Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-марты №4
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн Кара-Суу айылынын айылдык Кенешинин төрагасы Ж.Иманкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, жергиликтүү Кенештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүндө «Ардактуу атуул» наамын ыйгаруу боюнча жобо тиркемеге ылайык бекитилсин. Тиркеме тиркелет.
2. Токтомду Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы К.Молдажиевага тапшырылсын.
3. Бекитилген жобого ылайык иш алып баруу жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Ж. Иманкулов |
Кара-Суу айыл аймагынын
айылдык Кеңешинин
2017-жылдын 10-мартындагы
№ 4 токтому менен бекитилди
Кара-Суу айылынын «Ардактуу атуулу" наамын ыйгаруу боюнча
ЖОБО
I. Жалпы жобо
1.1. « Кара-Суу айылынын ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча жобо (мындан ары жобо) ардактуу атуулдука көрсөтүү жана наамды ыйгаруу тартибин аныктоо максатында иштелип чыкты.
1.2. Наам Кыргыз Республикасынын жарандыгы бар, айылда жашап жана көпчүлүк жарандарга тааныш ошол эле учурда сый-урматка ээ болушу шарт;
1.3. Кара-Суу айылынын « Ардактуу атуулу» наамы (мындан ары наам) атуулдун айылы үчүн жасаган кызматына карата берилген эң жогорку ыраазычылыык болуп эсептелет. Наам айылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн, айыл элинин жыргалчылыгына багытталган ишмердүүлүгү жана айылдын тарыхына жана атак данкынын өсүшүнө кошкон жетишерлик салымы үчүн берилет;
1.4. Наам айыл чарба багытындагы иновациялык иштери үчүн, калктын инфраструктурасын өнүктүрүү багытындагы алгылыктуу иштери үчүн, билим берүү багытындагы жетишкендиктери үчүн, элди жумуш менен камсыздаган ишкерлик багытындагы үзүрү үчүн, социалдык-кайрымдуулук ишмердүүлүгү үчүн, саламаттыкты сактоодогу жаңылануу-сапатту тейлөөсү жана спорттогу алгылыктуу жетишкендиктери жана жогорку көрсөткүчтөрү үчүн ыйгарылат;
1.5. Айрым учурда наам айыл аймагында жашабаган, бирок айыл үчүн жасаган өзгөчө иштери үчүн (анын ичинде ири демөөрчүлүк жардамы), көрсөткөн баатырлыгы үчүн, өзгөчө кырдаалдар жаралган учурундагы адамдардын өмүрүн куткарууда аткарылган эрдиктери жана өзгөчө кырдаалдан кийинки кесепетти жоюудагы эрктүүлүктөрү үчүн ыйгарылышы мүмкүн;
1.6. Согуштун ардагерлерине жана согуш жылдары орукта эмгектенгендерге. (критерийлер каралбайт)
1.7. Наамды ыйгаруу даталуу күндөрдө коомчулуктун катышуусу менен гана жүргүзүлөт,
1.8. «Айылдын ардактуу атуулу» наамынын ээсине «Кара-Суу айылынын ардактуу атуулу» лентасы, (значок же медальон) наамды тастыктаган күбөлүк (айылдык кеңештин жана айыл өкмөтүнүн мөөрү менен) кошо тапшырылат;.
1.9. Наам бир эле адамга эки же андан көп тапшырылышы мүмкүн, эгерде критерийге дал келсе;
1.10. Наам берүүгө кеткен чыгымдар айыл өкмөтүнүн эсебинен каржыланат.
II. Кара-Суу айылынын ардактуу атуулу наамына сунуштоо жана тапшыруу тартиби
2.1. Наамды ыйгаруу сунушу менен кат жүзүндө айыл аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзгөн ар кандай коомдук уюмдар, (айылдык кеңеш, жаштар уюуму, аксакалдар соту, аялдар кеңеши ж.б.), уюшкан эмгек коллективи (дыйкан чарба бирикмелери), бардык түрдөгү мекемелер кайрылууга укуктуу;
2.2. Кайрылуу Айылдык Кеңеш тарабынан сессиядан каралат.
Кайрылуу ичине төмөндөгү документтерди камтышы зарыл:
Ардактуу атуул наамына талапкердин критерийге дал келген жетишкендиктерин жана эмгектерин кеңири камтыган өмүр баяны;
сыйлыкка сунуштоо боюнча чечимдери;
3х4 өлчөмүндөгү 2 түстүү сүрөт;
2.3. Топтолгон документтер комиссияга наам берилерден 20 күндөн кем эмес (тактап айтканда наам тапшырчу мөөнөттөн мурун өтүлүүчү сессиядан 20 күн мурун) убакта тапшырылышы керек;
2.4. Талапкердин аты жөнү жана талапкер болуусу боюнча маалымат айылдын жашоочуларына маалымдалышы керек; (маалымат тактага илинет)
2.5. Айылдын ар бир жашоочусу талапкер тууралу өз ойлорун ооз эки жана кат түрүндө билдирүүгө укуктуу;
2.6. Айылдык кеңештин депутаттары талапкердин документтерин кароо менен наамды ыйгаруу чечимин кабыл алышат же документти артка кайтарышат (эгерде критерийге дал келбесе);
III. Ардактуу атуул наамынын ээсинин укуктары жана жоопкерчилиги
3.1. «Ардактуу атуул» наамынын эси күбөлүгүн жана лентасын ар кандай иш чараларда, майрамдык оюн зооктордо жана коомдук жыйындарда тагынып алууга укуктуу;
3.2. «Ардактуу атуул» наамын тастыктаган лентасын тагынып алуу менен же күбөлүгүн көрсөтүү менен сөгүнүүгө, коомдук тартипти бузууга жана аларды тебеленди же ыпылас жерлерге ыргытып таштоого тыюуу салынат;
IV. «Ардактуу атуул» наамынан ажыратуу
4.1. «Ардактуу атуул» наамынын ээсине сот күнөөсүн далилдеген мыйзамдуу өкүмү чыккан учурда, элдик жыйындын негизинде жергиликтүү кеңештин чечими менен наамынан ажыратылат.
4.2. Жүрүш туруш нормалары жана кылган иши айылдык деңгээлдеги жогорку болуп эсептелген наам менен дал келишпеген учурда (чыр чатак, мушташуу, арак ичип коомдук жайларда жүрүү ж.б.у.с.) жана ошол фактылар такталган учурда, жазуу түрүндо арыз тушкөндө айылдын «Ардактуу атуул» наамынан ажыратылат.
4.3. «Ардактуу атуул» наамын ажыратуу жашыруун добуш берүү менен аныкталат. Жалпы депутаттардын жарымынан кем эмеси (11) «Макул» добуш берсе.
4.4. Наамдан ажыратуу чечими кабыл алынган учурда наамды тастыктаган лента жана күбөлүк кайтарылып берилүүгө тийиш.
Добуш берүү тартиби.
5.1. Добуш берүү тартиби жабык турдо болот.
5.2. Добуш берүү бюллетеньде наам ыйгарылчуу атуулдун Фамилиясы. Аты.Атасынын аты жана алдына «Макул» жана «Каршы» деп жазылат.
5.3. Эгерде наам алуучулардын саны көп болсо, алфавит боюнча жазылып туштарына квадрат коюлат. Добуш берүү квадртка белгилөө менен жүрөт.
5.4. Ар бир талапкерге карата чыгарылган чечимдер жалпы депутаттардын жарымынан кем эмеси (11) «Макул» добушун берген учурда ишке ашырылат.
5.5. Кворум жалпы депутаттардын үчтөн экисинен (11) кем эмеси катышса чечим укуктуу болот.
5.6. Добуш берүүнүн жыйынтыгын эсептөө комиссиясынын чечими менен аныкталат.