Редакцияот 26.10.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Корул айылдык Кеңешинин 5-чакырылышынын 39- кезексиз заседаниеси

 

2016-жылдын 26-октябры № 39/10

1-Май айылынын Олжоке участкасындагы көчөгө ысым коюу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19-август 2008-жылдагы №467 токтомунун жобосунун негизинде Корул айыл өкмөтүнүн 1-Май айылынын Олжоке участкасындагы Асыранов Сагынбайдын, Маматов Айтинин үйүнөн баштап, Төрөканов Дөөлатбектин үйүнө чейинки аралыкты Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Маматов Асыран атындагы көчө деп атоо жөнүндө

Корул айылдык Кеңешинин заседаниеси

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 1-Май айылынын Олжоке участкасындагы Асыранов Сагынбайдын, Маматов Айтинин үйүнөн баштап, Төрөканов Дөөлатбектин үйүнө чейинки аралыкты Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Маматов Асыран атындагы көчөсү болуп аталсын.

2. Көчөгө аты коюлган инсандардын жакын туугандарына көчөнүн тазалыгын жана көчөнүн жарыгын колго алуу жагы милдеттендирилсин.

3. Көчөнү кайрадан каттап берүү жагы Алай райондук жер кадастры жана кыймылсыз мүлктөрдүн укуктарын каттоо башкармалыгы тарабынан мамлекекттик каттоодон өткөрүү жагы суралсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук укук тартибин, этиканы чыңдоо жана улуттук каада-салттар боюнча туруктуу комиссиянын курамына жана 1-Май айылынын айыл башчысы К.Закировго милдеттендирилсин.

 

Төрага

Т. Маназаров