Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-августу №20
Кыргыз Республикасынын «Ош шаарынын статусу жөнүндө» мыйзамынын 13-беренесинин 4-пунктуна ылайык жана сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы Батыров Акбарали Таштанович жана социалдык-маданий өнүктүрүү жана жаштар саясаты маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы Осмонов Ашим Алымович айлык акы алып иштешет деп эсептелсин.
2. Токтом мыйзамда каралган тартипте каттоодон өткөрүлсүн (М.Давляев) жана жалпыга маалымдоо каражаттарында басылып чыксын (А.Эргашева).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары Ш.Зулимовго жүктөлсүн.
Төрага | Ж. Ормонов |