылуу комиссиялар
14.1 Айылдык атайын милдеттерди жана тапшырмаларды аткаруу боюнча убактылуу комиссияларды түзүшү мүмкүн.
14.2 Убактылуу комиссия берилген мөөнөттө сактоо менен тапшырылган иштерди аткарат жана жыйынтыгын билдирет.
14.3. Белгиленген милдеттерин жана тапшырмаларды аткаргандан кийин убактылуу комиссиялардын иш аракеттери сессиянын чечими менен токтотулат.
14.4 Убактылуу комиссиянын иш тартиби туруктуу комиссиянын иш тартибинин негизинде жүргүзүлөт.
ХV. Кеңештин көзөмөлдүк жүргүзүү боюнча ыйгарым укуктарынын ишке ашырылышы
15.1. Кеңештин көзөмөлдөө ыйгарым укуктарын ишке ашыруу Кеңештин төрагасынын орун басарынын, комиссияларынын жана анын жооптуу кызматкелеринин эң башкы милдеттеринин бири болуп эсептелет.
15.2. Кеңеш өз компетенциясынын чектеринде кабыл алынган ченемдерин, токтомдорун, менчиктин түрүнө карабастан шайылдын аймагында бардык ишканалар, уюмдар, мекемелер, ошондой эле кызмат адамдары коомдук бириемелери аткарууга милеттүү.
ХVI. Регламентти бекитүүнүн, өзгөртүүлөрдү толуктоолорду киргизүүнүн тартиби
16.1. Депутаттар тарабынан Регламент өзгөртүү, толуктоо киргизүүгө сунуш бере алат. Сунуштар атайын түзүлгөн жумушчу топко каралат.
16.2 Айылдык Кеңештин Регламентин, типтүү Регламенттин негизинде, депутаттардан турган жумушчу топ иштеп чыккандан кийин Кеңештин сессиясында бекитүүгө коюлуп сессияга катышкан депутаттарды көпчүлүк добуш менен кабыл алынат.
Төрага | Н. Муратов |