ТоктомКүчүндө

Жаны-Арык айылдык кеңешинин 2017-жылдын 18-апрелиндеги №8/3 «Жаны-Арык айыл аймагындагы «Кызарт –Эл булагы» ИСКАКБсынын 2017-жылга бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө» токтому

Редакция18.04.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

ЖАНЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жаны-Арык айылдык кеңешинин кезексиз V сессиясы (XXVII чакырылыш)

 

2017-жылдын 18-апрели №8/3

Жаны-Арык айыл аймагындагы «Кызарт –Эл булагы» ИСКАКБсынын 2017-жылга бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө

 

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамын жетекчиликке алып, Жаны-Арык айыл аймагынын “Кызарт-Эл булагы” ИСКАКБсынын кайрылуусун карап, айылдык Кеңештин депутаттарынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Жаны-Арык айылдык Кеңеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жаны-Арык айыл аймагынын “Кызарт-Эл булагы” ИСКАКБсынын 2017-жылга бюджетинин долбоору бекитилсин (тиркеме тиркелет);

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаны-Арык айыл аймагынын “Кызарт-Эл булагы” ИСКАКБсынын башчысы А.Сатаровага милдеттендирилсин.

 

Төрага

К. Саралаев

 

Жаны-Арык айыл аймагынын айылдык

Кеңешинин 18.04.2017-жылдагы №8/3

токтомуна тиркеме

«Кызарт – Эл булагы» ИСКАКБ сынын 2017-жыл үчүн киреше жана чыгашасынын долбоору

 

1. Жалпы киреше                                                     160520 сом

1) Таза суу үчүн калктан чогулуучу каражат 140520 сом

2) Айыл өкмөтүнөн которулуучу каражат       20000 сом

 

2. Жалпы чыгаша                                                     160520 сом

1) Анын ичинен эмгек акы                              60000 сом

2) Кароолчуга эмгек акы                               24000 сом

3) ГФРЭ кредит кайтаруу                               24000 сом

4) Киреше салыгы үчүн                                  4215 сом

5) Социалдык фондко төгүмдөр 25,25%        21210 сом

6) Санэпидстанция кызматы үчүн                 5018 сом.

7) Суу тетиктерин алууга                               6000 сом

8) Бензин алууга                                            700 сом

9) Цемент, краска алууга                               3000 сом

10) Банктын кызматы үчүн                             720 сом

11) Концелярия үчүн                                      1000 сом

12) Командировкалык чыгым үчүн                 3000 сом

13) Насос алуу                                               4657сом

14) Суу топтоочу жайды тосуу                      3000 сом

 

«Кызарт - Эл булагы» коомдук бирикмесинин башчысы

А. Сатарова