Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-апрели №3/4
Авлетим айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары А.С. Абдиевдин "Айылдык кеңештин депутаттарынын өз шайлоочулары менен жолугушуу чогулуштарында айтылган сын-сунуштар жана талаптар боюнча иш чараларынын планын бекитүү жөнүндө" билдирүүсүн угуп, Авлетим айылдык кеңештин VII чакырылышынын 3 сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Авлетим айылдык кенешинин депутаттарьшын өз шайлоочулары менен жолугушуу чогулуштарында айтылган сын-сунуштар жана талаптар боюнча иш чараларынын планы бекитилсин. (иш чаралардын планы тиркелет.)
2. Иш чаралардын планында көрсөтүлгөн сын сунуштардын аткарылышын көзөмөлгө алуу тиешелүүлүгүнө жараша айылдык кеңештин депутаттарына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдьж кеңештин төрагасынын орун басары А.С. Абдиевге жүктөлсүн.
Төрага | А. Шырдаков |
Авлетим айылдык Кеңешинин аймагындагы калктуу пункттардын жашоочулары менен
айылдык Кеңештин депутаттарынын жолугушуу жыйындарында жарандар тарабынан айтылган
сын сунуштарды аткарууга алуу боюнча Авлетим айылдык Кеңешинин иш чараларынын планы.
"9" январь 2017-жыл МУКУР айылы
кат" № | Маселенин которгон атуулдун (жарандын) аты жөну | Коюлган маселенин мазмуну | Аткарылуу боюнча көрүлүүчү чаралар | Аткаруу мөөнөтү | Ким көзөмөлдөйт. |
1 | Нурбаев Н | Сары-Жайыкка суу маселеси |
|
|
|
2 | Мамбеталиев Т | Мектептеги таштандылар боюнча | Айыл башчы күн жылыган мезгилде тазалайт | Апрель | Айыл өкмөт |
3 | Жапаркулов К | Жайлоодогу жайыт маселесин чечүүжана жайлоонун жайыт акысын чечуу | Жайыт комитети | Март | Айыл өкмөт |
4 | Жумабаев С | Мукур мектебинин директорунун уюштуруу иштерин көзөмөлдөө жана жоопкерчилигин кароо. | Айылдык кеңеш тарабынан мектеп директоруна эскертүү берилет. | I квартал | АЙЫЛ ӨКМӨТ |
|
| Жаны конуштун жолуна шагал төгүү (Мүрзөгө кеткен Долоно-Булак жолу) | Жергиликтүү бюджеттен акча бөлүнсө айыл башчы аткарат. | II квартал | Айыл өкмөт |
5 | Келдияров Г | Пособия боюнча маселе айтып, аны жогорку кеңешке билдирүү жөнөттүү | Сессияда карап айылдык кеңеш аткарат. | Январь | Айылдык кеңеш. |
6 | Нурбаев Н | Котур-Булакка иштеген балдарга айлык акы берилген эмес. | Айылдык кеңеш көзөмөлдөп, айыл өкмөтү аткарат. | I квартал | Айылдык кеңеш. |
|
| ФАПтын кызматкерлеринин иш алып баруусун көзөмөлдөө. | Айылдык кеңеш А.Амановго эскертет. | I квартал | Айылдык кеңеш. |
7 | Сарыбаева Т | Уюшулуп жаткан бала бакчага жумушчунун жаш курагы, билими каралсын. Жетекчиси Мукурлук болсун. | Айылдык кеңеш менен айыл өкмөтү биргеликте иш алып барат. | Февраль | Айылдык кеңеш. |
8 | Мамбеталиев Т | Мектеп менен бала бакча катуу көзөмөлгө алынсын. | Айылдык кеңеш менен айыл өкмөтү биргеликте иш алып барат. | Февраль | Айылдык кеңеш. |
9 | Дубанаев И | Айылдагы трансформатордун күчүн жогорулатуу | Айыл өкмөтү Аксы РЭСине кайрылат | II квартал | Айыл өкмөт |
|
| "9" январь 2017-жыл | Итагар айылы |
|
|
10 | Алымкулова А | Мүрзөгө өткөн көпүрөнүн эки жагын бекемдөө, бала бакча уюштуруу, ФАПтын кызматкерлерин көзөмөлдөө. | Айыл өкмөт, №6 ГСВ жетекчиси А.Аманов менен биргеликте. | II кварта, III квартал | Айыл өкмөт |
|
| Мектептин 2 классын полдоо. | Айыл өкмөтү, токой чарба менен иш алып барат. | III квартал | Айыл өкмөт » |
|
| Чоп жайытка кеткен жолду оңдоо | Айыл өкмөту жергиликтүү бюджеттен акча бөлүп иш алып барат. | III квартал | Айыл өкмөт |
|
| Телевышка орнотуу | Айыл өкмөтү тийиштүү мекемелерге кайрылат. | II квартал | Айыл өкмөт |
|
| Мектептин ашканасына суу киргизүү жана жылуулугу. | Айыл өкмөтү мектептин директору менен иш алып барат. | II квартал | Айыл өкмөт |
11 | Жолдош уулу К | Мектептин уюштуруу иштерин текшерүү, фонддун жана өздүк чарбанын кирешесин текшерүү. | Айылдык кеңеш комиссия түзүп карап чыгат. | I квартал | Айылдык кеңеш. |
|
| "10" январь 2017-жыл | Авлетим айылы |
|
|
12 | Жээналиев Н | Трансформатор, электр мамычасы курулган жок. Ак-Дөбө айылынын жолу начар. | Жергиликтүү бюджеттен . акча каралса айыл өкмөтү аткарат. | II квартал | Айыл өкмөт |
13 | Кожомкулов У | Шадыбек-Булак жолуна шагал төгүү. | Жергиликтүү бюджеттен акча каралса айыл өкмөтү аткарат. | III квартал | Айыл өкмөт |
14 | Сатыкулов Ж | Улак чабууга берилген жердин мыйзамдуулугун сурады. | Жер адис жооп берет. | III квартал | Айыл өкмөт |
15 | Шабданов К | Аялдар кеңешинин ишин кароо, участкалык милициянын ишин кароо, мечит кызматкерлеринин ишин кароо. | Айыл өкмөт иш алып барат. | Iквартал | Айыл өкмөт |
16 | Жолдошов Р | Базардын тазалыгын көзөмөлгө алуу. | Айыл өкмөт иш алып барат. | II квартал | Айыл өкмөт |
17 | Нуралиев М | Жайытка жана токой чарбага алынган мал акыга бир баага келүү. | Жайыт комитети токой чарба менен бирге иш алып барат. | I квартал | Айылдык кеңеш. |
18 | Бөрукулов Ж | Капчыгай айылы менен Көк-Жангак айылынын электр зым чубалгыларын бөлүү, электр мамычаларын жаңылоо. | Айыл өкмөт РЭС менен биргеликте иш алып барат. | III квартал | Айылдык кеңеш. |
|
| Шилби-Сай боюнча чек араны тактоо жана капчыгайдагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө өткөн жерди кайтарып алуу. | Жер адис айыл өкмөтү иш алып барат. | III квартал | Айылдык кеңещ. |
|
| "10" январь 2017-жыл | Коргон айылы |
|
|
19 | Көчкөнбаев К | Баястан участкасына телестанция орнотуу | Айыл өкмөтү | II квартал | Айыл өкмөт |
20 | Миңбаев С | Сугат суу алыштарына акча бөлүү, жайытка кеткен жолдорго акча бөлүү, Сазыктын, Кара-Таш, телевышка жолун оңдоо. | Жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлдүрүп айыл өкмөтү аткарат. | II квартал | Айыл өкмөт |
21 | Төлөбаев А | Айылга интернет байланышын улоо. | Айыл өкмөтү тийиштүү мекемелер менен иш алып барат. | III квартал | Айыл өкмөт |
22 | Жолдошбаева К | Дукондордогу спирт ичимдиктерин жөнгө салуу. | Айылдык кеңеш жергиликтүү участкалык милиция менен иш алып барат. | Iквартал | Айылдык кеңеш. |
23 | Көчкөнбаев К " | Катталган жана катталбаган малдын акчасы, сырттан келген малдын санын аныктоо. Малга акы төлөөнү бир баага келтирүү. | Жайыт комитети айылдык кеңеш бирге иш алып барат. | II квартал | Айылдык кеңеш. |
|
| "12" янеарь 2017-жыл | Товар-Саи айылы |
|
|
24 | Алыкулов Ч | Кызыл-Жар зонасындагы үлүш жерди тактоо. | Жер адис иш алып барат. | II квартал | Айыл өкмөт |
25 | Тургуналиев Н | Оут-Сайдагы арендага берилген жерлерди элге кайтарууну сунуш кылды. | Элдин колдоосу менен добушка салынып аренда жокко чыгарылды. | Iквартал | Айылдык кеңеш. |
26 | Шайдиев У | Жапайы жаныбарларды жана жаратылышты коргоо боюнча чара көрүү. | Айылдык кеңеш менен биргеликтё токой чарбасы иш алып барат. | II квартал | Айылдык кеңеш. |
27 | Өмурзаков К | Тельман айылынын жолун ДЭПке киргизүү. | Айыл өкмөт иш алып барат. | II квартал | Айылдык кеңеш. |
28 | Орозбеков Д | Жайытка түшкөн акчадан чөп жайыттын жолун оңдоо. | Айыл өкмөт, айыл башчы менен иш алып барат. | III квартал | Айыл өкмөт |
29 | Жоробеков М | Улуу-Булакты элдин пайдасына берүү. | Жер адис иш алып барат. | II квартал | Айылдык кеңеш. |
30 | Тургуналиев К | Т.Кадыркуловдун жанына Авлетим суусуна дамба куруу. | Айыл өкмөт иш алып барат. | II квартал | Айылдык кеңеш. |
|
| ФАПтын кызматкерлеринин ишин көзөмөлдөө. | Айыл өкмөт, А.Аманов менен иш алып барат. | II квартал | Айылдык кеңеш. |
31 | Жоробеков М | Кыш мезгилинде жолду кардан тазалоо. | Айыл өкмөтү трактору менен тазалайт. | I квартал | Айылдык кеңеш. |
32 | Жолдошов К | Айыл өкмөтүнүн тракторунун иштөө тартибин көзөмөлдөө. | Айылдык кеңеш комиссия түзүп карайт. | I квартал | Айылдык кеңеш. |
33 | Тургуналиев Н | Мечиттеги Егердин кардонун У.Шайдиевден өткөрүп берүүнү талап кылды. | Токой чарба тийиштүү документтерин текшерип жана чара көрөт. | II квартал | Айыл өкмөт |
|
| "12" январь 2017-жыл | Тегирмен-Сай айылы |
|
|
34 | Бекназаров Ж | Бузурман-Сайдын оозуна сел-кана куруу. | Айыл өкмөтү чара колдонот. | III квартал | Айыл өкмөт |
35 | Өтмөнбетов Э | Жайытка кароолчу уюштуруу боюнча. | Айыл башчы иш жүргүзөт. | II квартал | Айыл өкмөт |
36 | Назаралиев Ж | Электр мамычаларын жаңылоо. | Айыл өкмөт, РЭС менен иш алып барат. | II квартал | Айыл өкмөт |
|
| "17" январь 2017-жыл | Деирес аиылы |
|
|
37 | Айдаркулов А | Абдыгапардын биллярды түнкү саат 4 чейин иштеп андан чыккандан кийин уурулук болууда. | Чогулушта иштөө убактысы белгиленди саат 10-00 чейин гана. | I квартал | Айыл башчы |
38 | Мед. Айым | Абдыгапар акеге дүкөн иштетүүгө болбойт себеби, ал медициналык каттоодо турат. | Каттоодо кандай ооруу менен турат УДТ башчысы А.Аманов текшерет. | I квартал | Айыл өкмөт |
39 | Айтыкулов Ж | Шалы-паядан үлүш берилген, ошол жердин арыгын казыш керек. Узуну 200м туурасы2м тереңдиги 1,5м | Айыл өкмөтү тийиштүү адистерге дайындайт. | II квартал | Айыл өкмөт |
40 | Айдаркулов А | 26 гектар жерге суу жок үчүн эгин эгилбейт. Ошол үчүн 3-4 труба тиешелүү жерге коюлуш керек. | Айыл өкмөт чара көрөт. | II квартал | Айыл өкмөт |
41 | Айтыкулов Ж | Жолду тегиздөө үчүн грейдер салуу керек. | Айыл өкмөт чара көрөт. | II квартал | Айыл өкмөт ч |
42 | Момунбеков А | Чегирткени дарылоону өзүбүз колго алабыз. | Айыл өкмөтү тиешелүү чара көрөт. | II квартал | Айылдык кеңеш.' |
|
| Айылдык статусу чечилбей жатат. Акимге кайрылып төрага катары чечип берүүнү суранды. | Төрага тиешелүү жакка кайрылат. | I квартал | А.Шырдаков карайт. |
Төрагасынын орун басары | А. Абдиев |