Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-марты №6
Кара-Суу айыл өкмөтөнөн Кара-Суу айылынын айылдык Кеңешинин төрагасы Ж.Иманкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, жергиликтүү Кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык Кеңешинин 2015-жылдын 21-декабрындагы № 4 токтомунун негизинде Кара-Суу айыл аймагынын катаал климаттык шартын эске алып, жер аянттарын пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкасы өзгөртүүсүз калтырылсын.
2. Ушул токтом айыл аймактын каттоосунан өткөрүлүп, karasuu.org.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Ш.Кабаевге тапшырылсын.
Төрага | Ж. Иманкулов |