Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 24-августу №27
Ош шаарынын мэриясынын Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 17-сентябрындагы кезектеги XX сессиясынын №210-токтому менен бекитилген «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча келип түшкөн материалдарды, сунуштарды кароо боюнча комиссиянын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү» №292/08-6-катын карап жана талкуулап, шаардык Кеңештин курамынын өзгөргөндүгүнө байланыштуу, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 17-сентябрындагы кезектеги XX сессиясынын №210-токтому менен бекитилген «Ош шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу боюнча келип түшкөн материалдарды, сунуштарды кароо боюнча комиссиянын курамына өзгөртүүлөр киргизилип №1-тиркемеге ылайык окулсун (№1-тиркеме тиркелет).
2. Комиссиянын мүчөсү ээлеген кызматынан бошогондугуна байланыштуу комиссиянын курамынан чыккан учурда анын милдеттери жаңы дайындалган адамга өтөөрү белгиленсин.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мүлк, жер, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Н.Рашев) жүктөлсүн.
Төрага | Ж. Ормонов |
Ош шаардык Кеңешинин
2016-жылдын 24-августундагы
Кезектеги IV сессиясынын
№27-токтомуна №1-тиркеме
“Ош шаарынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча комиссиянын курамы
1. Аскаров З.М. -Ош шаарынын биринчи вице-мэри, комиссиянын төрагасы;
2. Зулимов Ш.М.. -Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басары, комиссиянын төрагасынын орун басары.
Комиссиянын катчысы:
3. Салибаева А.С. -Ош шаарынын мэриясынын уюштуруу иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башкы адиси.
Комиссиянын мүчөлөрү:
4. Кубатбеков И. -Ош шаардык Кеңешинин депутаты (макулдашуу менен
5. Арзиев Э.-Ош шаардык Кеңешинин депутаты(макулдашуу менен);
6. Назылбеков С.-Ош шаардык Кеңешинин депутаты (макулдашуу менен);
7. Осмонов А.-Ош шаардык Кеңешинин депутаты (макулдашуу менен);
8. Мамбетов К.-Ош шаардык Кеңешинин депутаты (макулдашуу менен);
9. Капаров И. -Ош шаардык Кеңешинин депутаты (макулдашуу менен);
10. Маматалиева С.К. -Ош шаардык кеңешинин аппарат жетекчиси;
11. Курмантаев Н.Ш. -Ош шаарынын мэриясынын уюштуруу иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысы;
12. Токобаева Б.Т. -Ош шаардык социалдык жактан коргоо башкармалыгынын башчысы;
13. Ормонова А. -«ДИА» коомунун жетекчиси.
Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси | С. Маматалиева |