Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-августу №16
Ош шаарынын мэриясынын 2016-жылдын 8-августундагы “Ош шаарына караштуу Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын Жапалак жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2016-жыл үчүн жайыт акысын бекитүү жөнүндөгү” №309/08-6 катын карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2016-жылдын 29-июлундагы №22-токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жапалак жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2016-жыл үчүн жайыт акысы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.
Төрага | Ж. Ормонов |
Ош шаардык Кеңешинин
2016-жылдын 24-августундагы
кезектеги IV сессиясынын
№16-токтомуна №1-тиркеме
Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын Жапалак жайыт пайдалануучулар бирикмесине караштуу жайыттарына 2016-жыл үчүн жайыт акысынын өлчөмү
№ | Малдын түрү | 1 баш малга 1 сезон үчүн жайыт акысы, сом |
Жапалак айылдык башкармалыгынын тургундарынын мал-жандыгы үчүн | ||
1 | Чоң бодо мал | 125 |
2 | Жаш бодо мал | 87,50 |
2 | Жылкы | 125 |
3 | Кой-эчки | 25 |
Жайыт акысын аныктоо боюнча эсептөөлөр:
I. Жапалак жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2016-жыл үчүн чыгаша каражаттары.
К№ | Чыгымдардын статьялары | Суммасы, сом |
1.Жайытты жакшыртуу боюнча иш-чаралар | ||
1 | Ветеринардык борбор уюштуруу | 50000 |
2.Административдик чыгымдар | ||
2 | Бухгалтер менен төраганын эмгек акысы | 70000 |
3 | Социалдык чегерүүлөр | 10500 |
4 | Сапар чыгымдары | 5000 |
5 | Транспорттук чыгымдар | 20000 |
6 | Канцеляриялык чыгымдар | 2000 |
7 | Башка чыгымдар | 12347 |
3.Жайытты пайдалангандыгы үчүн жер салыгы | ||
8 | Жайытты пайдалангандыгы үчүн жер салыгы | 29653 |
| Бардыгы: | 199500 |
II. Эсептелген чыгашаларды жабуу үчүн Жапалак жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2016-жылга карата пландаштырылган
III. кирешеси 199500 сом
IV. Жапалак жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыттарында жайлоочу Жапалак айылдык аймактык башкармалыгындагы мал-жандыктардын саны.
К № | Малдын түрү | Саны, баш | Шарттуу мал башын аныктоо коеффициенти | Малдын шарттуу саны |
1 | Чоң бодо мал | 773 | 1 | 773 |
2 | Жаш бодо мал | 110 | 0,7 | 77 |
3 | Кой-эчки | 2980 | 0,2 | 596 |
4 | Жылкы | 150 | 1 | 150 |
| Бардыгы: |
|
| 1596 |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнундагы №386-токтому менен бекитилген “Жайыттарды пайдалануу үчүн акы белгилөө тартиби жөнөндөгү Жобого” ылайык бир шарттуу мал үчүн жайыт акысын аныктоо үчүн максаттуу кирешени мал башынын шарттуу санына бөлүү аркылуу аныкталат.
199500 : 1596 = 125 сом.
Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси | С. Маматалиева |