Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 8-июну №9/1
Авлетим айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз 9- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Авлетим айыл аймагынын "Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин" АРИСтин ПРЖР-2 микродолбоорунун туруктуулугун камсыз кылуу максатында XCMGLW 500FN жүктөгүчүн иштетүү (эксплуатациялоо) боюнча" планы бекитилсин(план тиркелет)
2. Авлетим айыл аймагынын "Жайыт пайдалануучулар бирикмеси" (төрагасы Ж. Атенов) "Авлетим айыл аймагынын "Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин" АРИСтин ПРЖР-2 микродолбоорунун туруктуулугун камсыз кылуу максатында XCMGLW 500FN жүктөгүчүн иштетүү (эксплуатациялоо) боюнча планын аткарууну" камсыз кылсын.
3. "Авлетим айыл аймагынын "Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин" АРИСтин ПРЖР-2 микродолбоорунун туруктуулугун камсыз кылуу максатында XCMGLW 500FN жүктөгүчүн иштетүү (эксплуатациялоо) боюнча планын аткарууну" Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин аткаруучу органы болгон жайыт комитети тарабынан аткарылышын көзөмөлгө алуу Авлетим айыл өкмөтүнүн башчысы Н. А. Абдырамановго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин «Айыл чарба жана экология» маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (төрагасы А. Төлөбаев) жүктөлсүн.
Төрага | А. Шырдаков |
Авлетим айылдык кеңешинин VII чакырышынын
кезексиз 9- сесиясынын №9/1-токтомунатиркеме '
Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин" АРИСтин ПРЖР-2 микродолбоорунун туруктуулугун камсыз кылуу максатында XCMGLW 500FN жүктөгүчүн иштетүү (эксплуатациялоо) боюнча
ПЛАНЫ:
1. Авлетим айыл өкмөтүнүн ички чарбалык жана жайыттарга баруучу жолдорун оңдоп, түзөөдө, сел жана суу ташкындарынын алдын алуу жана коргоо иштерин аткарууда ар бир обектинин схемасына ылайык түзүлгөн сметанын негизинде жайыт комитетинин айылдык өкмөтүнүн бюджеттеринин жана башка булактардан түшкөн каражаттардын эсебинен техника күйүүчү майлоочумай менен,ал эми механизатор эмгек акы менен камсыз кылынат.
2. Киреше алып келүү максатында:
2,1 .Авлетим айыл аймагынын тургундарынын өтүнүчтөрү боюнча алардын жеке иштерин аткарууда 1(бир) саат үчүн 3000(үч миң)сом кызмат акы алынат.
2,2.Авлетим айыл аймагынан сырткары жашаган башка атуулдардын жана мекеме, уюм, ишканалардьш иштерин аткарууда 1(бир) саат үчүн 4000(төрт миң) сом кызмат акы алынат.
3. XCMGLW 500FN жүктөгүчтүн техникалык оңдоолору өзүн-өзү каржылоонун эсебинен, ал эми андай каражат жетишсиз болгон учурдааткарылуучу иштинтаандуулугуна жараша айыл өкмөтүнүн жана жайыт комитетинин бюджеттеринин эсебинен каржыланат.
4. Механизатордун(жүктөгүчтү айдоочунун) эмгек акысы XCMGLW 500FN жүктөгүчүнүн аткарып, жайыт комитетиненкассасына кириштелген каражаттын эсебинен 10(он) пайыз өлчөмүндө белгиленет.
5. XCMGLW 500FN жүктөгүчүнүн кызмат көрсөтүүдөн тапкан каражаттары жайыт комитетинин бюджетинин атайын ^атайын каражат" беренеси боюнча түзүлгөн сметанын негизинде жүргүзүлөт. Сметаны түзүүдө жүктөгүчтүн кийинки зарылдыгы үчүн гана жумшалууга тийш болгон "жыйналуучу фондун" киргизүү эске алынууга тийиш.
6. Техниканын бузулган запастык бөлүктөрү өзүн-өзү каржылоодон топтолгон акчалай каражаттын "жыйналуучу фонд" бөлүгүнүн эсебинен жайыт комитетинин төрагасынын уруксаты менен сатып алуу эрежелеринин негизинде сатылып алынат жана оңдолот.
7. Техниканы иштетүүнүн эсебинен табылган каражат жайыт кмитетинин кассасына төгүлүп "атайын каражаттар" беренесине чегерилет.
8. Жүктөгүчтү мезгил-мезгили менен техникалык оңдоолордон өткөрүп туруу анын техникалык паспортунда көрсөтүлгөн мезгилдүүлүгүнө жараша жана аткарган жумуштарынын көлөмдөрүнө, шартына, мүнөзүнө ылайык жүргүзүлөт.
9. Ар бир техникалык оңдоодон өткөрүүнүн алдында жүктөгүчтүн абалына баа берүү, иликтөө жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча атайын акт түзүлүп турат. Акттын нускалары жайыт комитетинде сакталат.
10. Жуктөгүч техника айдоочу механизатордун үйүндө сакталат. Техниканын оң абалда сакталып турушуна техниканы айдоочу механизатор жооптуу болуп саналат.
11. Сакталуу мезгилинде жана иштетүү учурунда техникага зыян келтирилсе, башкача айтканда запастык бөлүктөрү жзоголсо, сынса ж. б. зыянга учураса, айдоочу механизатор жооптуу болот. Зыян айдоочу механизатордун эсебинен калыбына келтирилет.
12. Жүктөгүч айдоочу механизаторго атайын келишимдин негизинде жайыт комитетинин төрагасынын уруксаты аркылуу гана берилет. Техниканын оң же башка абалы боюнча акт түзүлөт.
13. Техниканы айдоочу механизатордун өз алдынча пайдалануусуна уруксат берилбейт.
14. Жүктөгүч аткаруучу жумушпайда болгон учурда техникага уруксат берүү жайыт комитетинин төрагасынын буйругу менен жүргүзүлөт.
15. Жеке адамдардын жана мекеме, уюм, ишканалардын жумуштарын аткаруу, милдеттүү түрдө алардын кагаз жүзүндө берген өтүнмөлөрүнүн гана негизинде уруксат берилет.
16. Техниканын кызмат акысы техниканын иштөө убактысына жараша алдын ала же иш бүткөндөн кийин жумушун аткарууга өтүнмө берүүчү адамдар тарабынан кассага төгүлөт.
17. Мекеме, уюм, ишканалардын жумуштарын аткарууда жайыт комитетинин төрагасы техникага өтүнмө кылган жетекчи менен атайын келишим түзөт. Келишимде көрсөтүлгөн каражат кассага накталай төгүлөт же атайын эсепке которулуп берилет.
Авлетим жайыт комитетинин төрагасы | Ж. Атенов |