Загрузка документа…
БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 31-октябры №7-1
Бел айыл өкмөтүнүн башчысы Казначиевдин отчетун угуп жана талкуулап Бел айылдык Кеңешинин (алтынчы чакырылышынын) кезектеги жетинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бел айыл аймагын социалдык-экономикалык жактан өнуктүрүү багытында Бел айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 9 айында аткарган иштери боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Казначиевдин отчету канааттандырарлык деп табылсын
2. Калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чараларды көрүү айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. 2017- “Ыйман,адеп жана маданият” жылын өткөрүү боюнча түзүлгөн иш-чаралардын толук аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл башчыларга,маданият кызматкерлерине жуктөлсүн.
4. Дыйкандардын улүштук жерлеринен,жарандардын огород участкаларынан чыккан сууларды качыруу,дренаждарды казып тазалоо,адамдарга коркунуч туудурган селканалдар боюнча тиешелүү мекеме-ишканаларга маалыматтарды берип,2018-жылдын бюджетине киргизүүгө аракет жасоо өзгөчө кырдаалдар боюнча адис М.Эргешовага милдеттендирилсин.
5. Аткарылбай келе жаткан тамчылытып сугаруу,күнөөсканаларды куруу боюнча берилген тапшырмаларды аткаруу менен которуштуруп айдоого м аани берип,эгилген эгиндердин түшүмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча тынымсыз аракеттерди көрүү жер адистин милдетин аткаруучу Абабакировго милдеттендирилсин.
6. Айыл өкмөтүнүн бекитилген бюджетин аткаруу боюнча ай сайын жеткирилген план-тапшырмаларды өз убагында аткарууну ,ижара акылардын өз убагында төлөнүүсүн камсыз кылуу ФЭБүнө тапшырылсын.
7. Социалдык коргоого муктаж болгогн жарандарга бөлүнгөн акча каражатын өз убагында даректуу адреске жеткирүу соц.адис Эркебаевага милдеттендирилсин.
8. Окуучуларга татыктуу тарбия ,сапаттуу билим берүү менен жаштарды патриоттулукка ундөө интернет булактары аркылуу ойнотулуп жаткан терс маанидеги оюндардан алыстатуу,болтурбоо боюнча ата-энелер менен биргеликте иш жургузүү жагы мектеп директорлоруна жүктөлсүн.
9. Калкты медициналык жактан тейлөөнун сапатын жогорулатуу,оорулардын алдын –алуу боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин алып баруу уй-бүлөлук дарыгерлер топторунун башчыларына тапшырылсын.
10. Жайыт пайдалангандыгы,сугат суудан пайдалангандыгы үчүн төлөнүүчү төлөм каражаттарын жыйноону аягына чыгуу жайыт комитетинин башчысы Абабакировго, СПАнын башчысы Кыргызаливге жүктөлсүн.
11. Пайдаланган электр энергиясынын карыздарын кыскартуу,бөлүнгөн лимиттерден ашыкча иштетпөөнү колго алуу,мектептерге тех условияларды алып берүү,бардык социалдык обьектилерге мамлекеттик акт алып берүү айыл өкмөтунүн башчысы Казначиевге жуктөлсүн.
12. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин айыл-чарбасы,экономика, бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тьапшырылсын.
Төрага | Сулайманов. Ш. Ж |
тиркеме
Бел айыл аймагынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсү боюнча 2017-жылдын 9 айында айыл өкмөтү тарабынан аткарылган иштер боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы Казначиев Калмамат Абдуулаевичтин айылдык Кенештин (алтынчы чакырылышынын) кезектеги жетинчи сессиясында жасаган
МААЛЫМАТЫ.
Урматтуу депутаттар! Айыл аймагында 2233 кожолукта 12096 калк жашайт. 3 орто,2 толук эмес орто,1 башталгыч класстардын мектеби,4 балдар бакчасы,2 үй-бүлөлук дарыгерлер топтору,1 байланыш бөлүмү жайланышкан. Айыл Өкмөтү өз ишин 2017-жылга түзүлгөн айыл Өкмөтүнун социалдык-экномикалык пландарында көрсөтүлгөн иш-чараларды жетекчиликке алып жүргузүп 2017-жылдын 9 айында төмөнкүдөй иштерди аткарууга жетишти.
АЙЫЛ ЧАРБАС Ы боюнча:
2017-жылдын түшүмү үчүн 795 га жерге буудай айдалып,орточто түшүмдүүлүгу 17 ц /га кайрак болсо,суулуу жер аянтынан түшумдүүлүк гектарына 25 ц/га ,150 га жерге арпа айдалып орточо түшүмдүүлүк 15,8 ц/га, 235 га жер аянтына жүгөрү айдалып орточо түшүмдүүлүк 68,2 ц/га,165 га жер аянтына картошка айдалып,жалпы түшүмдүүлук 165,2 ц/га,50 га жер аянтына май өсүмдүгүэгилип,орточо түшумдүулук 10.1 ц/га 97 га жер аянтына айдлалган жашылчанын орточо түшүмдүүлүгү 195,2 ц/га,5 га жер аянтына тамеки көчөттөрү отургузулуп,орточо түшүмдүүлүгү 26,5 ц/ганы түздү. 650 га жер аянтынан орточо түшүмдүүлүгү 27,0 ц/га тоют жыйналып алынды.
2018-жылдын түшүмү үчүн учурда 160 га кайрак ,10 га суулуу жер аянттарына буудай айдап себүү пландаштырылган.
Жайыт пайдалануучулар тарабынан салык төлөөнун тогуз айлык планы ашыгы менен аткарылганына карабастан аткарып жаткан иштеринде кемчилдиктердин орун алгандыгы байкалат.Жайыттан алынуучу салыктарды топтоо иштеринде кыйынчылыктар бар.Жайыт пайдалангандар салыктарын төлөбөй жатышат.Проект жазуу жолу менен 296,0 мин сомго эки булак ондолуп,тазаланып,үстү жабылып жарандар, жана мал –жандыктар суу ичүүгө ынгайлаштырылды. 2017-жылдын эсебинен трактор алуу үчүн акчасы которулуп,келишим тузүлгөн. Трактор декабрь айында келет деген үмүтүбүз бар. Ошондой эле Чили-Сайдагы “Чунак” көпүрөсу ремонттон өткөрүлду. Дыйкандарды сугат суусу менен камсыз кылуу багытында “Мүрөк” суу пайдалануучулар тарабынан иштер жургүзүлдү. Булар да суу салыктарын толтурууда толук кандуу иштей алышкан жок. Айыл аймагында күнөсканаларды куруу,тамчылатып сугаруу боюнча тапшырмалар берилгени менен аткарылбай жатат. Бул боюнча жер адистери , айыл башчылар кызыгып иш жургузүшкөн жок. Ошондой эле которушутуруп айдоого да маани берилбей жатат. Ижара акыларды топтоо иштеринде да кыйынчылыктар пайда болду.Ижарачыларга түшундүрүү иштери жүргузулгөндүгүнө карабастан ижара акыларды өз убагында төлөбөй жатышат. Ижара акыларын өз убагында төлөбөгөн ижарачылардын жер аянттары айыл өкмөтү тарабынан тартылып алынган жок,бирок бул ишти бир тартипке келтирүү зарыл
МАЛ ЧАРБАСЫ.
Мал чарбасы боюнча 2017-жылдын 1-январына карата малдын саны
Кара мал - 3696
Кой - 8181
Эчки - 1291
Жылкы - 543
Үй-канаттуулары - 7946 баш катталган.Малдын башын көбөйтүү жана асылдуулугун жогорулатуу боюнча бир катар иштер аткарылган. Жыл ичинде кара малдын шарп ыланына каршы эмдөө 980 баш,кара сан ыланына каршы 1250 баш,сибир жарасына эмдөө 1300 баш, бруцеллез ыланына каршы кан алып текшерүү 410 баш,жылкынын сибир жарасына эмдөө 440 ,паразитардык ыландарга каршы дарылоо 420 башка жургузулсө, майда жандыктьардан бруцеллез ыланына эмдөө 2300 башка,чума ыланына карша эмдөө 2400 башка,чечек оорусуна каршы эмдөө 6500 башка,паразитардык ыландароды эмдөө 1600 башка жургузүлгөн.Тооктордун чума”Н” ыланына каршы эмдөө 2120 башка,паразитардык ыландарды дарылоо 1900 башка жургузүлдү.ит-мышыктардын эхинокок оорусуна дары ичирүү 190 башка,кутурма оорусуна каршы эмдөө 190 башка жүргүзүлүп,145 дейди иттерди атып жок кылынды. 2000 баш кара малдар идентификацияланып компьютерге түшүрүлдү.
ӨНӨР ЖАЙ
Өнөр жай тармагы боюнча айыл аймагындагы ун тартуучу тегирмендер 49525 сомдук иш жургүзүшкөн болсо,жем тартуучу тегирмендердин бири ишин токтотуп, бири 2017-жылдын октябрь айына чейин 8800 сомдук иш аткарган. Май куючу эки ишкана октябрь айына чейин 3 39,0 мин сомдук иш аткарышып былтыркы жылга салыштырганда 659,0 мин сомдук көп жумуш аткарышкан. Кийим тигүүчуцех 41800 сомдук иш аткарып,былтыркы жылдан 8800 мин сомдук көпкө иш аткарган. Унаа дөнгөлөктөрүн желимдөөчү ишкана34900 сомдук иш аткарып,былтыркыга салыштырмалуу 36800 сомго аз аткарган, себеби ишкананын бирөөсү иштебей жабылып калган. Айыл аймагындагы мончолор 748,0 мин сомдук иш аткарган бул былтыркы жылга салыштырганда 601,5сомго көп,айыл аймагында бир ашкана иштеп 51900сомдук иш аткарып бул былтыркы жылга салыштырганда16600сомго аз,унаа ткетиктерин сатуучу ишкана өткөн жылдан120,2 сомго иш аткарган. Ал эми жыгач тилүүчү ишкананын бирөөсү 276,0 сомдук иш жүргүзсө , экинчиси жыл ичинде иш жүргүзгөн эмес. Айыл аймагындагы мебел жасоочу үч ишкана1 232,0мин сомдук жумуш аткарышкан.Пескоблок чыгаруучу эки ишкана быйылкы жылы 358 640 сомдук жумуш аткарышкан. Борбаш айылындагы кондитерский (нан азыктарын даярдоочу) ишкана 2017-жылдын март айынан ишке кирип 2017-жылдын октябрь айына чейин258,0 сомдук иш аткарды, же болбосо өнөр жай ишканалары 2017-жылдын октябрь айына чейин 27 649 545 сомдук кызмат кылышкан.
ИНВЕСТИЦИЯ
Айылга инвестиция тартууга тогуз ай ичинде айыл аймагында жеке ишкерлер тарабынан бир мончо бир , кондитерский (нан азыктарын даярдоочу) бир жамааттык бала бакчасы ачылып жалпы суммасы 990,0 сомдук инвестиция тартылган.
Борбаш айылындагы Күңгөй участкасына “Күңгөй-Нуру” башталгыч мектебинин курулушуна жергиликтүү бюджеттен 250,0, сырткы инвестиция Бүткүл дүйнөлүкЖаштар Ассамблясынын башчысы Саид Баюми тарабынан 5 100,0 ал эми жамааттар тарабынан 350,0 инвестиция тартылып “ Күңгөй-Нуру “ башталгыч мектеби бүткөрүлүп ишке киргизилди. Бел айылынын Жаш участкасына жамааттык бала бакчасына жергиликтүү бюджеттен 100,0 сом акча каражаты ал эми жамаат тарабынан 120,0сом акча каражаты каралып бакча толугу менен кайра ондолуп, ишке кирди. Бел айыл аймагындагы Таш-Булак бөлүмүнө суу чыгаруу боюнча проектти ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер көрулүүдө
СОЦИАЛДЫК ТАРМАК
Бел айыл аймагында жашаган кожолуктарга мониторинг жүргүзүлүп,аларда жашаган төмөнкүдөй категориядагы балдар аныкталган.
Баардык балдардын саны – 4588
1жаштан 7 жашка чейинки балдардын саны-1895
7жаштан 16 жашка чейинки балдардын саны-2139
16жаштан 18 жашка чейинки балдардын саны- 554
Мектептин окуучулары-1959
Балдар бакчасына барган балдар- 290
Кесиптик окуу жайларында окуган балдар- 5 Ата-энесинен ажыраган тоголок жетим балдар-2 Ата-энесинен ажыраган жарым жетим балдар-84 Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар -62
Турмуштук оор кырдалга кабылган балдар- жок
Мектепте окубаган балдар-жок
Иштеген (үзгүлтүксүз) иштеген балдар –жок.
Туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок балдар-1
Социалдык жактан коргоого муктаж болгон үй-бүлөлөргө жана башка жарандарга, жаш балдарга жергиликтүү бюджеттен социалдык жардам катары берилүүчү акча каражатынын сметасынын 2017-жылдын 9 айында аткарылышы боюнча маалымат.
№ | Социалдык коргоого муктаждар | Каражатты кароонун убактысы
| Соц жардам алуучу жарандардын саны | Сумма | Берилүүчү социалдык жардам (сом) | Аткарылды (сом) | Аткарыла элек (сом) |
1 | Кургак учук менен ооругандарга жардам | 2кварталда | 19 | 2 000 | 38 000 | 38 000 |
|
2 | Кургак учук менен ооругандардын мед айымдарынын кызмат акысы | 2кварталда | 2 | 3 000 | 6 000 | 6 000 |
|
3 | Инв коляска. жол акысы | Жыл ичинде | 1 | 2 000 | 2 000 | 1 000 | 1 000 |
4 | 1-июнь Балдарды коргоо күнүнө | 1-июнга | 87 |
| 5 000 | 5 000 |
|
5 | Жакыр үй-бүлөлөргө | Жыл ичинде | 7 | 2 000 | 14 000 | 2 000 | 12 000 |
6 | 1-октябрь Карыялар күнүнө | 1-октябрга | 20 | 250 | 5 000 | 5 000 |
|
7 | Пограбленияга | Жыл ичинде | 1 | 4 000 | 4 000 |
| 4 000 |
8 | Карыяларга баатыр энелерге | Октябрь айында | 10 | 1 000 | 10 000 | 10 000 |
|
9 | 3-декабрь майыптар күнүнө | 3-декабрга | 166 |
| 10 000 |
| 10 000 |
10 | 1-декабрь ВИЧ СПИД күнүнө | 1-декабрга | 9 | 3 000 | 27 000 | 27 000 |
|
11 | 12-май энелер күнүнө | 2 кварталда | 20 | 500 | 10 000 | 10 000 |
|
12 | Баары |
|
|
| 131 000 | 104 000 | 27 000 |
Толтурулган 1294 социалдык паспорттун негизинде кожолук аз камсыз болгон үй-бүлө деп табылып,_420 кожолукка мамлекеттик жөлөк пул чегерилген. Борбаш айылындагы Жыргалбек уулу Ырыскелдиге коляска алынып берилди. 2016-жылы документтери тапшырылган 5 энеге “Батыр-Эне” ордени келди 2017-жылы 8 эненин документтери тапшырылды.Калкты жумуш менен камсыз кылуу максатында Бүткүл Дүйнөлук Азык-Түлүк программасы менен 46 проект жазып,1420 адам иш менен камсыз болушту Алар негизинен дыйканчылыкты,багбанчылыкты,чеберчиликти жана ун азыктарын кайрадан иштетүүнү окуп үйрөнүштү.Иш менен камсыз болгон 1420 адам эмгек акылары үчүн дүйнөлук азык-түлүк программасы аркылуу 143455 кг ун жана 13552 кг май алышты.
ЖОЛДОРДУ ЖАНА КӨПҮРӨЛӨРДҮ ОНДОО
Бел айыл аймагынын Борбаш айылы менен Күнгөй бөлүмүн байланыштырган 820 метр жолго Борбаш айылынын тургуну Турдуев Алмаз демөөрчүлүк кылып шагал төшөгөн.
Маккамбаев Ибайдилла атындагы көчөгө көчөнүн жашоочулары тарабынан 50,0мин сом топтолуп,айыл өкмөтү тарабынан 60,0 сомдук акча каражаты бөлүнүп,жалпысы 110,0мин сомдук шагал төгүлүп тегизделди.
Кенеш көчөсүнүн жашоочулары өздөрунун демилгеси менен 500 метрге,Мусаев Темирбай атындагы көчөнун жашоочулары өздөрунүн демилгеси менен 300 метрге,Ыйман көчөсүнүн жашоочулары 900 метр ге шагал төгуп тегиздешти.
Бел айылынын кире беришинен Нишанов Турдубай жана Исхак Разаков атындагы көчөлөрүнүн башына чейин аралыкка айыл өкмөтү тарабынан 65,0 сом акча каражаты бөлүнуп берилип шагал төгүлүп тегизделди. Бел айылынын Додон бөлүмүндөгү Шамуратов Гыламидин атындагы көчөнун 130 м жерине демөөрчү Маматов Данияр тарабынан шагап төгүлүп тегизделди.
Бел айылындагы Матраимов Зиядин атындагы көчөгө айыл өкмөтү тарабынан 30,0 мин сом акча каражаты бөлүнүп,шагал төгүлүп тегизделсе, көчөнүн жашоочулары тарабынан 68,0 мин сомдук жаны көпүрө салынып,пайдаланууга берилди.
Бел айылында көчөлөрдү асфальтоо боюнча айылдык кенештин депутаты Асамидин уулу М аксаттын демилгеси менен атайын фонд уюштурулуп ал эми айыл өкмөтүнүн бюджетинен 643,0 мин сом акча каражаты бөлүнүп берилип айылдагы Султанов Токтомат,Анарбаев Кочкор жана Жунусов Малабай атындагы көчөлөрдү асфальтоо иштери башталганы турат. Ош –Исфана унаа жолунун бойлорундагы кызыл сызыктан өтүп кеткен курулуштар боюнча атайын комиссия тарабынан текшерүү жүргузүлүп,курулуш ээлерине эскертүүлөр берилди. Ноокат –Кызыл-Кыя автожолунун Бел.жана Борбаш айылдарынын ортосундагы бузулган жолго Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы аким Д.Маматалиевдин демилгеси менен шагал төгүлүп,асфальтоо иши толугу менен аяктады.Борбаш айылындагы Жээнбаев жана Ой-Талаа көчөлөрүндөгү,Күнгөй айылына жана жарандардын үлүштүк жерлерине өтүүчү селден жабыркаган көпүрөлөрдү калыбына келтируу иштери жергиликтүү бюджеттен 196,1 сом акча каражаты бөлүнүп ,калганы проектин эсебинен жүргузүлүп жатат. Бел айылынын Кашка участкксындагы жашоочуларды электр жарыгы менен камсыз кылуу үчүн айыл аймагындагы бош турган 18 даана столбалар жылдырылып,электр чубалгылары тартылып,трансформаторго уланып ишке киргизилди. Тегирмен-Башы бөлүмүнө таштандыларды төгүүгө чункур казылды. Ноокат райондук архитектура башкармалыгынын кызматчылары менен биргеликте Молдо-Маширап көчөсүндөгү ,Маштар бөлүмүндөгү жарандардын арыздарынын негизинде көчөлөрү иретке келтирилди. Бел айылындагы Г.Эргешов атындагы орто мектебине өтүүчү чон жолго “Абайлагыла балдар” деген жол белгилери жана жөө адамдар өтүүчү сызыкчалар сызылды.Жергиликтүү бюджетен 142,0 сом акча каражаты бөлүнүп берилип Борбаш айылынын көчөлөрүнө шагал төшөлүп грейдер менен тегизделди.
2 017-жылы Бел айылынын Күнгөй селканасынын 260 метр,Борбаш айылындагы Күнгөй селканасынын 250 метр жери өзгөчө кырдаалдар Министрилигинин Ноокат райондук бөлүмү тарабынан тазаланды.Азыркы учурда Бел айылынын Ой бөлүмүндөгү дыйкандардын үлүштүк жерлеринен суу чыгып,эгиндерин өтө кыйынчылык менен жыйноого туура келсе,Борбаш айылынын Күнгөй участкасындагы элдердин огороддорунан суу чыгып үйлөрүнө коркунуч жаратууда. Бул маселелерди чеч үү биринчи кезектеги милдетибиз.
БЮДЖЕТ.
Айыл өкмөтүнүн жыл башында бекитилген бюджетин, толтуруу боюнча тынымсыз аракеттер жүргүзүлүп, бюджеттин аткарылышы 9 айда төмөнкүдөй көрсөткүчтү камсыз кылды.
Бел айыл Окмотунун 2017-жылдын октябрь айына чейинки |
| ||||||||||
жыйналган салыктардын маалыматы.
1 чейрек |
|
2 чейрек |
|
|
3чейрек |
| |||||
салыктын туру | план | аткарылганы | % | план | аткарылганы | % | План | аткарылганы | % | ||
КБФ Ижара акысы | 53,5 | 6,4 |
| 73,5 | 69,4 |
| 120,9 | 134,5 |
| ||
Ыктыярдуу патент | 92,5 | 89,2 |
| 182,5 | 205,2 |
| 275,2 | 317,3 |
| ||
Милдетуу патент | 3,5 | 10,0 |
| 3,5 | 20,0 |
| 4,8 | 24.0 |
| ||
Жер салыгы | 72,2 | 226,7 |
| 141,7 | 318,0 |
| 213,9 | 386,8 |
| ||
А/эмес баг жер салык | 21,3 | 50,2 |
| 34,3 | 90,3 |
| 68,4 | 113,7 |
| ||
Кыймылсыз мулк | 22,1 | 27,2 |
| 35,0 | 63,4 |
| 56,0 | 69,3 |
| ||
транспорт салыгы | 160 | 223,1 |
| 420,5 | 401,9 |
| 609,9 | 831,1 |
| ||
тамарка салыгы | 62,1 | 99,8 |
| 78,1 | 155,4 |
| 174,0 | 204,6 |
| ||
таштанды жыйымы | 126,4 | 66,6 |
| 82,0 | 106,2 |
| 0,0 | 0 |
| ||
баардыгы | 613,6 | 799,2 | 130 | 1051,1 | 1429,8 | 136 | 1605,1 2188,1 | 136,3 | |||
Айыл аймагында 3 жалпы билим берүүчү орто мектеп,1 толук эмес орто мектеп,1 башталгыч мектеп орун алган болсо,башталгыч мектеп толук эмес орто мектеп деген статуска ээ болду. Бүткүл дүйнөлүк жаштар Ассамблясынын колдоосу менен Борбаш айылынын Күнгөй бөлүмүнө “Күнг өй-Нуру” башталгыч класстардын мектеби курулуп,жаны окуу жылына пайдаланууга берилди Г.Эргешов атындагы Бел-Өрук орто мектеби ысык тамакка өтүп жатат. Кышка карата толугу менен даяр.
Айыл аймагындагы “Жоогазын-Нуру” балдар бакчасында жергиликтуу бюджеттен 100,0 сом бөлүнүп терезелери толугу менен жаны үлгүдөгү терезелер менен алмаштырылды. Бала бакчанын алдына беседка куруу үчүн тендер өткөрүлүп 60,0 сом каралды. Камкорчулардын эсебинен жылытуу системалары жылдырылып жаныланды.
“Күн- Балдары” балдар бакчасы жергиликтүү бюджетен 150,0 сомдук акча каражатын иштетип,бала бакчанын терезелерин жаны заманбап терезелер менен алмаштырышты.
Тимурлан-Алым балдар бакчасы беседка салуу үчүн тендерге катышып 79,5 мин , бакчанын ичине суу киргизүу үчун 60,0 мин сомго тендер өткөрүлгөн.Бала бакчанын материалдык-т ехникалык базасын чындоо үчүн май айында марафон өткөрүштү Камкорчулардын эсебинен суу кетүүчү латоктору цементтелип ондолду,бакчанын алдындагы аянт цементтелди.
САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО
Бел айыл аймагынын калкын медициналык жактан тейлөөдө №19-22-үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун кызматкерлери иш жүргузүшөт. Уй-бүлөлүк дарыгерлер топторунда 4 дарыгер, 20 медицииналык кызматкерлер,8 кенже медициналык кызматкерлер,тез жардам бөлүмүндө 3 фельдшер,2 айдоочу 3 тиш дабагери эмгектенишет. Алар калктын саламаттыгын сактоодо,жугуштуу оорулардын алдын алуу багытында “Кыргыз Республикасындагы жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндөгү” мыйзамдарынын талаптарын аткаруу боюнча бир топ иш аракеттерди жасашкан.Калк арасында түшундүрүү иштерин тынымсыз жүргүзүп келишүүдө. Калк арасындагы оорулардын алдын алуу максатында айыл аймагындагы калктын төмөнкү катмарларына : пенсионерлер, талаада эмгектенгендер, мектеп окуучулары,5 жашка чейинки балдар,төрөт жашындагы аялдарга алдын ала кароолор жүргузүлгон. Мектеп окуучулары 97% ке чейин камтылган. Оорулуу окуучулардын саны табылган оорулардын өз убагында талаптуу денгээлде дарыланып көзөмөлдөнгөндугүнө байланыштуу 6,4% тен 3,1 %ке чейин аздаган.Гипертония оорусу менен ооруган жарандардын арасынан инфаркт жана инсульт болгондордун саны 1,4%тен 0,7 %ке чейин аздаган.өнөкө бронхит оорусу менен ооругандарга рецепт боюнча дарылар жазылып берилгендиктен, кабылдап кетүү аздаган. Калк арасында жүрөк кан тамыр оорулары,аз кандуулук ооруларынын көбүрөк таралгандыгы аныкталган. Негизги себеби адамдардын туура эмес тамактануусунан,кыймылдын аздыгынан жана стресстин көбөйүүсүнөн болуп жатат. Пневмания оорусу быйылкы жылы көп катталган . Жугуштуу оорулардын таралуусунун негизги себептеринин бири айылда таза суунун жоктугу. Аз кандуулуктун көп болуусу айылда көпчүлүк калктын туура эмес/ чайдын көп ичилүүсу/ жана жетишсиз тамактануусуна.жаш балдардын арасында мите курттардын көп таралуусуна байланыштуу. Калк арасында туберкуллез оорусунун азайбай жаткандыгы миграциянын жогору болуп жаткандыгына байланыштуу болуп жатат, анткени 2017-жылдын 5 айында табылган 6 оорулуунун 4 өөсүу мигранттар. АИВ инфекциясы менен 8 жаран каттоодо турат. Бирөөсү дарылануудан баш тартып Россия Федерациясына кетип калган. Бирөөсү текшерүүдөн өтүүдөн баш тартат,бирок дарыларын өз убагында ичет. Мамлекеттик кепилдик программасынын негизинде жана ММК кошумча программасынын негизинде ооруларды дары-дармек менен арзандатып камсыз кылуу максатында жыл ичинде оорууларга рецептер жазылып берилет. Калк арасында 18 жолу лекциялар окулган,1305 жолу сүйлөшүүлөр өткөрүлгөн,медициналык кызматкерлерге өтүлгөн сабактардын саны 10, чыгарылган сан бюллтендердин саны 10.
КЫЛМЫШТУУЛУКТУН АЛДЫН АЛУУ
Айыл аймагында 2017 –жылдын 9 айында 9 уурулук ,3 мал уурулук,6 майда уурулук катталып толугу менен бети ачылган. 56 жаранга админи стративдик жазаналар салынган.Мектеп окуучуларынын арасында кылмыштуулуктун жана диний экстремизмдин,интернет булактары аркылуу пайда болуп жаткан оюндардын алдын алуу м аксатында түшүндүрүү иштерин жүргузүү багытында айылдык жыйын Г.Эргешов атындагы Бел-Өрук орто мектебинде 2017-жылдын 16- февралында өткөрулгөн.
Калкты пенсия,пособие менен камсыз кылууда №14-Борбаш байланыш бөлүмү иш жүргүзөт .Алар 465 жөлөк пул алуучуларга, 376 пенсионерлердин акчаларын өз убагында жеткирип берүү иштерин аткарып келе жатышат .Азыркы учурда “Таза Коом” долбоорунун негизинде калктын жарандык абалдын актыларын каттоону жана паспорттук каттоо иштерин жүргузүүнү башташты.Кошумча оператор жана күзөтчү жумуш орду берилди. Бүгүнкү күндө пенсия,пособиелер ар ай сайын өз учурунда берилип жатат, Келген кат-кабарлар ээлерине өз учурунда жеткирилип турат.
Калкты таза суу менен камсыз кылуу багытында жүргузулүп жаткан иштерде кемчилдиктер арбын.Таза суу каналдагы сууга уланган. Көпчүлүк суу чорголору иштебейт.Айыл Өкмөтүнун баланссасына алынбагандыктан,аны ондоп тузөө иштерине жетерлик суммада акча каражаты бөлунбөгөнү менен быйылкы жылы Борбаш айылындагы резеруар ондоого 40,0 сом,Бел айылынын Кашка участкасынасуу чыгаруу үчүн 232,0 сомдук трубалар алынып берилди. Пайдаланган электр энергиясынын төлөмдөрун өз убагында төлөп туруу боюнча тушундурүү иштери жургүзүлуп жатат.
Жаштарды патриоттуулукка тарбиялоо багытында бир топ иш-аракеттер аткарылды: Жаштарды армияга жазгы чакыруу учурунда 8 бала жөнөтүлгөн,13 бала альтернативдик кызмат кылууга калтырылып ,жазгы план толугу менен аткарылды.
Күзгү чакырууда 8 баланы жөнөтүү керек болсо,8 бала армияга кетти,12 бала альтернативдик кызматка калтырылды.
Паспорт боюнча 1994-жылкы үлгүдөгү 4 жарандын пасорту жаны үлүдөгү ID паспортуна алмаштырылды.
Бел айыл өкмөтүнүн башчысы | К.А. Казначиев |