Загрузка документа…
ЖАНЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 18-апрели №8/4
Жаны-Арык айыл аймагында калк ичүүчү таза суунун тарифтерин кайра карап чыгып бекитүү жөнүндө “Кызарт-Эл булагы” ИСКАКБсынын башчысы А.Сатарованын сунушун карап жана талкуулап, Жаны-Арык айыл аймагынын айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаны-Арык айыл аймагында калк ичүүчү таза суунун линиясынан үйүнө, короосунун ичине суу киргизген абоненттер үчүн 5000 (беш миң) сом өлчөмүндө тариф бекитилсин;
2. Буга чейин үйүнө, короосунун ичине суу киргизген абоненттер 20.05.2017-жылга чейин суу акысын толук төлөшсүн;
3. Айыл аймагындагы суу чоргосундагы таза сууну пайдаланганы үчүн ар бир адамга 10 (он) өлчөмүндө, үйүнө таза суу киргизген абоненттер үйүндөгү ар бир адам үчүн 10 (он ) сомдон бекитилсин;
4. Жаны-Арык айыл аймагында иштеп жаткан мончолор, чакан ишканалар жана дүкөндөр таза сууну пайдаланганы үчүн айына 200 (эки жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин;
5. Жаны-Арык айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 19.02.2015-жылдагы №3/1 токтому күчүн жоготту деп табылсын;
6. Ушул токтом баардык айыл тургундарына тааныштырылсын;
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Молдобазаровго, “Кызарт-Эл булагы” ИСКАКБсынын башчысы А.Сатаровага милдеттендирилсин.
Төрага | К. Саралаев |