Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 29-сентябры № 38/2
Тогуз-Булак айылынын көчөлөрүнө ысым коюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19-август 2008-жылдагы № 467 токтомунун жобосунун негизинде Корул айыл өкмөтүнүн Тогуз-Булак айылындагы айыл өкмөтүнүн имаратынан баштап, Акушова Токтобүнүн үйүнө чейинки аралыкты Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Маматалиев Акуш атындагы көчө деп атоо жөнүндө
Корул айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тогуз-Булак айылындагы айыл өкмөтүнүн имаратынан баштап, Акушова Токтобүнүн үйүнө чейинки аралык Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Маматалиев Акуш атындагы көчөсү болуп аталсын.
2. Көчөгө аты коюлган инсандардын жакын туугандары Корул айыл өкмөтүнүн башчысы А.Кадыров менен көчөнүн тазалыгын жана көчөнүн жарыгын колго алуу боюнча келишим түзүлсүн.
3. Көчөнү кайрадан каттап берүү жагы Алай райондук жер кадастры жана кыймылсыз мүлктөрдүн укуктарын каттоо башкармалыгы тарабынан мамлекекттик каттоодон өткөрүү жагы суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук укук тартибин, этиканы чыңдоо жана улуттук каада-салттар боюнча туруктуу комиссиянын курамына жана Тогуз-Булак айылынын айыл башчысынын милдетин аткаруучу М.Эрмаматовго милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Маназаров |