Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-октябры № 39/5
Тогуз-Булак айылынын Таш-Кыя участкасындагы көчөгө ысым коюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19-август 2008-жылдагы № 467 токтомунун жобосунун негизинде Корул айыл өкмөтүнүн Таш-Кыя участкасындагы Урустамов Манастын үйүнөн баштап, Жолдошов Таалайбектин үйүнө чейинки аралыкты Осмонов Жумабай атындагы көчө деп атоо жөнүндө
Корул айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Кыя участкасындагы Урустамов Манастын үйүнөн баштап, Жолдошов Таалайбектин үйүнө чейинки аралыкты Осмонов Жумабай атындагы көчөсү болуп аталсын.
2. Көчөгө аты коюлган инсандардын жакын туугандарына көчөнүн тазалыгын жана көчөнүн жарыгын колго алуу жагы милдеттендирилсин.
3. Көчөнү кайрадан каттап берүү жагы Алай райондук жер кадастры жана кыймылсыз мүлктөрдүн укуктарын каттоо башкармалыгы тарабынан мамлекекттик каттоодон өткөрүү жагы суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук укук тартибин, этиканы чыңдоо жана улуттук каада-салттар боюнча туруктуу комиссиянын курамына жана Тогуз-Булак айылынын айыл башчысы М.Эрмаматовго милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Маназаров |