Загрузка документа…
МАЙДАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 9-декабры № 48
Майдан айыл аймагынын айыл Кеңешинин типтүү регламентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына ылайык жана Майдан айыл Кеңешинин уюштуруу документтерин мыйзам талаптарына ылайык келтирүү максатында Майдан айыл аймагынын айыл Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майдан айыл аймагынын айыл Кеңешинин Регламенти Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын негизинде иштелип кабыл алынып бекитилсин.( Регламент тиркелет)
2. Юридикалык жактын аталышы:
- мамлекеттик тилде: Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши-мекемеси.
- расмий тилде: учреждение Айылный Кеңеш Майданского айылного аймака.
3. Юридикалык жактын дареги: Баткен облусу,Кадамжай району, Майдан айылдык аймагы Кара-Жыгач айылы.
4. Майдан айыл аймагынын айылдык Кеңеши мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл Кеңешинин жооптуу катчысы Досан уулу Шермаматка жүктөлсүн.
Төрага | К. Курмушуев |
| Майдан айыл кеңешинин 17 -сессиясынын 2016-жылдын «09» декабрь күнгү № 48-токтому менен бекитилген |
Майдан айыл Кенешинин
РЕГЛАМЕНТИ
Жалпы Жобо
Майдан айыл аймагынын айыл Кеңешинин ыйгарым укуктары
Майдан айыл аймагынын айыл Кеңешинин сессиясы
Майдан айыл аймагынын айыл Кеңешинин депутаттарынын сессия учурундагы укуктары жана милдеттери
Жашыруун жабык добуш берүүнү уюштуруунун тартиби
Майдан айыл аймагынын айыл Кеңешининин туруктуу жана убактылуу комиссиялары
Майдан айыл аймагынын айыл Кеңешинин туруктуу комиссияларынын ыйгарым укуктары
Майдан айыл аймагынын айыл Кеңешинин туруктуу комиссияларынын жыйналыштары
Майдан айыл аймагынын айыл Кеңешинин ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылуу
Майдан айыл аймагынын айыл Кеңешинин ченемдик укуктук актылары
Майдан айыл аймагынын айыл Кеңешинин төрагасы
Майдан айыл аймагынын айыл Кеңешинин төрагасынын орун басары
Регламентти бекитүү,өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүүнүн тартиби
Майдан айыл аймагынын айыл Кеңешинин ыйгарым укуктарынын токтотулушу
1. Жалпы Жобо
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына ылайык, Майдан айыл аймагынын айыл Кенеши (мындан ары – айыл кеңеш) - Майдан айыл аймагынын айыл Кенешитин депутаттарынан турган, төрт жылдык мөөнөткө түзүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы.
Айыл кеңеш жалпыга бирдей, тең жана тике шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш берүү менен шайлануучу депутаттардан турат. Айыл кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүүнү тартиби мыйзам менен аныкталат.
Депутаттын ыйгарым укуктарын төмөндөгүлөрдүн кызмат оруну менен айкалыштырууга болбойт:
1) айыл Өкмөтүнүн башчысынын жана анын орун басарынын;
2) айыл кеңештин жооптуу катчысынын;
3) айылдын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын кызматкеринин;
4) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын;
5) Өкмөт мүчөсүнүн же мамлекеттик кызматчынын.
1.4. Айыл кеңштин сандык курамы шайлоо өткөрүлгөн 2012-жылдын 25-ноябрына карата абал боюнча Майдан администрациялык-аймактык бирдиктин калкынын статистикалык маалыматтарына ылайык саны боюнча 21 депутаттан турат.
1.5. Депутаттык мандат төш белги жана аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы (төрайымы) кол койгон күбөлүк менен ырасталат.
1.6. Депутаттык мандатты колдонуу төмөндөгүдөй учурларда токтотулушу мүмкүн:
1) туруктуу жашоосунда депутаттык функцияларын натыйжалуу жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүк бербеген башка жерге туруктуу жашоого көчүп кеткенде;
2) депутаттык ыйгарым укуктарын ыктыярдуу тапшырганда;
3) Мыйзамда каралган кызматтарды айкалыштырууга мүмкүнчүлүк болбогон кырдаалдар пайда болгондо;
4) депутаттык мандатты адам тарабынан белгиленген тартипти бузуу менен алынгандыгы билингенде (шайлоонун натыйжалары анык эмес деп табылганда же шайлоонун натыйжалары четке кагылганда);
5) депутат соттун чечими боюнча аракетке жөнжөмсүз же жөндөмдүү чектелүү деп табылганда;
6) депутат өлгөндө же ал дайынсыз жок же өлдү деп жарыялоо жөнүндөгү соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;
7) жыл ичинде кеңештин сессияларына жүйөөлүү себептерсиз үчтөн ашуун катышпаганда;
8) депутатка карата соттун айыптоочу өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;
9) кеңеш таркатылганда.
Айыл кеңештин депутаты кеңештин сессияларында же туруктуу комиссиялардын же айыл кеңеш тарабынан түзүлгөн башка органдардын жыйналыштарында жеке кызыкчылыгын, башкача айтканда өзү, анын жубайы, ата-энеси, балдары, бир туугандары жана эже, карындаш-сиңдилери үчүн материалдык пайданы көздөгөн маселени (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысын шайлоого тиешелүү маселелерден тышкары) кароого катышууга жана добуш берүүгө тийиш эмес.
Айыл кеңеши өз иш-милдеттерин аткарууну Мыйзамда жана ушул регламентте белгиленген мөөнөттө өткөрүлүүчү биринчи сессиясынын күнүнөн тартып аткара баштайт жана өз ишин кийинки чакырылыштагы жергиликтүү кеңештин биринчи сессиясы өткөрүлгөн күнү токтотот.
Айыл кеңештин юридикалык жак болуп саналат жана мыйзамдар менен өзүнүн компетенциясына таандык кылынган ар кандай маселелерди өз алдынча чечүүгө укуктуу. Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына каршы келген учурда Айыл кеңештинтин чечимдерин жокко чыгаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
1.10. Айыл кеңештин жергиликтүү мамлекеттик администрация менен өз ара мамилелери иш-милдеттеринин чегин ажыратуу, кеңешке жана жергиликтүү мамлекеттик администрацияга өздөрүнө таандык жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ыйгарым укуктарды берүү принцибинин негизинде түзүлөт. Мамлекеттик бийлик органдары айыл кеңештин компетенциясына кирген маселелерди чечүүгө кийлигишүүгө укуксуз. Айыл кеңеш жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын компетенциясына кирген маселелерди чечүүгө кийлигишүүгө укуксуз. Аймактардын кызыкчылыктарына тиешелүү маселелер боюнча айыл кеңеш сессиянын ишине, туруктуу комиссиялардын жыйналыштарына катышу үчүн тиешелүү министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрүн чакыра алат. Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы аймакты өнүктүрүүнүн турмуштук манилүү маселелери боюнча өз чечимдерин айыл кеңеш менен консультациялашат жана жазуу жүзүндө макулдашат.
1.11. Айыл кеңеш өзүнүн ишин, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн ченемдик, укуктук актыларынын жана ушул регламентинин негизинде жүргүзүлөт.
1.12. Айыл кеңештин регламенти айыл кеңештин иштерин уюштуруу тартиптерин белгилейт, уюштуруучулук жана укуктук негиздерин, туруктуу жана убактылуу комиссияларын, структурасын түзүү жана сессияны чакыруу мөөнөттөрүнүн тартибин аныктайт.
1.13. Айыл Кеңештин уюштуруу-укуктук формасы – мекеме
1.14. Толук аталышы: мамлекеттик тилде – «Майдан айыл аймагынын айыл Кеңеши» мекемеси, расмий тилде – Учреждение «Айылный Кенеш Майданского айылного аймака».
1.15. Айыл Кеңештин жайгашкан жери: Кыргыз Республикасы, Баткен облусу, Кадамжай району, Кара-Жыгач айылы.
2. Айыл Кеңешинин ыйгарым укуктары
2.1. Айыл кеңеш Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына ылайык төмөндөгү маселелерди карайт жана токтом кабыл алат.
1) жергиликтүү маанидеги маселелерди башкаруунун тартибин белгилөө;
2) жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жана бюджеттен тышкаркы фонддордун пайдаланылышы жөнүндө маалыматты угуу;
3) аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык жактан коргоонун программаларын бекитүү жана алардын аткарылышын контролдоо;
4) жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана жеңилдиктерди киргизүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда алар боюнча ставкаларды аныктоо;
5) жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануунун жана ага ээлик кылуунун тартибин аныктоо, анын ичинде муниципалдык менчиктин обөектилерин менчиктештирүү программаларын бекитүү жолу менен аныктоо, муниципалдык менчиктин пайдаланышына контролду ишке ашыруу;
6) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тиешелүү аткаруу органынын иши жөнүндө отчетту угуу;
7) мыйзамдарда белгиленген учурларда депутаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу;
8) жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү;
9) тиешелүү мамлекеттик бийлик органдарына киргизүү максатында администрациялык-аймактык түзүлүш боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
10) кеңештин төрагасын, анын орун басарын шайлоо, аларды кызмат орундарынан бошотуу, кеңештин төрагасынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келүүчү чечимдерин жокко чыгаруу;
11) кеңештин регламентин кабыл алуу;
12) өз чечимдеринин аткарылышына контролдук кылуу;
13) Өкмөт тарабынан аныкталуучу типтүү ченемдердин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын штаттык сан-эсебин жана түзүмүн бекитүү;
14) муздак сууну, канализацияны, жылуулук менен камсыз кылууну пайдалангандык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катуу тиричилик таштандыларын жыйнагандык, ташып чыгаргандык жана жок кылгандык үчүн тарифтерди бекитүү;
15) алкоголдук ичимдиктерди жана тамеки буюмдарын сатуунун, ырым-жырымдарды өткөрүүгө тыюу салганга чейинки чектөөлөрүн аныктоо;
16) ирригациялык тармактарды, өңдөгө жана үй жанындагы участкаларды күтүүнүн тартибин аныктоо;
17) жергиликтүү жамааттын уставына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка маселелерди чечүү.
2.2. айыл кеңештин сессияларында кошумча иретинде төмөндөгүдөй маселелер чечилет:
1) айыл Өкмөтүнүн башчысын шайлоо;
2) Мыйзамда белгиленген тартипте айыл Өкмөтүнүн башчысына ишенбестик билдирүү;
3) тиешелүү район үчүн мыйзамдарда базалык ставканын базасында эсептелген айыл аймагы үчүнн белгиленген жер салыгынын жалпы суммасынын чегинде топурактын бонитетинин баллдарын эсепке алуу менен айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдалангандык үчүн салыктын жиктелген ставкаларын аныктоо;
4) айыл чарбасына жарактуу жерлерди, чөп чабындыларды кайра бөлүштүрүү фонддорун, ижарага берүүнүн тартибин аныктоо.
3. Айыл Кеңештин сессиясы
3.1. Айыл Кеңештин сессиясы анын ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук формасы болуп эсептелет.
3.2. Айыл Кеңештин сессиясы кеңештин жыйналышы депутаттардын жалпы санынын кеминде жарымы катышса, укук ченемдүү болот.
Айыл кеңеш, эгерде мыйзамда башкача каралбаса, айыл кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен чечим кабыл алат.
3.3. Жаңы шайланган айыл кеңештин биринчи сессиясы мурдагы чакырылган кеңештин төрагасы тарабынан айыл кеңештин депутаттарын шайлоодон кийин эки жумалык мөөнөттөн кечиктирилбестен чакырылат. Айыл кеңештин биринчи сессиясын айыл кеңештин курагы боюнча улуу депутаты ачат.
3.4. Айыл Кеңештин сессиялары ачык, кварталына, кеминде бир жолу айыл Кенештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн биринин талабы боюнча өткөрүлөт.
3.5. Айыл Кеңештин сессиялары коомчулук үчүн ачык. Ар бир жаран айыл кеңеш тарабынан бекитилген регламентке ылайык сессияларга катышууга укугу бар.
Айыл Кеңеш, эгерде каралуучу маселе мыйзамдарга ылайык мамлекеттик сырга таандык болсо, жабык сессияны өткөрүү жөнүндө чечим кабыл ала алат. Айыл кеңеш сессиялардын датасы жана күн тартиби жөнүндө жарандарды алдын ала кабардар кылуу боюнча бардык чараларды көрүүгө, алардын сессияга кириши үчүн бардык шарттарды түзүүгө, ошондой эле көрүлгөн чаралар тууралуу жергиликтүү жамаатка маалымдоого милдеттүү.
3.6. Кеңештин сессиясы ар бир кварталда бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
3.7. Кеңештин төрагасы сессия өткөрүлө турган күнү, убактысы, күн тартиби жана сессия өтөөчү жай тууралу 3 күндөн кечиктирбей Кеңештин депутаттарына билдирет. Ошондой эле сессияда каралуучу маселелер боюнча туруктуу комиссияныны чечимдеринин, токтомдун долбоорун Кеңештин депутаттарына 3 күндөн кечиктирилбей таратылат.
3.8. Кеңештин кезексиз сессиясы Кеңештин төрагасы (төрайымы), Кеңештин туруктуу комиссиялары же Кеңештин жалпы депутаттарынын 1/3 бөлүгүнүн сунушу менен чакырылат.
3.9. Депутаттар тарабынан кезексиз сессияны чакыруунун сунушу жазуу түрүндө карала турган маселелерди көрсөтүү менен кезексиз сессияны өткөрүү зарылдыгы тууралу Кеңештин төрагасына берилет.
3.10. Иш-план боюнча Кеңештин сессиясына материалдарды иш планда бекитилген жооптуу адамдар даярдайт. Ал эми пландан тышкары каралуучу маселелер боюнча маселени кароону сунуш кылган жактар даярдайт.
3.11. Кеңештин чечими менен кеңештин компетенциясына кирген маселелерди даярдоо үчүн депутаттардан, адистерден, коомдук уюмдардан жана алардын өкүлдөрүнүн турган жумушчу топ түзүлүшү мүмкүн.
4. Айыл Кеңештин депутаттардын сессия учурундагы укуктары жана милдеттери
4.1. Сессиянын жумушчу органдарын шайлоого, шайланууга жана ал органдарына өзүнүн талапкерлигин сунуштоого.
4.2. Күн тартибин иштөө тартиптери боюнча сунуштарды берүүгө, аны добушка койдурууга.
4.3. Сессиянын токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды сунуш кылууга жана добушка койдурууга.
4.4. Айыл Кеңештин компетенциясына кирген маселелер боюнча мекеме ишканалар ж.б. органдардын жетекчилеринин отчетторун угууну күн тартибине киргизүүнү сунуштоого.
4.5. Ыйгарым укуктарына ылайык депутаттык изилдөө, текшерүү жүргүзүү үчүн сессиянын чечимин чыгарууну сунуштоого.
4.6. Сессиянын регламентин жана иштөө тартибин толук сактоого.
4.7. Депутаттарга сессиянын жумушчу органдарына, чакырылгандарга сын мамиле жасоого (орой мамиле жасоого, аброюна шек келтирүүгө жол берилбейт).
4.8. Сессиянын ишине активдүү катышууга жана ар бир талкууланган маселенин чечилишине өзүнүн жекече пикирин сактоо менен добуш берүүгө.
5. Жашырун жабык добуш берүүнү уюштуруунун тартиби
5.1. Айыл Кеңештин 1-сессиясынын чечими менен жашыруун добуш берүүнү уюштуруу жана өткөрүү боюнча саны 3 депутаттан турган эсептөө комиссиясы түзүлөт.
5.2. Эсептөө комиссиясы өз чогулушунда, мүчөлөрүнө иш бөлүштүрөт (төрагасын (торайымын), мүчөлөрүн бекитет), добуш берүү бюллетенинин, добуштарды берүү ящигин жана бөлмөлөрдө жабык добуш берүүнү жүргүзүүгө даярдайт.
5.3. Сессияга катышып жаткан депутаттардын тизмесин тактап, ар бир депутаттын өз-өзүнчө добуш берүүсүн камсыз кылат. Эсептөө комиссиясы тарабынан жашыруун добуш берүүнүн эрежелерин толук сактоолору милдеттүү. Добуш берүүнү баштоонун алдында, эсептөө комиссиясы добуш берүүнүн тартиби менен депутаттарды тааныштырат.
5.4. Айыл Кеңештин төрагасына көрсөтүлгөн талапкер бюллетенге алфавиттик тартип менен жазылат. Добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгаруу, бюллетендерди эсептөө добуш берилген жайда жүргүзүлөт.
5.5. Бюллетенге талапкерлердин фамилиясы, аты, атасынын аты паспорт же өздүк документи боюнча толтурулат, бюллетенге башка маалыматтар жазылбайт.
5.6. Ар бир кандидатуралар боюнча "Колдогону", "Каршы" болгону жана "бузулган" бюллетендер боюнча жыйынтыгы чыгарылып, эсептөө комиссиясынын токтому түзүлүп, сессияда бекитилет.
5.7. Төраганын орун басарлыгына сунушталган талапкер ачык добушка коюлат. Добушту саноону, жыйынтыктоону эсептөө комиссиясы жүргүзөт.
5.8. Сессияга катышкан депутаттардын эң көп добушуна ээ болгон талапкер Айыл Кеңештин төрагасынын орун басары болуп шайланат.
Айыл Кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссиялары
6.1. Айыл Кеңештин туруктуу комиссиялары кеңештин карамагына таандык маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо, ошондой эле кеңештин чечимдерин ишке ашырууга катышуу, ушул чечимдердин ведомстволук аймакта жайгашкан мекемелер жана уюмдар тарабынан аткарылышына контролдук кылуу үчүн түзүлөт. Кеңеш тарабынан ошондой эле зарыл болгон учурда убактылуу комиссиялар да түзүлөт.
6.2. Комиссиялардын тизмеги, алардын сандык курамы жана шайлоонун тартиби Айыл Кеңеш тарабынан аныкталат. Кеңеш ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн ичинде зарылчылыкка жараша, жаңы туруктуу комиссияларды түзө алат, мурда түзүлгөндөрүн таратат жана кайра уюштурат, алардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизе алат.
6.3. Туруктуу комиссиялар тиешелүү айыл кеңештин депутаттарынын ичинен түзүлөт. Айыл кеңештин туруктуу комиссияларынын курамына кеңештин төрагасы (төрайымы) жана анын орун басары шайланышы мүмкүн эмес.
6.4. Туруктуу комиссиялар төраганы шайлайт. Комиссиялар өзүнүн ишинин негизги багыттары боюнча кичи комиссияларды түзө алышат.
6.5. Туруктуу комиссиянын жана кеңештин төрагасынын (төрайымынын) сунушу боюнча айыл кеңеш туруктуу комиссиялардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизет.
6.6. Комиссия мүчөсүнүн ыйгарым укуктары кеңеш тарабынан анын өтүнүчү боюнча, ошондой эле ал өзүнүн милдеттерин аткарууга мүмкүндүк болбогон жагдайларга байланыштуу мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн.
6.7. Айыл Кеңештин туруктуу комиссиялары өзүнүн ишине окумуштууларды, адистерди, практик кызматчыларды, дагы башка адамдарды тартууга укуктуу.
6.8. Айыл Кеңештин туруктуу комиссиялары өзүнүн компетенциясына таандык маселелер боюнча тиешелүү чечимдерди кабыл алат.
6.9. Айыл Кеңештин туруктуу комиссиялары ведомстволук аймакта жайгашкан уюмдар менен мекемелердин оперативдүү чарбачыл ишине кийлигишүүгө укуксуз.
7. Айыл Кеңештин туруктуу комиссияларынын ыйгарым укуктары
7.1. Айыл Кеңештин туруктуу комиссиялары:
1) кеңештин кароосуна киргизилүүчү экономикалык, социалдык жана тиешелүү улуттук маданий өнүгүүгө байланышкан маселелерди даярдоого катышат;
2) айылаймактын социалдык-маданий жана өндүрүштүк инфраструктурасын өнүктүрүү, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негизин чыңдоо боюнча кеңешке сунуштарды киргизет.
3) өзүнүн аймагын экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана бюджеттин пландарынын долбоорлорун, пландардын аткарылышы жана бюджеттин толтурулушу жөнүндө отчетторду алдын ала карайт, алар боюнча өздөрүнүн сын-пикирлерин даярдайт, зарылчылык туулса, аларды кеңешке киргизет.
4) айыл Кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдердин аткарылышына жана регламенттин талаптарынын аткарылышы сакталышына контролду ишке ашырат;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана тиешелүү кеңештин регламенти аркылуу сунушталган башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
7.2. Айыл кеңештин туруктуу комиссиялары өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациясынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана тиешелүү аймакта жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилерин жана адистерин угууга укуктуу.
8. Айыл Кеңештин туруктуу комиссияларынын жыйналыштары
8.1. Айыл Кеңештин туруктуу комиссияларынын жыйналыштары комиссиялардын иш планына ылайык чакырылат.
8.2. Туруктуу комиссиялардын жыйналыштарына кеңеш берүүчү добуш укугу менен ушул комиссияларга мүчө болуп эсептелбеген депутаттар катыша алат.
8.3. Бир нече туруктуу комиссиянын карамагына кирген маселелер комиссиялардын демилгеси боюнча, ошондой эле айыл кеңештин тапшырмасы боюнча комиссиялар тарабынан даярдалат жана бирге каралат.
8.4. Туруктуу комиссиялардын бардык мүчөлөрү бирдей укуктардан пайдаланышат.
9. Айыл Кеңештин ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылуу
9.1. Айыл Кеңештин ишин уюштуруучулук жактан камсыз кылуу Майдан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аппаратына жүктөлөт.
9.2. Айыл Кеңештин аппараттарынын ишин материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу – Майдан айыл аймагынын айыл өкмөтүнө жүктөлөт.
10. Айыл Кеңештин ченемдик укуктук актылары
10.1. Айыл Кеңештин карамагына таандык маселелер боюнча чечимдери, мыйзамдарда башка тартип каралган учурларды кошпогондо, шайланган депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Айыл Кеңештин чечимдери токтом түрүндө чыгарылат да, кеңештин төрагасы тарабынан кол коюлат.
10.2. Өз ыйгарым укуктарынын чегинде кабыл алынган айыл кеңештин чечимдери тиешелүү аймакта турган бардык жарандар, мамлекеттик бийликтин аймактык органдары, ошондой эле мыйзамдарда белгиленген ыйгарым укуктарынын чегинде менчигинин түрүнө карабастан бардык ишканалар, уюмдар жана мекемелер тарабынан аткарылууга милдеттүү.
10.3. Айыл Кеңештин ченемдик укуктук актылары Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте күчүн кирет.
10.4. Айыл Кеңештин чечимдери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте четке кагылышы же күчүн жоготту деп табылышы мүмкүн.
11. Айыл Кеңештин төрагасы
11.1. Айыл Кеңештин төрагасы кеңештин сессиясында жергиликтүү кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө жашыруун добуш менен депутаттардын ичинен шайланат.
11.2. Өзүнүн милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда, депутаттардын үчтөн биринин демилгеси боюнча айыл Кеңештин шайланган депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экисинин көпчүлүк добушу менен айыл кеңештин төрагасы (төрайымы) ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн.
11.3. Айыл Кеңештин төрагасы өзүнүн милдеттерин коомдук негизде, бирок айыл кеңешинин сессияларынын ишинин мезгилине бир жолку компенсация алуу менен аткарат.
11.4. Айыл Кеңештин төрагасы:
1) айыл Кеңештин сессиясын чакырат;
2) сессияларга төрагалык кылат;
3) айыл Кеңештин чечимдерине кол коет;
4) айыл Кеңеш тарабынан жүктөлгөн башка милдеттерди аткарат.
11.5. Айыл кеңештин төрагасы (төрайымы) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө расмий өтүнүч жасайт.
12. Айыл Кеңештин төрагасынын орун басары
12.1. Айыл Кеңештин төрагасынын орун басары сессияда айыл кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен депутаттардын ичинен шайланат.
12.2. Айыл Кеңештин төрагасынын орун басары кеңештин төрагасынын тапшырмасын аткарат, ал жок болгон же өз милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүгү болбогон учурда анын ордуна иштейт.
12.3. Айыл Кеңештин төрагасынын орун басары өзүнүн ээлеген кызмат ордунан айыл кеңештин депутаттарынын үчтөн биринин демилгеси боюнча шайланган депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бошотулушу мүмкүн.
12.4. Айыл Кеңештин төрагасынын орун басары өзүнүн ишин коомдук башталыштарда жүзөгө ашырат.
13. Регламентти бекитүү, өзгөртүүлөрдө жана толуктоолорду киргизүү тартиби
13.1. Депутаттар тарабынан регламентке өзгөртүү, толуктоо киргизүүгө сунуш бере алат. Сунуштар атайын түзүлгөн жумушчу топто каралат.
13.2. Айыл Кеңештин регламентин депутаттардан турган жумушчу топ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштеп чыккандан кийин кеңештин сессиясында бекитүүгө коюлуп, сессияга катышкан депутаттардын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
14. Айыл Кеңештин ыйгарым укуктарынын токтотулушу
14.1. Айыл Кеңештин ыйгарым укуктары айыл Кеңештин жаңы курамы түзүлүшүнө, кеңеш мөөнөтүнөн мурда таркатылышына байланыштуу токтотулат.
14.2. Айыл Кеңеш мөөнөтүнөн мурда төмөндүгүдөй учурларда таркатылышы мүмкүн:
1) айыл Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын добуштарынын үчтөн экиден кем эмес көпчүлүгү тарабынан кабыл алынган чечим боюнча;
2) Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» жана «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндү» мыйзамдарында каралган учурларда, Премьер-министрдин же Борбордук шайлоо комиссиясынын сунушу боюнча Президент тарабынан;
3) Майдан айыл аймагынын чек араларынын өзгөрүлүшүнө алып келген кайра уюштуруу учурларында.
14.3. Өзүн-өзү таркатуу жөнүндө айыл кеңештин чечими кеңештин төрагасы тарабынан Жарлык чыгаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине жиберилет.
14.4. Чек араларын өзгөртпөстөн администрациялык-аймактык бирдиктин атын өзгөртүү кайра уюштуруу болуп саналбайт жана айыл кеңешти таратууга алып келбейт. Кыргыз Республикасынын Президентинин кайра уюштурууга байланыштуу айыл кеңешти таратуу жөнүндө Жарлыгы, эгерде Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын өзүндө башкача мөөнөт каралбаса, тиешелүү администрациялык-аймактык бирдик жөнүндө мыйзам күчүнө кирген күндүн тартып 10 күндөн кечиктирилбестен чыгарылышы керек.
14.5. Айыл Кеңеш мөөнөтүнөн мурда таркатуунун жогоруда корсотулгон
учурларынын кайсынысында болсо да Президенттин мөөнүтүнөн мурда таркатуу жөнүндө Жарлыгы расмий жарыяланган күндөн тартып таркатылды деп эсептелет.
14.6. Айыл Кеңеш мөөнөтүнөн мурда таркатылган учурларда мүлктүн жана документтеринин сакталышына жоопкерчиликти – Майдан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы өз мойнуна алат.