Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 22-майы №8/2
Депутаттардын VI-чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, айыл өкмөтүнүн башчысы М.Асанбаев, 2017-жыл 23-январдагы П- сессияда каралган № 2/4 токтому жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Нарын облустук бөлүмүнөн 12.05.2017-жылдагы чыгыш № 01-21/3- каты жөнүндөгү, Кочкор райондук прокуратурасы тарабынан 03.05.2017-жылдагы чыгыш № 11-100-17- каты жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI-чакырылышынан шайланган депутаттарынын 2017-жылдын 23-январындагы П- сессиясында каралган № 2/4 токтому жокко чыгарылсын.
2. Айыл тургундарга менчик дүкөн ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мектеп, бала бакча аймагындагы 500 метрге чейинки дүкөндөргө спирттик ичимдик жана тамеки сатылбасын.
3. Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы жана айыл башчыларына тапшырылсын.
Төрага | А. Өмүров |
Жөнөтүлсүн: Иш кагазына, айыл өкмөт башчысына, айыл башчыларга, Нарын облустук монополияга каршы жөнгө салуу агенттигине, Кочкор райондук прокуратурасына.