Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-октябры № 39/9
Тогуз-Булак айылындагы Бой-Булак магазининен Тепши-Чаты участкасындагы көчөгө ысым коюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19-август 2008-жылдагы №467 токтомунун жобосунун негизинде Корул айыл өкмөтүнүн Тогуз-Булак айылындагы Бой-Булак магазининен баштап, Тепши-Чаты участкасындагы Кадыров Узакбайдын жана Өмүрзаков Акылбектин үйүнө чейинки аралыкты Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Ибраимов Бапы атындагы көчө деп атоо жөнүндө
Корул айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тогуз-Булак айылындагы Бой-Булак магазининен баштап, Тепши-Чаты участкасындагы Кадыров Узакбайдын жана төштөгү Өмүрзаков Акылбектин үйүнө чейинки аралыкты Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Ибраимов Бапы атындагы көчөсү болуп аталсын.
2. Көчөгө аты коюлган инсандардын жакын туугандарына көчөнүн тазалыгын жана көчөнүн жарыгын колго алуу жагы милдеттендирилсин.
3. Көчөнү кайрадан каттап берүү жагы Алай райондук жер кадастры жана кыймылсыз мүлктөрдүн укуктарын каттоо башкармалыгы тарабынан мамлекекттик каттоодон өткөрүү жагы суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук укук тартибин, этиканы чыңдоо жана улуттук каада-салттар боюнча туруктуу комиссиянын курамына жана Тогуз-Булак айылынын айыл башчысы М.Эрмаматовго милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Маназаров |