Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-октябры № 39/13
Кең-Жылга айылынын Ак-Талаа участкасындагы көчөгө ысым коюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19-август 2008-жылдагы №467 токтомунун жобосунун негизинде Корул айыл өкмөтүнүн Кең-Жылга айылынын Ак-Талаа участкасындагы Апазбеков Гүлчоронун үйүнөн баштап, Дайирбаев Момунжандын, Аматбеков Абдибектин үйүнө чейинки аралыкты Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Аматбеков Абласан атындагы көчө деп атоо жөнүндө
Корул айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кең-Жылга айылынын Кең-Жылга айылынын Ак-Талаа участкасындагы Апазбеков Гүлчоронун үйүнөн баштап, Дайирбаев Момунжандын, Аматбеков Абдибектин үйүнө чейинки аралыкты Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Аматбеков Абласан атындагы көчөсү болуп аталсын.
2. Көчөгө аты коюлган инсандардын жакын туугандарына көчөнүн тазалыгын жана көчөнүн жарыгын колго алуу жагы милдеттендирилсин.
3. Көчөнү кайрадан каттап берүү жагы Алай райондук жер кадастры жана кыймылсыз мүлктөрдүн укуктарын каттоо башкармалыгы тарабынан мамлекекттик каттоодон өткөрүү жагы суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук укук тартибин, этиканы чыңдоо жана улуттук каада-салттар боюнча туруктуу комиссиянын курамына жана Кең-Жылга айылынын айыл башчысы А.Аматбековго милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Маназаров |