Загрузка документа…
КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 16-ноябры № 40/4
Тогуз-Булак айылынын Сай участкасындагы Абдиев Каримбердинин эски үйүнөн Маманов Муктаржандын үйүнө чейинки аралыктагы көчөгө ысым коюу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19-август 2008-жылдагы №467 токтомунун жобосунун негизинде Корул айыл өкмөтүнүн Тогуз-Булак айылынын Сай участкасындагы Абдиев Каримбердинин эски үйүнөн Маманов Муктаржандын үйүнө чейинки аралыкты Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Топчубаев Маматкарим атындагы көчө деп атоо жөнүндө
Корул айылдык Кеңешинин заседаниеси
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тогуз-Булак айылынын Сай участкасындагы Абдиев Каримбердинин эски үйүнөн Маманов Муктаржандын үйүнө чейинки аралыкты Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Топчубаев Маматкарим атындагы көчө деп аталсын.
2. Көчөгө аты коюлган инсандардын жакын туугандары Корул айыл өкмөтүнүн башчысы А.Кадыров менен көчөнүн тазалыгын жана көчөнүн жарыгын колго алуу боюнча келишим түзүлсүн.
3. Көчөнү кайрадан каттап берүү жагы Алай райондук жер кадастры жана кыймылсыз мүлктөрдүн укуктарын каттоо башкармалыгы тарабынан мамлекекттик каттоодон өткөрүү жагы суралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук укук тартибин, этиканы чыңдоо жана улуттук каада-салттар боюнча туруктуу комиссиянын курамына жана Тогуз-Булак айылынын айыл башчысынын милдетин аткаруучу М.Эрмаматовго милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Маназаров |